ДАМАМАТ УЙКУ КАНБАГАНДЫК – КАНТ ДИАБЕТИНЕ ЖЕТКИРЕТ

“Күнүнө 7-8 саат толук кандуу укташ керек” деп айтылып эле келет. Эмнеге? 3-4 саат эле уктагандар жүрбөйбү. Ошол эле учурда ойготпосо былк этип койбой бир сутка уктай бергендер деле бар да. Макалабызда уйкунун ченеми, пайдасы, зыяны тууралуу сөз кылалы.

ДАМАМАТ УЙКУ КАНБАСА...

Азыр түнкү “үкүлөрдүн” катарын телефон кармаганды билген адамдардын көбү эле толуктап калбадыбы. Убагында телефонду өчүрүп жатып алса Инстаграм, Тиктокту ким карайт? Бирок минтип уйкуну “игнор” кылуу кандай кесепеттерге алып келерин окуп коюңуз.

1. Депрессия. Америкалык окумуштуулардын сурамжылоосу боюнча, депрессияга кабылгандардын 80 пайызы күнүнө 6 сааттан аз уктагандар болгон. Уйкунун жетишсиздиги адамда коркунуч, кыжырдануу, эч кимди жактырбоо сезимин күчөтөт.

2. Мээнин активдүүлүгү төмөндөйт. Уйкунун жетишсиздиги адамдагы ойлонуу, үйрөнүү, эске тутуу, кайсы бир чечимди кабыл алуу, көңүл буруу сыяктуу когнитивдик процесстерге түздөн-түз терс таасир тийгизет. Уйкусу канбаган адам туура эмес чечимдерди чыгарышы, рулда жол кырсыгына кабылышы жана башка оор кесепеттерге кабылышы мүмкүн.

3. Жүрөк-кан тамыр оорулары. Уйкунун жетишсиздиги кан басымды жогорулатып, жүрөктүн нормадан батыраак кагышын шарттайт. Бул жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышына таасирин тийгизет.

4. Ашыкча салмак. Уйку канбаганда ачка болуу сезими күч алат, андыктан адам нормадан ашык жегенин байкабай калат. Семирүүнүн бир себеби уйкунун жетишсиздигинен келип чыгарын биле жүрүңүз.

5. Иммунитет түшөт. Уйкунун жетишсиздиги организмдин вирус, бактерия, инфекциялар менен күрөшүүсүнө жолтоо болот. Натыйжада түрдүү ооруларга жол ачылат.

6. Кант диабети. 7-8 саат тынч уктагандарда инсулин гормону менен маселе жаралбайт. Дамамат уйкуну экинчи планга калтыргандар кант диабети дартына чалдыгышы ыктымал. Бул дарттын оор кесепеттери тууралуу маалыматыңыз бардыр.

7. Сулуулуктун душманы. Уйкунун жетишсиздиги – сулуулуктун, жаштыктын душманы. Түнкүсүн жетиштүү эс албагандардын териси жукарып, сергектигин, серпилгичтигин жоготот, теринин өңү өзгөрөт. Көздүн алды көк тартып, “мүшөкчөлөр” пайда болот. Негизгиси, быжыраган бырыштар теринин көркүн кетирет. Уйку канбаганда стресстин гормону болгон кортизол бөлүнүп чыга баштайт. Көп сандагы кортизол теринин саламаттыгына, жылмакай, серпилгичтигине жооп берген коллагенди сүрүп чыгарат.

САПАТТУУ УЙКУ КАНЧА УБАКЫТКА СОЗУЛУШУ КЕРЕК?

Ар бир адамдын физиологиялык өзгөчөлүгүнө жараша сапаттуу уйкунун ченеми ар башка. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча толук кандуу уйкунун ченеми 7-8 саат деп эсептелет. Бирок бул фактор жаш өзгөчөлүккө жараша өзгөрөт. Окумуштуулардын жана медиктердин көрсөтмөсү менен жаш өзгөчөлүккө жараша түнкү уйкунун ченеми төмөнкүдөй болушу шарт:

КҮНДҮЗГҮ УЙКУДАН ПАЙДА ЖОК

Уйкунун гормону болгон мелатонин түнкүсүн гана бөлүнүп чыгат. Мелатонин уйку циклин жөнгө салат, кан басымды, нерв системин калыпка келтирет, депрессия, стресс абалынын алдын алат жана башка. Дарыгерлер түнкү 23:00гө чейин уктоону сунушташат. Анткени дал ушул убакыттан баштап бөйрөк үстүндөгү бездер уйку гормонун бөлүп чыгара баштайт. Уктай турган бөлмө таза, караңгы жана тынч болушу керек. Анан, албетте, жаткан төшөгүңүз ыңгайлуу болсун.

Кечинде уйкусу канбай калып, күндүз шалдырап, уйкусурап жүргөндөр көп. Бирок күндүз уктаганда мелатонин бөлүнүп чыкпайт. Андыктан уйкуңуз келип такыр эле болбой баратсаңыз 10-30 мүнөткө чырм этип алсаңыз, өзүңүздү сергек сезип каласыз. Иш күндөрү уйкудан калып, ал уйкунун запасын дем алыш күндөрү күнү-түнү уктап толуктап алам десеңиз да жаңылышасыз. Организмдин биоритми бузулбашы үчүн күнүгө ченеми менен сапаттуу уйку керек.

КЫЗЫКТУУ ФАКТ:

Адам ойгонгондон кийин 5 мүнөт аралыгында көргөн түшүнүн жарымын унутуп калат.

Адам түшүндө өзүнө тааныш гана нерсени көрөт. Түшүбүзгө кирген адамды жашоодо же кинодо көргөн болобуз.

УЙКУНУ КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮ

1. Организмди бир убакытта жатып, бир убакытта турууга көндүрүү. Бул эреже иш күнү же дем алыш күндөрүнө бөлүнбөй, бирдей иштеши керек.

2. Учурда уйкуңузга тоскоол болуп жаткан адаттардан кутулуу. Кечки 10дон кийин телефон, телевизорду өчүрүп, китеп бетин жабыңыз. Жатарга 2-3 саат калгандан баштап жеп-ичкенди токтотуңуз. “Түнкүсүн активдүүмүн” деп үй жыйнап, кир жууп же так секирип ойногонду, спорт менен машыкканды токтотуп, организмге тынчтык, эс алуу тартуулаңыз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан