ЭСКИДЕН ЖАҢЫ САМЫН ЖАСАҢЫЗ

Ар бир үйдө эле самындардын калдыктары болсо керек. Колдонууга жарабай калды деп ыргытып жибербей, калдыктарды чогултуп жаңы самын жасаганды үйрөнүп алыңыз.

1-ыкма

Керектелет:

Самындын калдыктары жана полиэтилен баштык.

Даярдоо:

Самындын калдыктарын чогултуп, полиэтилен баштыкка салыңыз. Андан кийин баштыкты микротолкундуу мешке 1-2 мүнөт салып коюңуз. Калдыктар жумшарып, камыр сымал формага келтирүүгө жарап калганда мештен алып чыгыңыз. Самынды баштыктан алып чыкпай туруп колуңуз менен бир формага келтириңиз. Муздаткычка салып, катуу формага келгенде баштыкты сыйрып алып салыңыз да, жаңы самынды колдоно бериңиз.

2-ыкма

Керектелет:

Самын калдыктары;

Сүргүч;

Тамак-аш плёнкасы.

Даярдоо:

Самын калдыктарын сүргүчтөн өткөрүү керек. Эгер өтө кичинекей болсо бычак менен майда-майда туурап чыксаңыз болот. Микротолкундуу мешке салганга ыңгайлуу идишке тууралган самын күкүмдөрүн салабыз. Бир кичине чыны менен толо күкүм болсо, ага бир аш кашык суу куюу керек. 2 чыныга 2 аш кашык суу. Мешке салгандан кийин ар 30 секунд сайын алып чыгып аралаштырып туруңуз. Ботко сымал коюу формага келгенде алдын ала даярдалган самын салгычка же башка чакан идишке куюу керек. Үстүн тамак-аш плёнкасы менен жаап, катканча күтөсүз. Самын даяр.

3-ыкма

Керектелет:

Самын калдыктары;

Сүргүч;

Өсүмдүк майы;

Эфир майы;

Тамак-аш боёгу.

Даярдоо:

Калдыктарды сүргүчтүн майда тишинен өткөрүңүз. Канча майда болсо ошончо бат эрийт. Күкүмдү табакка саласыз, ага самындын өлчөмүнүн жарымындай суу куюу керек. Мисалы, бир чыны күкүм болсо, жарым чыны суу кошосуз. Жакшылап аралаштырып, бир сутка коюп коюңуз. Андан соң табакты жай отко коюп, бат-баттан аралаштырып туруу керек, антпесе түбүнө тартып кетет. Калдыктар бир беткей ботко абалына келиши үчүн 1-2 саат талап кылынышы мүмкүн. Оттон аларда бир чыны күкүмгө 1 аш кашык өсүмдүк майынан кошуп аралаштырабыз. Самын жыттуу болсун десеңиз өзүңүзгө жаккан эфир майынан 3-4 тамчы, ал эми өң бергиңиз келсе тамак-аш боёгунан бир чымчым себелеп коюңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан