Аида Исатбек кызы, Жогорку Кеңештин депутаты: «ПАРЛАМЕНТТИН АБАЛЫН ТИКТОК АРКЫЛУУ КӨРСӨТҮП ЖАТАМ»

Аида Исатбек кызы – парламентте эң жаш депутат айым. “Тикток тарткан депутат” атыгып көпчүлүктүн жемесинде калган да жайы бар. Ал “жаш катмардан депутат болуп келген соң жаштарга жакын болуу максатында аларга ылайыктуу контент тартайын, парламенттин ашканасын көрсөтөйүн деп Тикток тартып баштагам” дейт. Ачык, шайыр депутат менен кызыктуу баарлашуу болду.

– Саламатсызбы, Аида? 2022-жыл сизге кандай кубаныч, капачылыктарды тартуулады, кепти ушундан баштасак...

– Саламатчылык, маекке чакырганыңыздарга чоң рахмат! Өтүп кеткен жыл тууралуу айтсам, жеке мен үчүн жемиштүү жылдардан болду. Ата-энем, бир туугандарым, жолдошум, бала-чакам жанымда, баары аман-эсен, ден соолуктары чың. Эң жаш депутат айым катары мандат алдым. Азыноолак эл көйгөйүн парламенттен айтып, айрым маселелерди чечип жатам. Коён жылы элге пайдалуу иштерди жасаганга мага көп мүмкүнчүлүк берет деген ишеничтемин.

– Депутаттыкка жол эмнеден башталды?

– Чынында, эч качан депутат болууну кыялданган эмесмин. Өлкөбүздө тынымсыз төңкөрүш, революциялар болуп жатпадыбы. Ушундай абалда ичиңден “биз каякка баратабыз? Өнүгөбүзбү? Балдарымдын келечеги кандай болот?” деген суроолор менен түйшөлөт экенсиң. Депутаттыкка ат салышып көрүү идеясы мага аң-сезимдүү ой жүгүртүүдөн кийин келди. 2020-жылы бийлик алмашып, кайра шайлоо болот дешкенде аракет кылып көрөйүн дедим. Бирок 100 пайыз шайлана алам деп ойлогон эмесмин. 28-ноябрь күнү шайлоого барып, добушумду бердим. Ошол күн өтпөй аябай кабатыр болгонум эсимде. Ичиңде жеңишке болгон үмүт жашаса деле баары бир тынчсыздануу сезими болот экен. Ошентип 4000ге жакын добуш алып “Ынтымак” партиясынан депутат болуп келдим. Кудай мага өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга мүмкүнчүлүк берди деп ойлойм. Буюрса, алдыда көп иштерди жасайбыз.

– Сизди “Тикток тарткан депутат” катары тааныйбыз. Бирок бул аракетиңизди “депутат да Тикток тартабы?” деп жеңил-желпи нерсе көрүп сындагандар бар.

– Ооба, андай сындарды угуп жүрөм. Бирок көпчүлүк менин Тикток тартканыма көнүп деле калышты. Биз азыр XXI кылымда жашайбыз, социалдык тармактар жакшы иштейт, жаштардын баары ошол жакта отурат. Мына ошол жаштарды парламенттин ашканасы менен тааныштырайын, бизде эмне маселелер көтөрүлүп, талкууланып жатат, көрсөтөйүн деген максат болчу. Тикток тартууга мени командам көндүрдү, өзүм башында чочулап жаттым, сунуштагандан кийин 2 ай ойлонуп анан чечим кабыл алгам. Эмнеге Тикток тарттым? Анткени командам бардык социалдык тармактарды анализдеп чыгышты, жаштардын көбү ушул социалдык тармакта отурушат экен. Анан айрымдар муну терс жакка бурмалоого аракет кылып жатышпайбы, бул туура эмес. Тиктоктон да пайдалуу маалымат алса болот. Болгону пайдалуу баракчаларга катталыш керек. Өз дарегиме айтыла турган сындарга даяр болчумун, эл өкүлү болгондон кийин жакшы да, жаман да сөздөрдү укканга туура келет. Андыктан сындар айтылып, адамдар реакция кылып турганын туура эле көрүнүш катары эсептейм.

– Ош облустук филармониясынын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын ишин сындап чыкканыңыздан кийин, ал сизди “аброюма шек келтирди, кечирим сурасын” деди эле. Кечирим сурадыңызбы?

– Жок, мен эмнеге кечирим сурамак элем? Гүлшайыр Садыбакасованын аброюна шек келтирчү эч кандай жаман сөз айткан эмесмин. Чыгармачылыгы тууралуу үн каткан жокмун. Болгону депутат катары Ош облустук филармониясынын бүгүнкү күндөгү абалын сындадым. Аны айтуу менин милдетим. Ал сындарды эжекебиз кандай кабыл алат, өзүнүн эрки. Бирок мен парламенттен бул маселени көтөрүп максатыма жеттим, анткени ушул тапта филармониянын тегерек-чети тазаланып, оңдоо иштери жүрүп жатыптыр.

– Сизди "кыргыз тилин жакшы билбейт" деп көп сындашат, эне тилде эркин сүйлөөгө аракет барбы?

– Кичинемден орус мектепте окудум, кийин чүйлүк жигитке турмушка чыктым. Кайната, кайненемдер да орусча сүйлөгөн адамдар, анан албетте, парламентке келип эле адабий тилде шатыратып сүйлөй албайт экенсиң. Дарегиме ушундай сындар көп айтылгандыктан, азыр Кудайга шүгүр, кыргызча сүйлөгөнүм бир топ жакшырып, парламентте оюмду кенен-кесири түшүндүрүп айта алам.

Өнүккөн өлкөлөрдө эки же андан көп расмий тилдер бар. Мисалы, Швейцария 4, Бельгия менен Голландия 3 расмий тилди колдонушат. Чет тили биздин жарандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Ошондуктан Кыргызстан да убагы келгенде эл аралык англис тилине расмий тил статусун берет деп ишенем. Ошол эле учурда эне тилибиздин статусу Конституцияда мамлекеттик тил бойдон калышы керек деп ойлойм.

– Жакында биздин гезит уюштурган иш-чарада Аяз кыздын образында балдарга белек таратып келдиңиз. Аяз кыз болгон жактыбы?

– Ооба, такыр башкача сезимдер. Адам өзүнүн жасаган жумушунан ырахат алганы дал ушундай иштерде билинет. Баёо сезим балдардын үмүтү, ишеними, кубанганы, күлкүсү, кичинекей белекке да ыраазы болгону энелик сезимдеримди козгоду. Аларга мээрим төгүп кучагыма кыстым. Ооба, айрымдар сындашты, “депутат болгондон кийин Аяз кыздын формасын кийбей эле барса болмок”, “формасы жарашпаптыр” дегендер болду. Бирок бул сындарды балдардын чын жүрөктөн кубанганы жууп кетти. Белек алууга шарты жок, муктаж балдарды куттуктаганыбыз аларды жомоктун, сыйкырдын бар экенине ишендиргибиз келгенинен кабар берет. Көрөсүз, ал балдар бизди кийинки жылы да күтүшөт (күлүп).

– Жеке жашооңуз тууралуу сурагым келип турат, айрымдар сизди байдын кызы деп айтышат?

– Ата-энем карапайым эле адамдар. Мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Атам да, апам да өмүр бою ишкерлик менен алектеништи. Мен кичинемден мектепте активист, тың кыз элем, шок болчумун. 7-классымда атамдын унаасын айдап качып, кийин атам унаасын айып токтотуучу жайдан өзү алып келчү. 9-классты бүткөндө Кытайга окууга кетип, ал жакта балдар-кыздар менен кыргыз көйнөк кийип алып көп иш-чараларды уюштурат элек. Кийин ата-энемдин компаниясын жетектеп жардам берип иштеп калдым. Турмушка чыкканыма 10 жыл болду, 9 жаштагы кызым, 6 жаштагы уулум бар. Жолдошум менден 5 жаш улуу. Ал да ишкерлик менен алектенет.

– Маегиңизге рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан