“Өмүрүмдөн да өнөрүмдү жоготуп алуудан корком. Чыгармачылык – Кудайдын берген шыбагасы, улуу касиети”. Бул сөздөр белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаевге таандык. Кыргыз менен казакка таанымал акындын бала чагы кандай өткөнүн, мүнөзүн, окуяларын апасы Гүлмира Орунбаева айтып берди.
«6 ЖАШТА КОМУЗ ЧЕРТКЕНДИ ҮЙРӨНДҮ»
– Менин 2 уул, 1 кызым бар. Азамат бир туугандардын улуусу. Ал боюмда кезде дүкөндө иштечүмүн, ал эми атасынын бөйрөгү ооруп, гемодиализде күн өткөрүп калган эле. Азаматтын токтоо, жоош болору ал курсакта кезинде эле билинген. Тепкилебей тынч жатчу. Төрөлгөндөн кийин деле ыйлаак, чыр болгон жок, курсагы тойсо эле уктап жата берер эле. Жооштугу мага жардам болгон экен. Анткени жолдошум ооруп калгандан кийин үйдүн түйшүгүнүн көбү мага түшкөн эле да. Эгер Азамат ыйлаак болсо, иштин баарына кантип жетишмекмин, билбейм.
Зээндүү болгондуктан 6 жашында 1-класска барды. 1-классында эле Өзүбек деген музыкант агайы комуз сатып берип, үйрөтүп жүрдү. Азамат 3-класс кезинде кызым 1-класста, кичүү уулум 3 жашта эле. Кичине экенине карабай бир туугандарын карап, ойнотуп, түйшүккө эрте аралашты.
Буюмдарын, кийимдерин таза кармап, дайыма иреттеп турчу. Тентектиги жок эле. 10-11 жашында алма бактан отун алып келмей, огороддо жер тепмей, картошка чапмай жана башка иштерге кадимкидей аралашып калды. Кээде мен жумуштан келгиче тамак жасап, балдардын курсагын тойгузуп койчу. Окуусуна да, бир туугандарын караганга да, үй жумуштарын жасаганга да убакыт табар эле. Убакытты туура бөлүштүрүүнү ошондо эле өздөштүрдү. Сабакты жакшы окуп, мектептеги сынактарга, майрамдык кечелерге комуз чертип катышып жүрдү.
«16 ЖАШЫНДА АПА, МЕН ЧОҢ ТӨКМӨ БОЛОТ ОКШОЙМ ДЕГЕН»
– Азамат 9-класста окуп жүргөндө Таш-Мойнок деген жерде төкмө акын Замирбек Үсөнбаев фестиваль уюштуруп, ар аймактан устаттар шакирттери менен катышты. Азамат менен устатына кошулуп биз да бардык. Балам айтышка чыгып, 3-орунду утуп алды. Ошондо абдан кубандык. Фестиваль бүткөндө балам айыл жакын эле деп үйгө жөө келе жатса, Замирбек агайы унаасы менен өтүп баратып токтоп, “сен Бишкекке кел, төкмө кылып өзүм тарбиялайм” дептир. Муну угуп балабызга элден бата алып берели деп айылдагыларды чакырып чай бердик. Ошондо балам сыймыктанды окшойт, “апа, мен чоң төкмө болот окшойм” деп калды, мен “оозуңа май, айтканың келсин” дедим. Ошондо 16 жашта болчу.
Мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырып окуп, Замирбек агайынын колунда 4 жыл жүрдү. Ошо менен таланты тапталып, төкмө болуп, айтыштарга катышып, эл оозуна алынды. Аты Кыргызстанга гана эмес, Казакстанга чейин таанылды.
«ТЕЛЕГЕ ЧЫККАНДЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮ, ОШОЛ ТИЛЕГИНЕ ЖЕТТИ»
– Бала деген бала да, 6-классында классташы экөө велосипед уурдап, аймактык тескөөчүгө кармалып калышты. Өспүрүм куракта баланын мүнөзү өзгөрөт эмеспи, урушсак бир нерсе болуп кетпесин деп эч нерсе деген жокпуз.
Бир күнү таң атпай үйгө Абдылашым деген аксакал Азаматты издеп келди. Дагы бир нерсе кылып жиберген окшойт деп эле оозун тиктеп калдык. Көрсө, ал комузчулук, төкмөчүлүк боюнча устат экен. Анын келишинин себеби – ошол учурда жогорудан “төкмөлүк өнөр жок болуп кетпесин, ар бир устат шакирт тарбияласын” деген чечим чыгыптыр. Ал элден “ушул тегеректе комуз черткен бала барбы?” деп сураса Азаматты айтышыптыр. Азаматты комуз черттирип көрдү. Ошондон кийин ар аптанын ишембисинде балам Арашандан Кой-Ташка жөө барып, устатынан комуз, төкмөлүктүн сырларын, күүлөрдү үйрөнүп жүрдү. Устаты “ушул баладан бир нерсе чыгат, көрөсүңөр” деп калчу. Көрсө, Азаматтагы уюган талантты байкаган экен.
Баламдын бир кылык-жоругу бар эле. Ал сырттан кагаз кутуларды бөлмөгө ташып кирип, алардан телевизор жасап, экранынын ордун тешип койчу. Анан ошол телевизорунун арт жагына өтүп, тешиктин тушуна отуруп алып комуз чертчү, алпаруучу болчу. Ошондо эле телеге чыкканды, алпаруучу болууну самаганын билчүбүз. Ошол тилеги кийин ишке ашып, теледен чыгып баштады. Баары өзүнүн аракетинин, талантынын арты менен болду.
«СТУДЕНТ БОЛГУЧА БИЗ МЕНЕН АЙЫЛЧЫЛАП ЖҮРДҮ»
– Азамат кичинесинен токтоо, сабырдуу, көп сүйлөбөгөн, жан дүйнөсү таза адам. Катуу жини келгенде гана кабагын чытып калчу, ошол мүнөзү ошол бойдон калды. Айтышка чыкканда аша чаап кетпейт, майда сөздөн алыс. Ошого мен “балам, ушул мүнөзүңдөн жазба” деп калам. Сыртынан олуттуу көрүнгөнү менен, жан дүйнөсү жумшак, көңүлү назик, боорукер. Менби, башкабы, бирөөбүз ооруп калсак, сыртынан билдирбегени менен, ичинен санаа чегип, “эмне кылайын, кайда алып барайын?” деп шашып калат. Бир жолу бутум сынып калганда мен үчүн санаа тарта берип өзүн таштап салды. “Операция жасаса эле айыгам, ага кайгырба” деп анын көңүлүн көтөрүп коём. Атасы ыраматылык катуу ооруп калса баш жагына жатып алып түнү менен карап чыкчу.
Анан кичинесинде таттууну жакшы көрчү. Өзүм иштеген дүкөндөн, кийин Орусияга товар ташып 6-7 жыл иштеп калганымда ал жактан түрдүү таттууларды алып келчүмүн. Сүйүнүп жымыңдап жеп алчу. Манты, лагман, самса, шишкебекти жакшы көрүп, ушуларды жасайлы деп турчу. Аны даярдоого жардам берчү. Азыркыга чейин ошол тамактарды жакшы көрөт.
Кичинесинен жумушка эрте аралашканга анын көңүлүн көтөрүп, дайыма той-ашка ээрчитип алчубуз. Студент болгуча биз менен айылчылап жүрдү.
«КЫЗЫ КЕРЕМЕТ КОМУЗДУ МЫКТЫ ЧЕРТЕТ»
– Келинчеги Жайнагүл менен 2-3 ай сүйлөшүп, үйлөндү. Келиним Улуттук консерваторияны бүтүргөн. Комуз чертип, мыкты ырдайт. Адамгерчиликтүү, иш билги жан. Экөөнүн 1 уул, 3 кызы бар. Улуусу уул, аты Осмон, учурда 7-класста окуп жатат. Ал төрөлгөндө жолдошум тирүү эле, Осмон деп атын күйөөм койгон. Кызынын атын Керемет деп мен койгом, учурда 4-класста окуйт. Ушул кызы комузда мыкты ойнойт, келечекте врач болом деп калат. Мелмил деген кызы 1-класста, атын атасы Зайырбек Ажыматовдун “Мелмил” деген ырынан улам койгон. Айгүлү 2 жашта, атын ата-энеси Баткендеги айгүл гүлүнүн урматына деп коюшкан.
Азамат балдарына жакшы ата, урушпай, түшүндүрүү менен тарбиялайт. Бош убактысын ошолор менен өткөрөт. Чаңга аллергиясы болгондуктан Азамат чарба иштерине көп аралашпайт, андай иштерди кичүү уулум бүтүрөт. Айылга там салып жатат, бүтсө той кылабыз.
Канымжан Усупбекова