ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 9-январдан 15-январга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Апта гармониялуу өнүгөт, эч кандай тынчсыздануу жаратпайт. Шайыр жана энергиялуу абалда сизге укмуштуудай идеялар келет, аларды дароо кагазга түшүрүп албасаңыз, кийин унутуп каласыз. Спорт менен машыгып арыктайм дегендердин иши натыйжалуу болот. Жумушта пайда болгон көйгөйлөрдү тез арада чече аласыз. Жакындарыңыздын бири алыстан үйүңүзгө конокко келиши күтүлөт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Сезимдерди билдирүү үчүн абдан ыңгайлуу убакыт. Эгер жактырып жүргөн адамыңыз болсо ага бул тууралуу айткандан тайманбаңыз. Аптада жылдыздар сизди кокусунан болчу окуялар менен сынайт. Жакшы кабарга да, жаманына да даяр туруңуз. Үй-бүлөлүү букачарлар майда-чүйдө маселелер менен өнөктөшүнүн кулак-мээсин жей бербегени туура. Болбосо сүйүктүүңүз майда иштер менен алаксып, чоң иштерди бүтүрүүгө энергиясы калбай калат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Үйдөгү атмосфераны жакшыртуу үчүн болгон аракетиңизди жумшайсыз. Бул күндөрү балдарыңызга таттууларды бышырып, жан шеригиңиздин жакшы көргөн тамагын жасап берип жакындарыңызга мыкты маанай тартуулайсыз. Аптада документ иштерине байланышкан көйгөйлөрүңүз оңой чечилет. Туугандарыңыз каржылык колдоо көрсөтүшү мүмкүн. Эс алуу күндөрү үй-жайыңызды иреттеп, эмерек же тиричилик техникасын сатып алсаңыз болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Никедеги, бизнестеги өнөктөшүңүз менен мамилени жакшыртууга мыкты шарт түзүлөт. Мурунку таарынычтарды жана түшүнбөстүктөрдү унутуп, жарашуу мезгили келди. Конструктивдүү диалогго өзүңүз эле эмес, айланаңыздагы адамдар да даяр экенин сезесиз. Үлпөт той жана башка мааракелерге чакыруу болсо баш тартпаңыз. Интеллектуалдык билимиңизди тереңдетүү үчүн кошумча ийримдерге барсаңыз жыйынтыгы натыйжалуу болот.


АРСТАН (23.07-23.08)

Кесиптик ишмердигиңизде ийгиликке жете аласыз. Көп иштериңизди бүтүрүп, эс алуу үчүн тыныгууга чыгасыз. Жакындарыңыздын бири каржылык колдоого муктаж болушу мүмкүн, мүмкүнчүлүгүңүз болсо жардам берип коюңуз. Ошондой эле организмди тазалоого жана ашыкча салмактан арылууга багытталган диета курсун баштоого ылайыктуу мезгил. Убактыңызды көп сүйлөгөнгө эмес, иш жасаганга арнасаңыз, жумушта жетекчилигиңиз кошумча сый акы берип кубантат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бийкечтер үчүн бул апта оптимисттик маанайда өтөт. Муну өзгөчө ашык болгондор сезишет. Романтикалык мамилелер кооз жана эсте каларлык күндөр менен коштолот. Фантазияңыз менен чыгармачылык багытыңызды таап, талантыңыздын жаңы тарабын ача аласыз. Ошондой эле сиз сүйгөн адамдарга кам көрүү мезгили. Эгер балдарыңыз болсо, алар менен оюн-зоок жайларына барып эс алууну эскертишет жылдыздар. Карыз алган болсоңуз апта ичинде аны жабууга мүмкүнчүлүк болот.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Ашканада түн жамынып жакын адамыңыз менен сырдашкан күндү сагынсаңыз, аптада жылдыздар сүйүктүүңүз менен сыр чечишип отурууга кенен убакыт берет. Ата-эне, бир туугандар менен мамилелер гармониялуу өнүгөт. Маанилүү чечим кабыл аларда алардын ой-пикири дайыма эске алынат. Үйүңүздө оңдоп-түзөө иштерин баштоону пландап жатсаңыз, жалпы каражатты эсептеп алганыңыз туура, акчаңыз жетпей курулуш иштери орто жолдо токтоп калышы мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жылдыздар чаяндарга активдүү болууну, көп баарлашууну, саякаттап, көңүл ачууну сунушташат. Жашооңузда достордун, тааныштардын жана пикирлештердин ролу өсөт. Башкы максатыңыз – жаңы тажрыйба алып, достук чөйрөңүздү кеңейтүү болушу керек. Муну менен сиз ийгиликке гана жетпестен, позитивдүү эмоциялардын түгөнгүс булагын табасыз. Апта соңунда бойдоктордо романтикалык таанышуу орун алат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Максатыңызга жетүүгө бир кадам калганда тоскоолдуктар жаралат. Бирок бүгүн болбосо эртең ийгилик жылмаярын унутпаңыз. Белгилүү же абройлуу таанышыңыздын атын колдонуп иш бүтүрөсүз. Чыгармачыл жаачылар өз жолун табуу максатында көп китеп окуп изденишет. Студенттер окуп жаткан кесибинин чын эле туура тандалганынан шек санап, башка багытта билим алуу тууралуу ойлоно башташат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Текечерлер өзүмчүл болушу керек, тагыраагы, өзүнө кам көргөнү туура. Ашыкча салмак маселеси бар болсо, анда интенсивдүү машыгууну баштаса болот. Сулуулук тармагында иштеген текечерлердин кирешеси жогорулап, тынымсыз иштеген эмгегинин акыбети кайтат. Ошондой эле терең изденүүдөн улам өзүңүздүн баалуулуктарыңызга жана ички принциптериңизге өзгөртүүлөрдү киргизе аласыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Сырдуу дүйнө, мистика, психологияны тереңден билүү үчүн китептерге кызыга баштайсыз. Эгерде сизде психологиялык комплекстер болсо, аптада аны жоюп эркиндикке ээ болосуз. Укук коргоо органдары менен чечилбеген маселеңиз толук чечилип бүтөт. Эмоцияңызды башкарганды үйрөнүп, майда-чүйдө көйгөйлөрдү капарга албай каласыз. Жеке жашооңузда абал адаттагыдан тынч өтөт.


БАЛЫК (20.02-20.03

Келечекти пландоо үчүн эң сонун убакыт. Балык айымдар көпчүлүк мырзалардын көңүл борборунда болуп, келбетине карата мактоо сөздөрүн угушат. Бизнесте банкрот болуу коркунучу бар, эгер жаңы иш баштап жаткан болсоңуз бизнес-планды кылдат түзүп же иштин көзүн билген адистерден кеңеш алыңыз. Унаасын алмаштырууну же жаңы сатып алууну каалаган балыктарды ийгилик коштойт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан