ЦИТРУС ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН КАБЫГЫН ЫРГЫТПАҢЫЗ

Лимон, мандарин, апельсин, грейпфрут жана башка цитрус өсүмдүктөрүнүн кабыгын майдалап туурап, чайга кошуп демдеп ичсе болот.

Бир нече цитрус өсүмдүгүнүн кабыгын сүргүчтөн өткөрүп, цедрага айлантуу керек. Аралаштырып, чакан идишке салып бөлмөгө, кийим салган шифоньердин ичине же ваннага коюп койсоңуз, бир топко жагымдуу жыттанып турат.

Кабыкты майдалап туурап, атайын муз тоңдуруучу формага салабыз, үстүнөн суу куюп, муздаткычтын тоңдуруучу бөлүгүнө коюп коюңуз. Музду косметикалык каражат катары кечкисин бетиңизге сүртсөңүз болот.

Оозуңуздан жагымсыз жыт чыгып жатса, цитрус кабыгын чайнап коюңуз. Жардам берет.

Үйдөн самын жасасаңыз цитрус өсүмдүктөрүнүн цедрасын кошуп коюңуз, самын сонун жыттанып калат.

Кабыктарды чогултуп, суу кошуп блендерден өткөрүп алыңыз. Даяр аралашманы өсүмдүктөрдүн айланасына чачыңыз, курт-кумурскалар жолобой калат.

Жумуштан чарчап, башыңыз ооруп келгенде ваннаны жылуу сууга толтуруп, цитрус өсүмдүктөрүнүн цедрасын кошуп 10-15 мүнөт жатыңыз. Кадимкидей эс алып, кошумча жыпар жыттанып каласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан