ЭМНЕГЕ САНТАНЫН ЧАНАСЫН БУГУЛАР СҮЙРӨШӨТ?

1823-жылы АКШда акын жана лингвист Клементен Мурдун “Ыйык Николайдын визити” же “Бир жолу Рождество алдындагы түндө” аттуу балдар ыры жарык көргөн. Ошондон тартып элдин Санта-Клаус тууралуу бүдөмүк түшүнүгү айкын болгон.

Сюжетте Рождество майрамы түнүндө аялы, балдары уктап жаткан кезде үйдүн кожоюну сырттан угулган үндөн улам ойгонуп кетет. Терезеден карап ал Санта-Клаусту (ыйык Николайды) көрөт. Ал чанага 8 бугуну чегип алып асманда учуп бараткан болот. Санта-Клаус үйдүн чатырына бугуларын токтотуп коюп, оюнчуктар салынган мүшөгүн көтөрүп алып мор аркылуу үйгө кирет. Каминдин жанына илинген байпактарга белектерин салып, анан өз алдынча жылмаят. Кайрадан мор аркылуу чыгар алдында баарына “Рождество майрамыңар кут болсун! Уйкуңар таттуу болсун!” деп коштошот. Мунун баарын үй ээси көрүп турган болот.

Ошондон бери “Ыйык Николайдын визити” Америкадагы жаңы жылга байланыштуу мыкты жомоктордун бири болуп калды.

Аталган ыр боюнча комикстер, мультфильмдер тартылган.

Автор эмне үчүн бугуну тандап алган?

Анткени бугулар түндүктө, өтө суук климатта жашап кете алган “бышык” жаныбарлар. Аларга кышта тамагын, башкача айтканда, эңилчекти таап жеш үчүн карды буту менен тепкилөөгө туура келет. Алар аркылуу гана түндүк эли кайсы жерде дары чөптөр бар экенин билип жана терип турушкан.

Бугу түндүк элинде баалуу жаныбар катары саналат. Анткени эти азык, териси чум, ярангаларынын үстүнө жабуу, кийим да болуп берет.

Бирок бугу кантип учмак эле?

Окумуштуулардын маалыматтарына караганда, бугулар жегенден соң галлюцинация жаратуучу козу карындарды да жешет. Жегенден кийин “учуу эффекти” жаралат. Ушундан улам автор бугуларды учуруп койгон делет.

ЭМНЕ ҮЧҮН БАЛАТЫ МИШУРА МЕНЕН КООЗДОЛОТ?

Мишура 1878-жылы Германияда жасалган. 1890-жылы сырты күмүш сымал жылтыратылган жез мишурадан жасалган алгачкы гирляндалар сатыкка чыккан. Пластиктен мишура жасалып сатыла баштаганда бат эле популярдуу болуп кеткен. Анткени жеңил жана мурункуларга караганда кымбат эмес болчу.

Рождество жөргөмүшү аркылуу мишуралар кантип жаралганы боюнча жомоктор бар. Андай жомоктор Германия, Польша, Украинада популярдуу. Ошондой эле Финляндия менен Скандинавияда да айтылат.

Жомоктордо кедей үй-бүлө тууралуу сөз болот. Алар колунда эч нерсе жок, Жаңы жылда үйүндөгү балатыны кооздой албай калышат. Жаңы жыл болор түндө балдар уктап жатканда жөргөмүш балатыны тору менен чырмап салат. Эртең менен торлор сыйкырдуу түрдө балатыны кооздогон күмүш кооз жиптерге айланат.

Учурда Европанын айрым аймактарында үй-бүлөлөр үйүндөгү балатыга жөргөмүштү илип коюшат. Ошондой эле мишура, гирляндалар менен кооздошот. Балатыдагы жөргөмүш жана желе ийгилик алып келет дешет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан