ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 2-январдан 8-январга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада жумуштарыңыздын көптүгүнөн достор, жакын санаалаштар менен жолугууга дээрлик убакыт болбойт. Азырынча эл көп чогулган жерлерде болбогонуңуз туура. Жугуштуу оорулардан сак болуңуз, ооруп калсаңыз дарыланууңуз узакка созулуп калуусу мүмкүн. Айымдар бейтааныш адамдан күтүлбөгөн сюрпризге ээ болушат. Жылдыздар апта ичинде алыска сапарга чыгууну көздөп жаткандарга сапарын кийинки жумага жылдырууну сунушташат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Никедеги өнөктөшүңүз менен түшүнбөстүктөр жаралып, көз карашыңызды жеткиликтүү кылып түшүндүргөнгө аракет кыласыз, бирок майнап чыкпайт. Бул кырдаалда эң жакшы нерсе – олуттуу баарлашууну кийинкиге жылдырып туруңуз. Сүйүүсүн активдүү издеген бойдоктор виртуалдык дүйнөдө кыялданган адамын табышат. Рулда жүргөндөр жолдо этият болушу шарт, жеңил жаракат алып калуу коркунучу бар.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада ден соолугуңузга кам көрүшүңүз керек, суук тийгизип иммунитетиңизди алсыздандырып албаңыз. Камкордукка муктаж кары жакындарыңызга кол сунасыз. Сүйүүдө кызматтагы роман мамилеси жокко чыгарылбайт. Башкысы, мамиле куруудан мурун ал адам тууралуу кененирээк маалымат билип алганыңыз туура. Эс алуу күндөрү сүйүктүүңүздүн каалоосу менен корпоративдик кечеге баруудан баш тартасыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үй-бүлөлүү бөйөндөр бала тарбиялоодо ашыкча катаал мамиле жасоодон алыс болушу керек. Бала сиз каалагандай болууга милдеттүү эмес, катачылык кетирсе уруп-чаппай, акырын гана туура жол көрсөтүп коюу сиздин милдет. Апта ортосунда жубайлык мамилелер жакшырат, балким, жубайыңыз сизди жагымдуу сюрприз менен таң калтырат. Кыз-жигит мамилесиндеги түгөйлөр бири-бирине буга чейин айтпай келген сырларын ачыкташат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Көптөн бери оюңузда бышырып жүргөн пландарыңызды ишке ашырууга бел байлайсыз. Ал эми жакында турмушка чыгып, кайын ата-энеси менен чогуу бир үйдө жашагандар үчүн кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Белгилүү бир маселелер боюнча пикир келишпестиктерди чыр-чатакка жеткирбөөгө аракет кылыңыз. Эс алуу күндөрү үй-жайыңызды иреттеп, керексиз буюмдарды ыргытыңыз, муну менен жашооңуздагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн эшигин ачасыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жаңы адамдар менен байланыш түзүү, көз карашыңыз дал келбеген тааныштардан кол үзүү үчүн ыңгайлуу убакыт. Жашооңузда маанилүү орду бар адам менен мамилеңизди токтотушуңуз мүмкүн. Бойдоктордо сүйүү мамилесинде жандануу болот, бирок болочоктогу жан шеригиңизди табууда сокур сезимдер менен эмес, акыл менен чечим чыгарганыңыз туура. Эс алуу күндөрү көптөн бери көрө элек дос-туугандар менен жолугуп, чер жазасыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптанын биринчи жарымында катуу аракет кылбасаңыз деле акча агылып келе баштайт. Кумар оюндарынан алыс болуп, каржылык пирамида өңдүү шылуундардын тузагына түшүп калбаңыз. Сүйүктүүңүзгө белек тандоодо алдын ала ага эмне жагарын билип алганыңыз оң, болбосо сиз даярдаган сюрприз ага жакпай калышы ыктымал. Үй-бүлөлүү таразаларда жан шериги менен түшүнүшүү, бири-бирин колдоо күч алып, мамилелер камкордукка жана сүйүүгө толот.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада үй-бүлөлүк чыр-чатакка орун бербөө үчүн үйдөн тышкары көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Мисалы, билим берүү курстарына барыңыз же бир нече күнгө жакындарыңыздын жанына барып тыныгуу алсаңыз болот. Жаңы таанышуулар үчүн ыңгайлуу учур, бирок жеке кызыкчылыгы бар адамдардын курмандыгы болуп калбаңыз. Суук тийүү ыктымалдыгы жогору, жылуу кийинип, оорунун симптомдорун байкасаңыз дароо медициналык жардам алыңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жеке жашооңуздагы өзгөрүүлөр тууралуу азырынча эч кимге ачык айтпаганыңыз туура, убактысы келгенде айтасыз. Апта ортосунда каржылык абалыңыз жакшырат. Жакындарыңыз кымбат белек же кандайдыр бир акчалай жардам берип сизди таң калтырышы мүмкүн. Балдарыңыз болсо, алардын эмне каалап жатканын сурап, ишке ашырса мүмкүн болгон каалоолорун аткарып коюңуз, өздөрүн бактылуу сезип, ыраазычылыгын билдиришет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Каржы маселесинде кыйынчылыктарга кабылышыңыз мүмкүн. Мисалы, жумушка керек болгон тиричилик техникасы же компьютер кокусунан бузулуп калышы ыктымал. Апта ортосунда сырткы келбетиңизди, анын ичинде кийинүү стилиңизди, чач жасалгаңызды өзгөртүп такыр башка адам болуп чыга келесиз. Карызга акча берүү сунушталбайт, акчаңызды кайтара албай убара болосуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Максатыңызды ишке ашыруу үчүн көп кыйынчылыктар күтүп турат. Бирок сизде амбиция, өжөрлүк жетиштүү, андыктан аракет кыла берсеңиз ийгилик жылмаят. Жакын адамыңыздан өзү тууралуу толук айтылбай калган маалыматтарды ачыктоону талап кыласыз. Бирок басым жасабаңыз, ал сырын айткандан көрө сиз менен мамиле түзүүдөн баш тартам деп чыгат. Виртуалдык таанышуулар ийгилик алып келбейт.


БАЛЫК (20.02-20.03

Апта башында көрө албас адамдардын жалаасына кабылып аброюңузду коргоого мажбур болосуз. Олуттуу маселелерди чечүү үчүн ылайыктуу учур эмес. Чыгармачыл балыктар бир окуядан таасирленип ал окуя шедевр чыгарма жазганга негиз боло алат. Көп сүйлөшпөй калган досторуңуз менен кайра байланыш түзүп, мамилеңизди жаңыртасыз. Келечекке пландарды түзүү үчүн да ыңгайлуу учур.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан