СЫЙКЫРГА ТОЛГОН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ТАСМАЛАР

Көптөн күткөн жаңы жылдык шаң жана, албетте, эс алуу күндөрү келди. Жылуу үйдө ысык чай ичип, мандарин жеп, сыналгыдан жаңы жылдык тасмаларды көрүп отурганга эмне жетсин?! Экранда болсо баягы эле “Үйдө жалгыз” же болбосо “Жеңил парыңыз менен!” тасмаларын көрсөтүп жатат. Жыл сайын кайталанма тасмалардан тажасаңыз, киночулардын 2021-2022-жылы тартылган сыйкырга ишендирген башка эмгектерин да сунуштайбыз.

“Ханбийкенин ордунда-3: Жылдыз менен сүйүү баян”

Орусча аталышы – “На месте принцессы-3: Роман со звездой”

Чыккан жылы – 2021-жыл, 18-ноябрь

Тарткан өлкө – АКШ

Режиссёру – Майк Рол

Жанры – драма, мелодрама, комедия

Башкы ролдордо – Ванесса Энн Хаженс, Реми Хай, Сэм Палладио, Ник Сагар жана башка

Аталышынан байкаганыңыздардай эле, бул тасма франшизанын 3-бөлүгү. Өз күйөрмандарын тапкан трилогиянын 2021-жылкы бөлүгүндө актриса Ванесса Хаженсти кайрадан үч образда көрө аласыз: ханбийке Маргарет жана ага коёндой окшош курбусу Стейси жана бөлөсү Фиона айым. Бири-бирине куюп койгондой окшош 3 айым биригип, эл аралык кылмыштын бетин ачышы керек. Рождество майрамынын алдында Монтенаро падышалыгына Ватикандан баалуу экспонат эсептелген – дүйнөлүк жылдыз алып келинет. Бирок падышалыктын эли экспонатка суктанып бүтө электе жылдызды уурдап кетишет. Жылдызды табыш үчүн Маргарет, Стейси жана айлакер Фиона план түзүшөт. Үч кыздын күлкүлүү жоруктары көрөрманды кайдыгер калтырбайт. Андыктан бул тасмага короткон убактыңызга өкүнбөйсүз.

“Рождество аттуу бала”

Орусча аталышы – “Мальчик по имени Рождество”

Чыккан жылы – 2021-жыл, 18-ноябрь

Тарткан өлкө – Улуу Британия, Франция

Режиссёру – Гил Кинан

Жанры – фэнтези, мелодрама

Башкы ролдордо – Генри Лоуфулл, Тоби Жонс, Зо Маргарет Коллетти, Мэгги Смит жана башка

Бул тасма өзгөчө жаш балдарга ылайыкталган. Сүйлөшкөндү билген жаныбарлар, жомокто гана кездешкен эльфтер... Жаңы жылдык сыйкырга бай тасма Николас аттуу бала жөнүндө. Апасынын көзү тирүү кезинде баласын атынан атабай, Рождество деп чакырар эле. Себебин Ник да, атасы да билчү эмес. Апасы каза болгондон кийин атасы экөө чакан үйдө жашоосун улантышат. Ал мезгилде Рождество майрамы жөнүндө түшүнүк жок болчу. Бир күнү падыша элге үмүт, шаң тартуулай турган нерсени тапкыла деген буйрук чыгарат. Белгисиз нерсени издегени Никтин атасы да жолго аттанат. Айлар өтөт, атасынан кабар жок. Ник жалгыз досу чычкан Мика менен атасын издеп табышы керек. Кайдан издейт? Атасы падышалыктын эң алыскы бурчунда, карга чулганган тоо-талааны аралап өтөндөн кийин эльфтер жашаган Эльфгельм кыштагында болушу мүмкүн. Ник менен Мика Эльфгельмге тирүү жетеби же жолдо тоңуп кала береби? Жоопту тасмадан табасыз.

“Унутулгус Рождество”

Орусча аталышы – “Незабываемое Рождество”

Чыккан жылы – 2022-жыл, 10-ноябрь

Тарткан өлкө – АКШ

Режиссёру – Жанин Дамиан

Жанры – мелодрама, комедия

Башкы ролдордо – Линдси Лохан, Корд Оверстрит, Жорж Янг, Жек Вагнер жана башка

Үй-бүлө мүчөлөрү менен коркпой-үркпөй, уялбай чогуу отуруп көрчү тасмалардын бири “Унутулгус Рождество”. Бул тасмадан сөзсүз түрдө кыштын сулуулугун, ак карга оронгон табияттын кооздугун, жаңы жылдык шаңды байкайсыз. Анан да көпчүлүк тааныган Голливуд актрисасы Линдси Лохан баш каармандын образында. Тоого лыжа тепкени барып, кырсыктын кесепетинен эс-тутумун жоготкон байдын кызы ошол аймакта кызы менен жашаган адамдын үйүнө барып калат. Байдын эрке кызынын жоруктары, жаңы жылда келген сүйүү, хэппи енд! Сюжетте өзгөчөлүк жок болгону менен, тасманын сапаттуулугу жана, албетте, бардыгын сүйүү, жакшылык жеңет деген үмүт тартуулоосу тасманын башкы жетишкендиги.

“Сүйүүнүн байкалбаган жыты”

Орусча аталышы – "Неуловимый аромат любви”

Чыккан жылы –2021-жыл, 5-ноябрь

Тарткан өлкө – АКШ

Режиссёру – Эрнан Хименес

Жанры – мелодрама, комедия

Башкы ролдордо – Нина Добрев

“Вампирдин күндөлүгү” сериалынын күйөрманы болсоңуз, анда бул тасманы да сөзсүз көрөсүз. Анткени Елена Гилберттин ролу менен таанылган актриса Нина Добрев “Сүйүүнүн байкалбаган жыты” жаңы жылдык тасмасында башкы каарман. Лос-Анжелес шаарында жашаган Нэталинин сүйүүдөн жолу болбой келет. Акыркы сүйүү романы үй-бүлөлүү экенин жашырган мырза менен болгон. Жигитинин калпы чыккандан кийин андан кол үзгөн Нэтали интернеттеги таанышуу сайтынан Тэг менен таанышат. Сүрөтүнөн журналдын башкы бетиндеги моделдердей көрүнгөн “красавчик” Тэгдин дүйнө таанымы да кызга жагат. Канча убакыттан бери карматпай, байкалбай келе жаткан сүйүүнүн жытын, балким, дал ушул башка шаарда жашаган жигиттен табаттыр. Сүйүү үчүн аралык тоскоол эмес деген Нэтали Тэгге сюрприз кылып, айтпай-этпей эле ал жашаган шаарга келет. Кыздын алдынан сүрөттөгү жигит эмес, бою кичинекей, өзүнө ишеними жок, фотошоптун “акесин тааныткан” Жош чыгат. Нэтали эмне кылат? Сүйүүдөн такыр эле көңүлү калып, артка бурулабы же?..

“Зоинин өзгөчө рождествосу”

Орусча аталышы – “Необыкновенное Рождество Зои”

Чыккан жылы – 2021-жыл, 1-декабрь

Тарткан өлкө – АКШ

Режиссёру – Ричард Шепард

Жанры – мюзикл, комедия, драма, фэнтези

Башкы ролдордо – Жейн Леви, Скайлар Эстин, Мэри Стинберген, Питер Галлахер, Бернадетт Питерс жана башка

Мюзикл жанрын жактыргандар барбы? Бул тасма сиз үчүн. Башын МРТга тарттыргандан кийин музыка аркылуу адамдардын оюн, кыял-каалоолорун уга баштаган Зои аттуу кыз жөнүндө “Зоинин өзгөчө плейлисти” аттуу сериал тартылган. 2021-жылы Зои тууралуу “Зоинин өзгөчө рождествосу” тасмасы тартылды. Тасмада кыздын атасы каза болгондон 8 ай өткөн мезгил тартылат. Алдыда Рождество майрамы, бирок Зоиде мурункудай маанай, каалоо жок. Үй-бүлөлүк майрамдарды шаңга бөлөгөн атасы Митч болчу. Эми ал жок, үй-бүлө мүчөлөрү ар кимиси ар жакта майрамдаганы жатат. Зои атасын жоктотпой, өзү майрамдык кече уюштурууну чечет. Мурда-кийин майрам уюштурууда тажрыйбасы жок кыз бир топ тоскоолдуктарга кабылат. Жакындарын бириктирүүгө Зоинин алы жетеби? Тасманы көргөндөн кийин жооп жазып коюңуз, окурман. Жаңы жылыңыз менен!

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан