КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

«Котормочу дайындалды» деген токтомго кол коюп бердим. Үчөөнү зордуктап, анан муунтуптур. Алардын экөө өлүп, үчүнчү жабырлануучу ооруканада экен. Аны деле врачтар «Абалы оор, өлүп калышы мүмкүн» деп жатыптыр. Биринчи, экинчи зордукталгандар кыргыз, үчүнчү зордукталган кыз башка улуттан. Үч кылмыш шаардын үч башында жасалган. Отурган жигит акыркы кылмыштын үстүнөн кармалыптыр. Биз документтерге кол коюп, суракка даярданганча, кылмышкер жигит бир да жолу башын көтөргөн жок.

– Маньякпы? – деп сурадым тергөөчүдөн.

– Кармалбай калса, маньяк болмок. Кармалды да, эми маньяк эмес, – деп жооп берди тергөөчү. Анан «Кофе ичесизби?» деп кошумчалады. Экөөбүз биринчи жолу иштешип жатабыз. Мамилени кофеден баштадык. Документтерге кол коюп жатып «Мындай убакытта, мындай жерде баланча зордукталган» деген текстке жөн эле көз жүгүртүп өтүп, анан ичимден «Үчөөнү тең окшош «почерк» менен зордуктаса, анализдердин жыйынтыгы окшош чыкса, кылмышты тана албай калдык го» деп койдум. Эгер кылмышкер коюлган айыпты танса, мен да кошулуп танарымды билем. Ошого танганы шансыбыз бар-жок экенин окуп баратып эле таразалап өттүм. Өзүмдүн фамилиям жазылган жерлерге гана маани бердим. Алдын ала башымды ооруткум келген жок. Калганын тергөөнүн жүрүшүндө баары бир укканга туура келет.

Кофе колума тийгенден кийин гана тергөөчүнүн уруксаты менен алдымда жаткан кылмыш ишин барактай баштадым. Бул тергөө бөлүмүндө кылмыш ишинин козголгонуна бир жылга жакындап калыптыр. Жадыраган тергөөчү: «Таппай жатканбыз, анан табылып калып жакшы болбодубу»,- деп кайра-кайра мулуңдайт. Ал жылмайса, сыпайычылык үчүн кошо жылмайып коём. Жылмая турган учур эмес экенин ичимден улам кайталап коём, бирок ачык айта албадым. Башта мени менен иштеген тергөөчүлөр болсо, бир олурайып тиктеп эле жылмая турган учур эмес экенин түшүндүрүп салмакмын.

Өтө ороңдогон тергөөчүлөрдү, опер кызматкерлерди жактырбайм. Кылмыш иши аларга эле катуу тийгенсип, алар эле иштеп жаткансып, жабыр тарткан тарапка деле, кылмышкерге деле, мага деле ороңдой берет. Аларга мен деле аянбай ороңдоп берем. Дароо шарт коё баштайм. «Бир күндө он беттен ашык которо албайм, мен да түнү укташым керек, сиз айткан саатка учсам да үлгүрүп келе албайм, убактым жок, башка котормом бар» деп шарт коём. Ошентип жатып ороңдогон немени мени менен эсептеше турган кылып, тез эле маданияттуулукка, сылыктыкка үйрөтүп алам. Акыры алар менен деле тил табышам, иштеше алам. Катаал тергөөчүлөр бар, бирок андай катаал кишилер көбүнчө кесипкөй болот, адилет болот, маданияттуу дагы. Андайлар менен котормону кечиктирбей, өзүм да жумушка кечикпей келип иштейм. Көбүрөөк ошондой кишилер менен иштеген жагат. Бирок тергөөчүлөрдүн тамашалашып, күлүп, кекээрлей бергендерин жактырбайм. Мен негедир өлүм болгон жерде, өлгөн кишинин жакындары менен адам өлтүргөн киши катар отурган жерде бактылуу боло албайм, жылмая албайм, тамашалаша албайм. Зордукталган кыздардын жанында деле абалым ошол. Ошон үчүнбү, мен ичимден ыйлап бүткөнчө, абалым жеңилдегенче, өлүмгө көнгөнчө, мени менен эч ким ыксыз тамашалашпай турса деп тилей берем.

Мындай жерде мага тамаша да, күлкү да ыксыз, орунсуз сезиле берет. Жарашпагандай көрүнөт. Жылмая албай калам. Ошого кылмыш ишин барактамыш болуп отура бердим. Анан жабырлануучунун сүрөтүнө жеткенде гана, текстти туура эмес окуганымды түшүндүм. Сүрөттө бети-башы көк-ала болуп, өзү бүктөлүп, шымы шыпырылган кыргыз жигит жерде жатат. Таң калдым. Тергөөчүдөн:

– Бул жерде эркектин сүрөтү го? – деп сурадым. Кыздар эле зордукталат, кыздарды эле зордуктаса болот деп жүрсөм керек.

– Ооба, эркек. Жана мен сизге айттым го. Биринчи жабырлануучу – эркек.

Бир тергөөчүнү тиктедим, бир кылмышкерди. Кылмыш ишин кайра барактадым. «Жабырлануучу Баланчаев» деп бадырайып жазылып турат. Тергөөчүдөн «Адашып калган жоксуңарбы?» деп шыбырап сурадым. Тергөөчү мени карай эңилди.

– Адашып калбадыңарбы? – деп шыбырадым дагы бир жолу.

– Жок, адашкан жокпуз. Биринчи жабырлануучудан табылган далилдер экинчи жабырлануучудан, үчүнчү жабырлануучудан да табылды. Алардын кылмышкерге таандык экенин анализдер көрсөттү, – деп жооп берди. Тергөөчү да менден бешбетер болуп шыбырап сүйлөдү. Өзүндөй болуп жооп берейин деди го. Тергөөчүгө өтө жакын турганымды ошондо сездим. Кыргызча эле кокуйлап жибердим. Котормочусуз эле эмне дегенимди түшүнгөнсүп, тергөөчү жылмайган бойдон колун жайып, ийинин куушурду. Артымда турган далдайган опер кызматкер мага эңкейип:

– Биз деле кылмышкерди өзүбүздүкүлөрдүн арасынан издеп жатканбыз. Силерде мындай жок деп ойлодук да. Анан силердин өзүңөрдүкү болуп чыкпадыбы, – деди. Мындай нерсени шыбырап айтыш керек деп ойлоп алдыбы, ал да шыбырап айтты. Анан кылмышкер тарапка колун жаңсап: «Эми минтип сүйлөбөй жатпайбы, кармалгандан бери бир да сөз айта элек», – деди. Опер кызматкерден башымды алып качып жатканымды көрүп, тергөөчү дагы жадырап жылмайды. Анан: «Эмнеге таң каласыз? Силерде эмне, мындай кылмыштар жокпу?» – деп кошумчалады. Кыргызстанда болгон жаңылыктарды эстедим. Жаш балдарды зордуктап кармалгандарды байма-бай эле окуп жатпайбызбы. Ошону эстедим. Бар эмей? Бар да. Толтура.

– Адамзатта, дүйнөдө бар нерсенин баары эле бизде бар. Кантип болбосун? Болгону мага мындай кылмыш иши биринчи жолу туш келип жатат, – дедим.

Суракты баштадык. Кылмышкердин укуктарын түшүндүрдүм. Мен анын баарын жаттап бүткөм. Шатыратып заматта айтып бүтөм. Бирок бул жолу үтүр-чекитине чейин токтолдум, ар бир сөздү тилимди таптап, так айттым. Басымды туура койдум. Укпай калбасын деп үнүмдү бийик чыгарып, ага жакын отуруп окудум. Кыймылсыз отурган кылмышкерди карап кыжалат болдум. Окуп бүтүп:

– Түшүндүңүзбү? – деп андан сурадым. Жооп болгон жок. Анын бетине үнүлдүм.

– Түшүндүңүзбү?

Тергөөчү сөз кошту:

– Сен түшүнсөң, түшүндүм дешиң керек, түшүнбөй жаткан болсоң, аны да айтышың керек. Биз сага башка котормочу беришибиз керек.

Тергөөчүнүн сөзүн котордум. Жооп болгон жок. Анын сөзүн дагы кайталадым. Ал башын көтөргөн жок. Кудум бөлмөдө биз жоктой, бир калыбынан жазбай отура берди. «Сүйлөбөйт баары бир, эч ким сүйлөтө албай койду», – деди опер кызматкер. Чындап эле сүйлөбөй койду. «Кылмышты мойнума алам же албайм» деген жок. «Көрсөтмө берүүдөн баш тартам» деген жок. Жакындарынын телефон номерин деле айткан жок. Айлам кетти. Тергөөчүнү деле, опер кызматкерлерди деле унутуп калдым. Акыркы айламды ишке салдым.

– Мени кара, сен сүйлөбөсөң, бул бөлмөдө тургандар мени жаман котормочу катары кабылдайт. Сен менин жумушума тоскоол болуп жатасың. Мен иштешим керек, болгондо да жакшы иштешим керек, – дедим. – Эч болбосо мени түшүнгөн-түшүнбөгөнүңдү айт. «Көрсөтмө бербейм, көрсөтмө бергенден баш тартам» деп айт, сенин көрсөтмө бергенден баш тартканга толук укугуң бар, – деп кошумчаладым. Бул сөздөрдү эңилип, жигиттин ээгинин алдына барып айттым. Көзүнө тиктеп айткым келди, бирок көзүн көрө албадым. Ошончо ийилип, жакындасам деле мени тиктебей койду. Анан ордунан бир копшолуп, бирок башын көтөрбөй туруп:

– Мен сени түшүнүп жатам, – деди. Негедир «сен» деди. Документтери боюнча менден он жаштай кичүү экен, бирок «сен» деп эле кайрылды.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан