МАНДАРИН – БАЙЛЫКТЫН СИМВОЛУ

Жаңы жылдык дасторконго мандарин коюу узак мезгилден бери бул майрамдын салты катары эсептелип келет. Жыты менен майрамдык маанайды жаратуучу мандариндин Жаңы жыл менен кандай байланышы бар?

Мандариндин көптөгөн сорту жана гибриди бар. Түпкү мекени– Кытай жана Азиянын түштүк-чыгышындагы Индокытай жарым аралы. Мандарин – бул португал сөзү, илгери португалдар минтип кытай империясындагы чиновниктерди аташчу. Сөзмө-сөз которгондо “министр” дегенди билдирет. Бул цитрус жемиш эмне үчүн мандарин аталып калган? Бул жаатта бир нече көз караш бар. Алардын бири боюнча алсак, кытай чиновниктери аталган жемишти өстүрүшкөн. Дагы башкасында кытай чиновниктери кызгылт-сары кийимдерди кийишкен, мандариндин да өңү ошондой болгондуктан мандарин аталып калган делет.

Жаңы жылда мандаринди дасторконго коюу салты да илгери Кытайда жаралган. Кытайлар сыртынан мандарин ири алтын тыйын сымал көрүнгөндүктөн үйгө байлык алып келет деп ишенишкен. Бири-бириникине конокко барганда аларга бакыт, байлык каалап жок дегенде экиден мандарин беришкен. Үй ээлери да конокторун узатып жатып алардын баштыктарына мандарин салып беришкен. Бул “сиз бизге эмнени кааласаңыз, биз да сизге ошону каалайбыз” деген маанини берген.

Айрым маалыматтарда бара-бара бай адамдарды кытайлар “мандарин” деп атай башташкан деп да берилет.

Илгери бул жемиш Кытай менен Индокытайда гана өссө, кийин климаты ылайык келген өлкөлөр да өстүрө баштаган. Европага 19-кылымда алып келе башташкан. Орусия аймагына да ошол кылымда белгилүү болгон.

Мандариндин бышуу мөөнөтү Түркияда декабрь, Испанияда ноябрь-декабрга, Мароккодо декабрдын 15инен кийинкиге туш келет. Аталган жактан алып барылган жемиштер ошондуктан Европада декабрда сатыкка чыгып, эл аны Жаңы жылга карата жаңы жылдык дасторконго коюшкан. Муну улуулар да, кичүүлөр да сүйүп жешкен. Ушул себептүү жүрүп-жүрүп мандарин Жаңы жылдын символуна айланып кеткен. Кытайда болсо бышуу мөөнөтү сентябрь-октябрга туш келет.

Учурда мандаринди эң көп өстүргөн өлкөлөрдүн саны бир топ. Мисалы, 2020-жылы Кытай 23 миллион 120 миң тонна, Испания 2 миллион 172 тонна, Түркия 1 миллион 585 миң тонна, Египет 968 миң тонна жемишти дүйнөлүк рынокко чыгарган.

Организмге пайдасы

Жемиштин курамында суу, белок, май, углевод, витаминдерден – B1, B2, B3, B5, B6, аскорбин кычкылы (С витамини), микроэлементтерден – кальций, темир, магний, фосфор, калий, натрий жана башкалар бар. Андыктан кышында организмди витамин, микроэлементтер менен камсыздап, аскорбин кычкылынын эсебинен иммунитетти жогорулатат. Аскорбин кычкылы денедеги ууларды да чыгарарын айта кетели.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан