Эмил Токтошев, вайнер, актёр: «ТОБОКЕЛДИККЕ БАРГАНДЫ ЖАКШЫ КӨРӨМ»

Бул инсанды көпчүлүк күлкүлүү образдарынан жакшы тааныйт. Бул аптада вайнер, актёр Эмил Токтошев менен маектештик. “Дөөпарас аталышында тасма тартканы жатабыз” дейт ал. Эмил мырза кайрадан эмнеге бул аталышка токтолду?

– Салам, Эмил мырза! Жаңы жылыңыз менен! Маек төрүбүзгө куш келипсиз.

– Саламатсыздарбы? Учурдан пайдаланып жалпы кыргыз элин кирип келген Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. 2023-жыл токчулуктун-молчулуктун, жакшылыктын жылы болсун! Элимде тынччылык, аманчылык орун алып, оору-сыркоодон алыс бололу.

– Айтканыңыз келсин! Акыркы ирет сизди "Адам болчу" деген тасмадан көрдүк, бул фильмге кантип тартылып калдыңыз? Ролуңуз өзүңүзгө жактыбы?

– Режиссёр Сапар Сайназаров “башкы ролго сага ылайык роль бар” деп чакырып калды. Анан дагы кинонун кандай тартылышын, съёмка жүрүп жаткан аянтчаны баштан-аяк көрүп ал деп чакырды. Буюрса, ушул жылы май айында өзүм кино тартайын деген планым бар. Сапар режиссёр, мен продюсер жана актёр болом. “Түндүктүк келинде” ойногон дөөпарастын образынан сонун тасма тартайын деген ойлор болууда. Эмне кылыш керек, кандай болот, баарын көрдүм, үйрөндүм. Тасма комедиялык жанрда болгондуктан, сиз айткан ролум өзүмө жакты.

– Гонорарыңыз канча?

– Гонорарым эл катары эле. Канча күн съёмка болсо, ар бир күнгө 100 доллардан. Башкы ролбу, эпизоддук ролбу, айырмасы жок.

– Гонорар үчүн ролдон баш тарткан учуруңуз болду беле?

– Жок, гонорар үчүн баш тарткан учур болгон эмес. Бирок дээрлик комедия жанрындагы тасмаларда роль жаратууга аракет кылам. Анткени бир ирет мелодрама жанрындагы киного адашып тартылып алып, ошондо мага комедиялык образ ылайык экенин даана түшүнгөм.

– Тасма тартам дедиңиз. Эмнеге "Дөөпарас" деген темага кайра кайрылууга туура келди?

– Анткени “Түндүктүк келин” тасмасы калктын калың катмарына тараган. Көпчүлүк мени дөөпарастын образы менен тааныды, аны ийгилик алып келген образ десем болот. Керек болсо, балдарымдан “кимдин баласы болосуң?” деп сурашса, “Дөөпарастын баласы болом” деп жооп беришет. Кино жаатында ошол образдын аркасы менен таанылдым да. Тасманын режиссёру Рысбек Жабировдон уруксат сурап, Дөөпарастын велосипед менен Бишкекке кетип калган жеринен улантайын деп жатам. “Түндүктүк келин” тасмасы Дөөпарастын волосипедчен Бишкекке жөнөгөн жеринен бүтөт эмеспи.

– Вайнер, актёр, алпаруучу, ырдап да жүрөсүз. Азыр сизди көбүрөөк ким десек болот? Кайсынысы сизге жакын?

(Күлүп) жөн эле ырдап койгом. Өзүмдү ырчы катары көрбөйм. Вайнер, блогер, тамада, алпаруучу, актёр дей берсеңиздер болот. Мага тасмага тартылуу жана вайн тартуу көбүрөөк жакын.

– Өзүңүздү кандай актёрмун деп эсептейсиз?

– Өзүмдү укмуш актёр катары сезбейм. Себеби өз ишин мыкты билген абдан күчтүү актёрлорубуз бар. Ошолорду чыныгы актёр десек болот. Мен биринчиден, окуган эмесмин. Бир аз талант бар экен, ошонун арты менен эле тасмаларга тартылып калдым да.

– Билим алсам, чеберчилигимди өнүктүрсөм деген ойлоруңуз барбы?

– Ооба, буюрса, актёрдук билим алайын деп жатам. Билим алуу эч качан ашыктык кылбайт го дейм.

– Бизнесте жүрөсүз, банкротко кабылган учуруңуз болгонбу? Ката кетиргенден коркпойсузбу?

– Бизнес дайыма эле бир калыпта кетпейт. Банкрот болгон, соодаң укмуш жүрүшкөн, орточо болгон, айтор, ар кандай учурлар болот. Бизнес баштоо – бул тобокелдик. Мен өзүм тобокелдикке барганды жакшы көрөм. Тобокелдиктин аркасында, сөзсүз катачылык дагы болбой койбойт. Каталарым мага сабак болот. Бир кетирген катамды кайталабаганга аракет кылам.

– Чыгармачылык жолго кандай пландарды койдуңуз эле? Анын канча пайызы аткарылды?

– Элиме кызмат кылып, чыгармачылыктагы ага-эжелерибиздей элге таанылсам, чет өлкөгө кыргыздын атын таанытсам деген ойлорум бар. Буюрса, ал күндөргө дагы жетербиз. “Аракет кылсаң – берекет” дегендей, эң негизгиси, мээнет кылыш керек.

– Эмгекти баалоо жаатында нааразы болгон учуруңуз болгонбу?

– Ооба, болгон. 3-4 жылдай болуп калды окшойт. “Өлкө боюнча жылдын мыкты актёру болдуң, президенттин сыйлыгын аласың” деп мага байланышка чыгышты. Абдан сүйүнүп, даярданып жүрсөм, бир апта калганда “дипломуңуз жок турбайбы, сизге бере албайт экенбиз” дегенде абдан ичим ачышкан. Тактабай туруп телефон чалбай эле койбойбу деп катуу нааразы болгом. Бирок бул окуя мага сабак болду. Билим алып, дипломум болгондо ошол сыйлыкты алат элем дедим. Ошондон бери окууга тапшырам деп, чыгынбай жатып бир топ убакыт өтүп кетти.

– Сахнада тамашаңыз элге өтпөй калганда, ал абалдан кантип чыгасыз?

– Сахнада тамашалар өтпөй калганда (күлүп)... Кээде ошол жерден эле “тамашам өтпөй калды го” деп айтабыз. Кээде бетиң кыпкызыл болгон бойдон көшөгө артына кирип кеткен учурлар көп эле болгон.

– Маегиңизге рахмат. Бул жылга койгон пландарыңыз ийгиликтүү ишке ашсын!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2023-01-14 08:39:00
Кичи пейил ото жонокой бала, максатына жет ылайым
0
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан