Дмитрий Жумалиев, опера ырчысы: «АТАМДЫ ТААНЫГАНДАР МАГА СЫЙ КӨРСӨТҮШӨТ»

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Турусбек Жумалиевдин уулу, белгилүү опера ырчысы Дмитрий Жумалиев менен тааныштырабыз. Ырчы менен ата-энеси, ой толгоолору, чыгармачылыгы тууралуу сүйлөштүк.

– Дмитрий, саламатсызбы? Жакында Бишкекте жеке концертиңизди бердиңиз, кандай өттү?

– Кудайга шүгүр, жакшы өттү. Мен өлкөнүн Айкидо федерациясында инструктор болуп иштейм да, жайында тушоо кесүү концертимди өткөргөндө Айкидо федерациясынын президенти да конок болгон. Ошондо “Дима, кышында Япониядан сенсей Томохиро Мори баштаган коноктор келет эмеспи. Ошого арнап концерт уюштурбайсыңбы” деп калды. Концертим сенсейге арналды.

– Концерттен кийин кандай сезимдер калды, өзүңүзгө ыраазы болдуңузбу?

– Өзүмө ыраазы болгон учур боло элек. Дагы иштешим керек, машыгып, өсүп-өнүгүшүм зарыл дей берем. Өзүмдүн ырдаганымды уккум келбейт.

– Негизи, операга элдин келүүсү кандай? Эстрадалык концерттер менен атаандашуу кыйын да?

– Азыр эл көп келе баштады, мурун аз келчү. Жеңил нерсени адам бат кабыл алат да. Ошондуктан поп музыка жөнөкөй элге бат тарап, бат кабыл алынып кетет болуш керек. Классика уккан адамдар өзүнчө бир категория. Байкаганыма караганда, шаарда өскөн, көп жыл шаарда отурукташып калгандар, интеллигенция өкүлдөрү көп келишет. Операны туура пропаганда кылып, элге тегиз жете тургандай жайылтышыбыз керек. Операга биринчи жолу келгендер “башкача ырахат алдым” деп көп айтышат.

– Сиздин чыгармачыл жолго түшүп калганыңыз боюнча сүйлөшсөк...

– Ыраматылык энем бир күнү “балам, сени ойлонуп кабатыр болом. Иштеп жаткан жумушуңда көп тобокелге барасың. Сенин ырдап жүргөнүңдү эле каалайт элем” деди. Ошондон кийин чыгармачылыкка эле барайынчы дедим. Кайсы жерде иштегенимди айтпай эле коёюн. Жумушумдагы жобого ылайык, кызматкер жалгыз бала болуп, атасы же энеси 1 же 2-топтогу майып болсо, жумуштан чыгып, кайсы бир убакта кайра жумушка келсе болот. Ошол жобого ылайык, жумуштан кетип, Опера жана балет театрына солист катары жумушка кирип иштеп калдым. Иштеп жатканыма бир жыл болду.

– Апаңыз айтканы үчүн келдиңизби? Ырдоого кызыгууңуз бар беле?

– Мен эч качан фанат болгон жокмун. Атам, энем экөө тең Москвадан окуп келишти да. Артисттердин арасында чоңойсом да негедир артист болбойм дечүмүн. Ырчылыкка апам айтканы үчүн эле келген жокмун, ырдаганды жакшы көрчүмүн. Апам туура кеңеш берип жатканына ынандым. Консерваторияга кантип тапшырып калганымды айтып берейин. Сыргак деген досум бар, бир кезде атамдын колунда актёрдук чеберчилик боюнча окуп калган. Биздин үйдө жашады, дос болуп калдык. Ал Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда окуп жүргөндө мен Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында окучумун. Сыргак мага келип “компьютерден ушул ырларды коюп берчи” дейт. Экөөбүз Лучано Паваротти, Дмитрий Хворостовский, Лео Нуччи сыяктуу дүйнөлүк ырчыларды укчубуз. Ал кыйкырып кайталап ырдайт, мен да ага кошулуп бакырам. Бир күнү ал “Дима, сен вокалга барышың керек окшойт. Агайларга айтайын, ырдап көр” деп калды. Макул болдум. Эмиль Омуров байке менен сүйлөшүп коюптур, угуп көрүп, ал дагы “ырдашың керек экен” деди. Ошондон баштап өзүм да кызыгып калдым. Анан жөн эле ырдай бербей окушум керек да деп Башкаруу академиясында сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, Консерваторияга тапшырдым. Бир учурда кайра ырдагым келбей көңүлүм чөккөн учур да болду. Кичине кезимде кыялданган бир кесип бар болчу, ошого аракет кылып көрөйүн дедим. Ошентип искусствого тиешеси жок жерге жумушка кирип иштеп калгам.

– Жакшы. Атаңызга кайсы сапаттарыңыз окшош?

– Мүнөзүм энемдикине окшош. Атама үнүм окшош болушу мүмкүн, айрымдар ошентип айтып калышат. Бир жолу концерт алып барып жатсам, сахна артынан угуп, “Турусбек алып барып жатабы деп издеп келдим” деп бир байке келиптир. Атам боорукер, жумшак, оор басырыктуу, көп нерсени көтөрө билген сабырдуу адам. Мен ачууга бат алдырам.

– Ата-бала отуруп сырдашып каласыздарбы?

– Сырдашпайбыз, көп деле сүйлөшпөйбүз. Ыраматылык энем менен кээде сырдашып калчумун. Энем экөөбүз сүйлөшпөсөк деле бири-бирибизди сезип турчубуз. Атам экөөбүз сыйбыз, өтө жакын эмеспиз. Эркек бала энесине жакын болот дейт го. Ошол сөздө чындык бар окшойт.

– Энеңизди эстегенде кандай учурлар көз алдыңызга тартылат?

– Энем пейили кенен, боорукер, жакшы адам болчу. Көп сүйлөчү эмес. Атам экстраверт болсо, энем интроверт болчу. Көп нерсени ичине сактачу. Мен да энемди тарткам. Энеме эркелечүмүн. 3 балалуу болуп калганда деле эркелей бердим. Энем ооруду да, оору менен көп алыштык. Ооруканаларга тамак ташып жүргөн күндөрүм көп болду. Кичине кезимди эстесем, ошол күндөр эсиме келет. Жашообузда оор учурлар көп болуптур.

– Элге белгилүү адамдын уулу болуунун жоопкерчилиги кандай?

– Ооба, бул чоң жоопкерчилик. Жашооңдо бир нерсе болсо “тигинин баласы” дешет да. Абайлап жүрүш керек. Бир чети эл сыймыгы болуп калган Эл артистинин баласы болуш чоң сыймык. Атамдын атын укканда эле мени сыйлай башташат. Анча-мынча жерден жумуштарым ушундай кишинин баласы болгондуктан жеңил бүтүп калат. Бир чети жоопкерчилик болсо, экинчи чети сыймык.

– Ушул себептүү жашооңузда чектөөлөр көп болдубу?

– Мен чектөөлөрдү жаман көрөм. Эркин болгон жагат. Бирөөнүн кандай жашашты, эмне кылышты үйрөткөнүн жаман көрөм. Кичинемден каалаганымды кылам. Кандай болгон күндө дагы атактуунун уулу болгондон кийин баары бир жоопкерчилик болот. Кээ бир жерден өзүңдү көзөмөлдөп каласың.

– Спортко кантип аралашып калдыңыз?

– Спортко кичинемден кызыкчумун. Жан Клод Ван Дамм, Жеки Чан, Брюс Линин кинолорун кызыгып көрчүмүн. Волейбол, баскетбол, бокс, күрөш, эрежесиз эр уруш менен машыгып көрүп, акырында айкидого токтолдум. Чыңгыз Кайназаров аттуу шеф-инструктор бар, ошол агайга барып машыктым. Агай айкидо эле эмес, жашоодо да көп нерсеге үйрөттү. Чыңгыз агай менен көп сырдаштым. Акыл-насаатын айтып, кеңешин берип турат. Агай экинчи атамдай болуп калды. Өмүр бою Айкидо менен машыгам деп ойлойм. Жашоо – бул кыймыл дейт го. Спорт менен машыксаң ден соолугуң чың, ойлоруң таза болот.

– Кичи мамлекетиңизде баары жакшыбы?

– Жакшы, Кудайга шүгүр. Татынакай жубайым, 4 балам бар. Чоңоюп жатышат.

– Кыялданганыңыз эмне?

– Жан дүйнөмдө тынчтык болуп, ал тынчтык өмүр өткөнчө сакталса деп кыялданам. Материалдык жактан деле кыялдарым бар. Бирок негизгиси ушул. Жан дүйнөсүндө тынчтык бар адам эң бактылуу адам го дейм.

– Сонун. Ошол бейпилдикке жетиңиз, ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан