Арслан Садыбакасов, ырчы: “ЖҮРӨГҮМДҮН МУЗАСЫ” ЫРЫНАН КИЙИН КҮЙӨРМАНДАРЫМ КӨБӨЙДҮ”

“Девушка из ТикТока”, “Бүгүн да түшүмө кирчи”, “Жүрөгүмдүн музасы”, “Сагындым го, жаным” деген ырлары менен өз угармандарын тапкан ырчы Арслан Садыбакасовду тааныштырабыз. Белгилүү ырчылардын ырларына обон жазып, аранжировка жасап берип келе жаткан Арслан мырзанын маегине көз чаптырыңыз, окурман. Ал обончу, аткаруучу Жыргалбек Эргешовдун уулу, Гүлшайыр Садыбакасованын иниси.

– Салам, Арслан. Маекти Казакстанга болгон сапарыңдан баштайлы. Эмне иш менен барып келдиң? Казак ырчылары менен качантан бери чыгармачыл алакаң бар?

– Саламатсыздарбы? Азыркы учурда Нурлан Насип агам экөөбүз студия ачып, ырларды жаздырып чогуу иштешип жаткан учурубуз. Нурлан байке Казакстандын эстрада жылдызы Серик Ибрагимов менен дуэт жаздырган, ошого клип тартканы Алматы шаарына барып келдик. Ал эми чыгармачыл мамилем тууралуу айтсам, мен студияда үн жаздырып иштегендиктен жаңы чыгып келе жаткан айрым ырчыларга аранжировка жасап берип жүргөм. Эми Нурлан байке аркылуу жакшы инсандар менен тааныштым, казак ырчылары менен эми тыгыз иштешебиз деген ойдомун.

– Өзүң тууралуу айтып берсең, чыгармачылыкка кантип аралашып калдың? Ким же эмне түрткү болду эле?

– Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Байкем да ырдайт, музыкалык аспаптарда ойнойт. Азыркы учурда Бишкектеги музыкалык диджейлердин алдынкыларынын бири десем жаңылышпайм. Ал эми мен чыгармачылыкка кичине кезимден бери эле аралашып келе жатам. Атам маданияттын мыкты кызматкери, обончу, аткаруучу Жыргалбек Эргешов. “Эрк” деген топ түзүп, 90-жылдары аябай катуу чыгышкан. Ал эми апам болсо музыкалык окуу жайда мугалим болчу. Атам мени гастролдордо кошуп алчу. Үйдө үн жаздыруучу студиябыз бар эле, атам да аранжировка жасайт. Кичинекей кезимде эле атам мага ыр жазып берчү, студияга кирип алып ырдап, жаздырчумун. Атам музыкалык аспаптарда ойногонду, аранжировка жасаганды үйрөттү. Ата-энемдин колдоосу менен ушундай даражага жетип келе жатам.

– Таланттуу үй-бүлөнүн уулу турбайсыңбы? Ырчылыкка кайсы жылы кириштиң?

– Ооба, ошондой десе болот. Атам жактан да, апам жактан да таланттуулар көп. Талант мага эки жактан тең өткөн. Атамдын бир тууган эжеси Гүлшайыр Садыбакасова жана башка туугандарынын баары эле жакшы ырдашат. Апам жакта деле ошондой. Мен профессионалдуу түрдө ырчылык жолумду 2015-жылы, өзүмдүн “Карындаш” деген автордук чыгармам менен баштагам.

– Ырчыларга ыр жазып берип жүрөсүң. Автордук чыгармаларды жаратууга убакыт жетип жатабы?

– 2015-жылы чыгармачылык жолумду автордук чыгармам менен баштагам деп жатпаймбы. Ошондон бери эле обон жаратып келем. Ырлардын сөзүн кээде жазып калам, бирок көпчүлүк учурда обон жазам. Азыркы учурда ырларымды кыргыз эстрадасындагы көп эле ырчылар ырдап жүрүшөт.

– Жаңы нерсе жаратуу изденүүнү талап кылат да, сага эргүү кандай учурда келет?

– Жаңы нерсе жаратуу чынында кыйын. Кээде эргүү күтүүсүз келип калат. Көчөдө, мисалы, жумушка бара жатканда идея келет. Дароо телефондун диктофонун ача калып жаздыра калам. Анан студияга келип аны иштеп, бышырып чыгарам. Ырлар ошентип жаралат.

– Ырчылардын бир ыры багын ачат деп коюшат эмеспи. Кайсы ырың сени көбүрөөк элге таанытты?

– Элге жакшы тараган ырларымдын бири Таалайбек Бектурганов агабыздын "Ох, жаным, келчи" деген ыры болду. Ушул ыр мага көбүрөөк ийгилик алып келди. Андан бери “Жүрөгүмдүн музасы”, "Бүгүн түшүмө кирчи" деген ырларды чыгаргандан кийин да күйөрмандарым көбөйдү.

– Интернет желесинде "Девушка из ТикТока", "Бүгүн түшүмө кирчи" деген ырларыңдын үзүндүлөрү абдан көп тарады, ушул ырлардын жаралуу тарыхына токтоло кетсең.

– "Девушка из ТикТоканын" идеясы казактардын “Девочка из города Караганда” деген ырынан улам жаралган. “Бүгүн түшүмө кирчи” ырынын обону Нурлан Насип агама таандык. Студияга келгенде эргүүсү келип, ошол обон жаралып калган. Ал ырды негизи Айгерим Расул кызы менен дуэт ырдамак. Концертине карата даярдап жаткан эле. Ошол ыр эмнегедир мага абдан жагып калган. Анан Нурлан байкеден сурадым, ал дагы дароо макулдугун берди. Ошентип ырдап калдым.

– Чыгармачылыкта ата-энеңден башка дагы устаттарың барбы?

– Чыгармачылыктагы эң биринчи устаттарым – ата-энем. Ар дайым колдоп, кандай учур болбосун өз ойлору менен бөлүшүп, туура жолду көрсөтүп турат. Андан тышкары чыгармачылыктагы байке-эжелер акыл-насааттарын айтып турушат. Музыка, аранжировка, ырдоо, айтор, ар бир багыт боюнча устаттарым көп.

– Маегиңе рахмат. Өркүнүң өссүн!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
al79mi
2023-01-12 10:55:00
Негизи бул жигитти тааныбайт экенмин. Жаман соз жазуудан алыс болоюн бирок калыстык учун айтсам туштук тарапта кобуроок тааныбаса, Бишкекте копчулук тааныбаса керек. Бул менин жеке оюм. Азыр суперден коргондон кийин инстага кирип карадым. Суперге бергени мурунуку суроттору окшойт азыр толугураак экен. А так ийгилик каалайм.
0
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан