АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Өмүрүмдө энеликти сезип көрбөгөн мен кайдан билем? Мени апам таштап кеткенде алты айлык экем. Бирок уулумду ушунчалык жакшы көрөр элем. Менин жашоомдун жалгыз мааниси ошол болчу. Сүйүү көзүмдү көр кылбаганда Нурдан кандай адам экенин байкайт белем деп ушуга чейин өзүмдү жек көрүп келем. Болору болду, боёгу канды дегендей.

– Уулуңду жоготконуңду айтып берүү сага аябай оор болуп жатканын билип турам,- деди Илим.

– Ооба, оор. Бирок көөдөнүмдө тикенек болуп турган бул жарадан кутулбасам да болбойт. Мен айтып беришим керек. Өх, ошентип иштеп жаткан бир күнү бир нерсени сезгендей болуп эле жаным кыйнала берди. Иштен суранып эрте келдим. Кирип келип эле уулум жаткан керебетти карадым. Жок! Бир аздан кийин Нурдандын да кийимдери жок экенин көзүм чалды. Жүрөгүм шуу дей түштү. Телефонуна чалсам өчүк. Жан далбастап көчөгө чуркап чыктым, эч жерде жок. Парк бар эле жаныбызда, ошого чуркап бардым. Ал жакта мени тааныган бир келин бар болчу, баласын ойнотуп жүрүптүр. Сурасам таң калды.

– Жолдошуңуз баланы кийимдери менен алып чыгып бир машинага салды. Бала тыбырчылап ыйласа болбой салып берди. Алардан бир нерсе алгандай болду. Мен таанышы болсо керек деп үн катпадым,- деди ал келин.

Калтырап кеттим. Башым айлана түштү. Теңселип жыгылганы калганда тиги келин сүйөй калды.

– Сиздин кабарыңыз жок беле?

– Жок.

– Анда жолдошуңузга чалыңыз да.

– Ал жолдошум эмес.

– Кандайча?

Башыма бирөө ургандай эле тура бердим. Кантип издейм? Кайдан табам? Кайра чуркап үйгө келдим. Алакандай барак таштап кетиптир.

“Пери, аябай чоң суммада карызым бар болчу. Сенин уулуңду сатканга аргасыз болдум. Сени алдадым. Мени кечирбейсиң, билем. Бул жоругум үчүн тозокто күйөрүмдү да билем. Бирок мен ушулмун. Сени алдадым. Далайдын убалына калдым. Бирок сен менин эң чоң жазам болосуң. Сенин жана уулуңдун көздөрү мени өмүр бою ээрчий турганын билем”.

Акмак, ушинтип жазып кетиптир. Көрсө, байкатпай мага тузак коюп жүргөн экен. Аны мен эч билбептирмин. Милицияга бардым. Сурөтүн көрсөттүм.

– Карындаш, мунун аты Нурдан эмес, сендейлер үчүн толтура аты бар. Чоң аферист, сендейлерди эмес, миллионерлерди тузакка түшүргөн, эчен жолу түрмөгө жатып чыккан адам. Сен кандайча буга кезигип калдың?- деди милиция кызматкерлери.

Бир нерсе сүйлөйүн десем тилим күрмөөгө келбейт. Эптеп уулум тууралуу айтып бердим. Издейбиз деди. Мен өзүм көчө аралап эле жүрө бердим. Кимге берди уулумду? Органга саттыбы? Же баласы жок бирөөлөргө бердиби? Аман-эсен экенин эле билсем болду эле. Кимдердин колуна кетти? Бул суроолордон жинди болуп кала жаздадым. Бир күнү мага милициядан телефон чалышты. Уулумдан кабар болдубу деп чуркап бардым. Жок! Нурдандын жансыз денесин таштандыдан табышыптыр. Өлүктү таанып-билиш үчүн чакырылган экем. Жансыз дене жатты сулкуюп. Андан эмнени сурайм? Уулумду кимге бергенин биротоло билбейм калдым. Жок дегенде ал өлбөсө бир жерде болсо таап, уулумду кимге бергенин билбейт белем. Акыркы үмүтүм үзүлдү. Эми чындап өлгүм келди. Ошол күндөрдө чын эле өлүп калмакмын, бирок Кудайдын мага деген дагы күндөрү бар экен. Уулумду издей бердим. Аңдыганым эле кичине балдар, кээ бир энелер парктардан мени жинди экен деп ойлой башташты. Менин жашай турган жерим да жок, бир сумка менен эле көчө кыдырып жүрө бердим. Балким, ошол боюнча селсаяк болуп кетмекмин, бирок тагдыр мени бир адамга жолуктурду. Көрсө, аалам жалаң эле жаман адамдардан турбайт экен.

– Маркум продюсер Мурат Ибраимовду айтып жатасыңбы?

– Ооба. Эркиндик бульварында кезиктик. Ал мени эчен күндөн бери байкап, жаш балдарды аңдып жүргөнүмдү көрүп кылмышкер экен деп ойлоптур. Чындап эле балдарды эле тиктеп жүрсөм ошентет да. Ал менин кыймыл-аракеттеримди байкай баштаптыр. Чарчап скамейкада отургам. Жашы 50лөргө таяп калган адам мени тиктеп отурганын сездим. Карагым келген жок. Тиктесе тиктей берсин, мага эмне? Тиктеп-тиктеп тажаганда кетсе керек. Бирок кеткен жок, тескерисинче, жаныма келип отурду.

– Саламатсызбы?- деди ал сылык.

Атамдай болгон кишинин сиз дегенине таң кала карадым. Ооба, шаардагылардын баары ушундай сылык-сыпаа болумуш этип, аркаңдан канжар урушат. Ушундай ойлор келип турду оюма. Кагып салгым келди, бирок ошого да алым жок эле.

– Эмнеге балдарды эле тиктеп жүрөсүң?- деди ал.

Сүйлөгүм келбей тетири бурулдум.

– Мен азыр милиция чакырайынбы? Балким, кылмышкер болуп жүрбө.

Ушул жерден айлап жыйналган ызам жарылып чыкты.

– Чакырыңыз, дагы кимди чакырасыз? Мен кыйын дегендин баарын чакырыңыз. Ошолорго кол жетпей жүрдү эле, мага да жакшы болот.

– Эмнеге?

– Ар түрдүү шылтоолорду айтып иштебей, уулумду издебей жатышат. А мен ушуларды кимге айтсам болот?

– Кандайча?

– Уулум жоголду менин! Менин уулум!- ыйлап жибердим. Канча саат ыйладым билбейм. Эмнелерди айтып жаттым аны да билбейм. Болгону ушул азыраак болсо да көңүл бурган, абалымды сураган адамга дартымды айтып калганга жетишейин деп жаттым окшойт. Кээде адамдар арманыңды угуп жаткандай, ага кейигендей түр көрсөтүшөт. Бирок угушпайт. Ал мени укту... Эмнегедир ошол адам, мамлекеттик деңгээлдеги адам мени укту. Ал кезде мен анын ким экенин кайдан билем. Кийин билдим.

Иши кылып болгон окуяны ыйлап, какап-чакап отуруп айтып бердим. Кеч кирди.

– Ушул жерде каласыңбы?- деди ал жумшак гана.

– Ооба.

Ичимден “азыр үйүмө жүрү же дагы бир нерсени айтат болуш керек” деп турам. Эркектерге менден бир гана нерсе керек экенин билип калгам ал убакта. Жок, ошол учурда ошентип ойлочумун. Ал андай эч нерсе деген жок. “Түндө бул жерде түрдүү адамдар бар. Сен тээтиги жер жабык, ошол жерге барып укта” деген кеңешин айтты да, кетип калды...

– Көчөдө калдым. Башым туман. Ар кайсы жерден уулумдун ыйлаганы угулат. Эптеп уктап алсам дейм, түшүмө кирет. Эмчегимди балкыта соруп жатканы түшүмө кирет. Ошондой күндөрү Айтматовдун Акбарасындай эле улуйм. Ооба, ошондо гана көөдөнүм бошой калгансыйт. Түндө ошентип жатып таңга маал уктап кеткен экем, көзүмдү ачсам бирөө үстүмдү жаап жүрөт. Кечээги ак чач адам экен.

– Сен минтип жүрсөң дагы бирөөнө жем болосуң,- деди кейип.

Үн каткан жокмун. Ал да үн катпай жанымда отурду.

– Түндө уңулдаган сен белең?-деди ал.

– Ооба.

– Ошентип ойлодум эле. Мен мына ушу үйдө турам. Түндө сени уктум. Эртең менен чуркаганы чыгам. Сени көрдүм...

Эмне деп сүйлөрүмдү билбей ийинимди куушурдум. Мага баары бир эле.

– Ачкасыңбы?

– Билбейм.

– Ушуга жакын жерде жакшы кофе саткан жер бар, жүрү кофе ичели.

Ээрчип бастым. Ысык кофе, булочка ичтейимди ачты. Ошондо гана көптөн бери ачка экенимди сездим. Ал байкады окшойт, көп нерсе буюртма кылды. Аябай курсагымды тойгузду.

– Эмне кылайын деген оюң бар?

– Билбейм.

– Сен жашсың, дагы жашай турган жашооң бар. Мен сага жардам берем эгерде кааласаң...

– Ордуна эмне кылышым керек?

– Эч нерсе.

– Бул жашоодо бекер бир нерсе болобу?

– Жок, болбойт. Кийин төлөйсүң!

– Аялыңыз барбы?

– Бар, балдарым, неберелерим да бар. Сен ойлоп жатасың сага аял катары кызыгып жатат деп. Жок, менин көздөгөнүм башка...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан