Лира Садиева, 38 жашта: “КҮЙӨӨМ БАШКАГА ҮЙЛӨНҮП, ЧОГУУ КУРГАН ҮЙҮБҮЗГӨ КИРИП АЛДЫ”

Редакциябызга жүздөгөн каттар келет, арасынан бир аялдын жазганына көзүм токтоп калды. Анда “курбумду күйөөсү Орусияга таштап, Кыргызстанга барып башкага үйлөнүп алды. Курбум экөө чогуу салган үйдө жаңы алган аялы менен жашап жатат” деп жазылыптыр. Биз окуянын негизги каарманы, 4 баласы менен учурда Орусияда жашап аткан Лира Садиевага байланышып, окуянын чоо-жайын уктук.

“АЯЛЫҢДЫ МОЮНУҢА МИНГИЗИП АЛБА ДЕП КҮЙӨӨМДҮН КУЛАГЫНА КУЮП ТУРЧУ”

– Мен Ош облусунун Кара-Суу районунан болом. Жашым 38де. 2008-жылы Орусияда иштеп жүргөндө жолдошум Исроил Масаидов менен таанышып, ата-энебиздин ыраазычылыгын алып ошол жактан баш кошконбуз. Күйөөмдүн үй-бүлөсү Өзбекстанда жашаган кыргыздар, кийин Баткенге көчүп келишкен. Экөөбүз 15 жыл чогуу жашап 4 балалуу болдук. 13, 10, 6 жаштагы кыздарыбыз жана 1 жаштан өткөн уулубуз бар. Жаңы баш кошкондон кийин бир жолу күйөөмдүн апасы менен телефондон сүйлөшүп жатканын угуп калдым. Апасы курсактагы баламдын жынысын сурады окшойт, жолдошум “апа, катыным уул төрөйт, кыз болсо УЗИсин талкалап салам” деди. Кудай ошол сөзү үчүн жазаладыбы, айтор, катарынан 3 кыз төрөдүм. Кайын журтум баш болуп “эркек төрөбөйсүң” деп көп кемсинтишти. Эптеп эркек төрөп алайын, кайын журтумдун ачуу сөзүн укпайын деп 2021-жылы эркек бала төрөдүм. Анда деле жылуу сөз уккан жокмун. 4 баламды тең өмүрүмдү тобокелге салып операция жолу менен жарыкка алып келдим. Кайненем үчүнчү кызымды төрөгөндө “болду, катының башка төрөй албайт” деп табалаган эле. Кудайдан тилеп, суранып, “Супер-Инфодогу” пайдалуу кеңештерди окуп, интернетти казып, баланын жынысын пландоо боюнча маалыматтарды окудум. Негизи кайын журтум башынан эле мени келин катары кабыл алышкан жок, бизде уруу-урууга бөлүнмөй деген жаман адат бар эмеспи. Баласы мага үйлөнүп жатканда эле каршы болушкан. Кайненем “мен отуз уулдан келин албайт элем, өзүбүз жактан табат элек, балам акмактык кылып сага үйлөнүп алган” деп сүйлөнүп жүрдү. Эски каада-салттарын таңуулап “катыныңды минтип башкар, моюнуңа мингизип алба” деп баласына такай чалып турчу. Ата-энемдин алдынан да түзүгүрөөк өтүшкөн жок. Апамдан да “кайын журтуңа кадырың жок, сени тоготпойт, ошон үчүн ушунча жылдан бери каадасын кылганга жарашкан жок” деген да уруш уктум.

“ТЫТЫНЫП ИШТЕГЕНИМЕ ӨКҮНӨМ”

– Балдарымды караганга ата-энем аябай жардам берди. Апам “акчалай жардам бербесек да, балдарыңды карап берели, үйүңөрдү бүтүрүп алгыла, биздин жардам ушул болсун” деген. Балдарым 7-8 айлык кезинде эле апама таштап, Орусияга иштегени кетип жаттым. Айылда кайнатамдын үйүнүн жанына там салганбыз. Ал тамды бүтүрүү үчүн көп жыл иштегенге туура келди. Күйөөм менен тең тайлашып иштеп үй-жай салалы, балдарыбыз чоңоюп келе жатат деп аракет кылдым. Ал үй-жайдын мага буюрбай каларын кайдан билиптирмин. Азыр ошентип тытынып иштегениме өкүнөм, элдин аялдарындай болуп “иште, тап” деп үйдө балдарымды карап отура берсем болмок экен. Ата-энем 10 жыл балдарыбызды карап берди, күйөөм же кайын журтум рахмат айтканга жараган жок. Кайненем бир да баламды карап баккан жок да, күйөөмө айтсам “апам ооруйт” деп кутулчу. “Алардын да небереси, карап берсе эч нерсе болбойт” деп бет тырмашчу.

“КАЙЫН ЖУРТУМА ТААРЫНЫП МОСКВАГА КЕЛЕ БЕРГЕМ”

– Уулубуз төрөлгөндө күйөөм Орусияда таксиде иштечү, ошол мезгилде катуу текшерүү жүрүп иши солгундап калды. Анан “ата-энем картайып калды, барып карашыбыз керек, Кыргызстанга кетели” деди. Иши болбой жаткан соң макул болдум. Айылга барып кайын журтум менен жашап калдык. Чынын айтайын, мени батырышкан жок, кайнатам “эрте туруп эшик шыпырбайсың, сен келинсиң, баарын кылышың керек” деп урушат. Колумда 2 айлык балам бар, андан башка 3 кичинекей кызым менен чынында үй иштерине жетишпей калчумун. Неберелерин да күндө уруша турган болду. Акыры сабырым түгөнүп балдарымды алып төркүнүмө кетип калдым. 3 ай артымдан эч ким барган жок. Балдарым Орусиянын жараны, ооруканага кайрылсаң олчойгон акча сурашат экен. Балам ооруп калып Москвага келе бердим.

“КҮЙӨӨМ ОЙНОШТУК КЫЛЧУ”

– Бир күнү күйөөм “келсең кел, келбесең башкага үйлөнүп алам” деп чалды. Мен дароо эле “4 бала менен каякка барам, өзүң кел” дедим. Ошол бойдон балдарына чалбайт, кабар албайт, эмне жеп, эмне ичип жатканы менен башы оорубайт. Жакында туугандарынан 2 балалуу жаш келинге үйлөнүп алганын уктум. Болгондо да биз 10 жыл бою кыйналып чогуу салган тамда жашап жатышыптыр. Ошончо жыл балдарымды таштап, тытынып иштеп салган үйдө башка аял менен жашап жатса түтөйт экенсиң. Ал келин күйөөмдүн 4 баласы бар экенин билип тийдиби, жокпу билбейм. Бирок күйөөм менен 15 жыл жашап баркымды кетиргениме өкүнөм, эмне кылар айламды таппай отурам. Балдарым бар, чыдайм деп жатам, бирок эстеген сайын буркурап ыйлайм. Буга чейин деле күйөөм ойноштук кылып кармалган учурлары болгон. Мен эки жумушта иштеп жүргөндө ал бирөөнү таап, ижарага батир алып жашап жүрүптүр. Анысын кечиргем, кийин экинчиси менен кармалган, анысын да кечиргем, адам болот го дегем. Таксиде иштеп жүргөндө менин атымдан насыяга унаа сатып алып убагында төлөбөй, банк мени “кара тизмеге” киргизип салган. Азыр кредит алайын десем мүмкүн эмес. Өмүр бою түрткүлөп, ээрчитип, оокат кылалы деп жашадым.

Күйөөмдөн бир жашка улуумун, ал кээде “кийинчерээк жаш катын алам” деп тамашалап калчу. Ошол максатына жетиптир. Мен өлкө бийлигинен жоопкерчиликсиз аталарга жазаны катаалдатууну суранам. Эркек каалаганда басып кете берсе болот, балдар үчүн жоопкерчилик албайбы? Учурда 4 балам менен иштебей отурам, кыздарым эс алуу күндөрү үйдө болгондо бир күндүк жумуштарга чыгып жан багып жатабыз. Кыйналып курган тамыбыз кайнатамдын атында, аны мага ээ кылышпайт. Бул кырдаалда мен эмне кылышым керек?..

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан