Самат Курманкулов, Кой-Таш окуясында жаракат алган генерал-майор: «АЙЫГЫП, МИЛИЦИЯГА КАЙТЫП БАРАМ»

Самат Курманкулов – Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, милициянын генерал-майору. 2019-жылы Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башына таш тийип, оор жаракат менен ооруканага түшкөн. 4 жылдан бери ден соолук үчүн күрөшүп жаткан генералдын абалын сурап кайттык. Каарманыбыз бир күлүп, бир ыйлап, ичиндеги бугун толук түшүндүрүп айта албай кыйналып жатты. Андай учурда Самат мырзанын жубайы Аида айым маекке кошулуп, баштан өткөргөн оор учурларын айтып беришти. “Саматтын абалын сурап келип, көбү видеого тартып, сүрөткө түшүп кетишет. Анын баары элге тарайт, балдарыма атасынын ошондой абалын сыналгыдан кайра-кайра көрүү оор болуп жатат. Ошондуктан мындан ары ЖМКларга чыкпайлы деп чечтик, биздин абалды түшүнүү менен кабыл алууну суранат элек”,- дейт жубайы.

– Саламатсызбы, Самат мырза? Ден соолугуңуз калыбына келип жатабы?

Самат Курманкулов: – Саламатчылык, карындашым, өзүң көрүп тургандай, мен жакшымын. Жубайым, балдарым менен Жаңы жыл тостук. Элим аман болсун. Биринчи кезекте кааларым ден соолук, элим ден соолукта болсун (ыйлап).

Аида Курманкулова: – Куш келипсиңер. Саматты жакында Москвага дарыланууга алып барабыз. Ал жакта күчтүү дарыгерлер бар, жакшы карашат. Саматтын кырсыктаганына 4 жыл болот жакында. Жашообуздагы эң бир оор күндөрдү баштан өткөрдүк, дагы деле өткөрүп жатабыз. Тилегенибиз эле Саматты айыктырып мурунку калыбына келтирүү, бирок бул абдан оор жана түйшүктүү иш экен. Бизде Самат эле ооруган жок да, үй-бүлөбүз менен ооруп жатабыз, күндө ойлонобуз, санаа тартабыз, баарыбыздын кыялыбыз – атабыздын ден соолугун калыбына келтирүү.

– Пенсияңызды көбөйтүп берүү боюнча тиешелүү мекемелерге кайрылдыңыз эле, натыйжа чыктыбы?

С. К.: – Жок, пенсиямды көбөйтүшкөн жок. Бул маселени ИИМ чече албайт экен, өкмөттүн деңгээлинде чечилчү иш дешти. Өкмөткө кайрылсак, социалдык коргоо кызматкерлери келип "1 жылда бир жолу 20 миң сомдон жардам бере алабыз" деп ошол сумманы таштап кетишти. Учурда пенсиям 21 миң сом, бул акча дарылануума жетпейт. Пенсиямдын үстүнө кошуп беришсе жакшы болмок. 5 балам бар, улуу кызым студент, кичүү балам бала бакчага барат, калгандары мектепте окушат. Жок дегенде ошолордун окуусу же коммуналдык кызматтар жагынан жеңилдик болобу десек болгон жок. ИИМге таарынычым жок, дайыма колдоп келет. Милицияда иштеп кадыр-барк топтогон экенмин, көп балдарды жумушка киргиздим эле, ошол балдар келип абалымды сурап турушат.

А. К.: – Ооба, жолдошумдун кесиптештери же жөн эле катардагы жарандар коюн союп, чучук, картошка, таттууларынан бери көтөрүп келип “Самат байке, ооз тийип коюңуз” деп кетишет. Саматтын пенсиясы боюнча дагы деле тиешелүү кызматтарга кайрылып жатабыз. Атайын реабилитациялык физкультура, башына тамчылатма дары алат. Күчтүү дарыларды көп ичкенден улам токсикалык гепатит менен да ооруп калды, анализдери абдан кымбат. Элден акча чогулганда Москвага барып дарыланабыз да ошону менен токтоп калат. Такай дарыланып туруш үчүн дайымкы кирешеге муктаж болуп жатпайбызбы, ошого пенсиясын көбөйтүп берсе дедик эле.

– Аида айым, бейтап гана эмес, аны карап кам көргөн адам да кыйналат. Жолдошуңуздун башына түшкөн сыноону кабыл алуу абдан кыйын болгондур?

А. К.: – Самат 1 ай Москвадагы Николай Бурденко атындагы нейрохирургиялык ооруканада комада жатты. Операциядан кийин жаңы төрөлгөндөй болду, жаш баладай эле болуп калат экен. Эң оор күндөр комадан чыккандан кийин башталды. Ажатканага алып барасың, жуунтасың, тамакты мурдуна салынган түтүк аркылуу иччү. Мээсинин сол бөлүгү оюлуп ичкери кирип кеткен, баш сөөктү кийин 4 айдан кийин жабышты.

С. К.: – Комадан чыгып көзүмдү ачсам эле балдарым бутумду кучактап ыйлап турушуптур (ыйлап). Азыр баскандан кыйналам, ажатканага өз алдымча барайын деп кээде жетпей калам, буттарым тырышып калат.

А. К.: – Учурда эң оору – балдарыбыз менен мамиле болуп жатат. Балдарым башында “атабыз айыгат, мурунку калыбына келет” деп аябай ишенишкен да, азыр андай болоруна көздөрү жетпей, үмүттөрү сууп, депрессия болуп жатышат. Айрыкча экинчи кызым Канышай атасына аябай жакын эле, мектепте жалаң бешке окучу. Акыркы күндөрү окууга көңүлү чаппай ойго түшүп кетти. Өткөндө Самат ажатканага жетпей полго заара ушатып салган экен, аны тазалап жатсам балдарым көрүп дагы көңүлдөрү чөктү. “Апа, бул күндөр качан бүтөт?” деп ыйлашат. Кызым Канышай “тарс” деген үн чыкса эле чочуй берет, “атам кулап кеттиби, эмне болду” деп. Айтор, Саматтын ден соолугуна да, балдарымдын психологиялык абалына да кыжалат болуп турам. Оорукчан адамды кароо чын эле оор экен, бирок Саматтын айыгып кетеринен үмүтүмдү үзбөйм.

С. К.: – Ооба, мен айыгам. Айыгып, кайра милицияга, жумушума кайтып барам.

А. К.: – Кудай буюрса, оомийин дейли. Байкеңер 1-топтогу майып, ушул жылы сентябрда дагы ооруканага жатабыз, ошондо комиссия текшерет. Эгер комиссия дени сак, ишке жарамдуу деп тапса, Самат кайра милицияда иштей берсе болот экен. Анткени генерал-майор деген наамы бар. Ага чейин Саматты басып кет, мурунку калыбыңа кел деп жатам. Бул нерсе адамга стимул берет.

– “Мага башында Бишкекте туура эмес операция жасап коюшкан” деп айткан экенсиз бир маегиңизде?

С. К.: – Ооба, башыма Бишкектен операция жасашканда практиканттар жасашыптыр. Москвадагы дарыгерлер “Самат, башыңды каша кылып коюшуптур” деп айтышты.

А. К.: – Ар кимдин үстүнөн даттангым келбейт. “Бул жардам берди, тиги берген жок, ал туура эмес кылды” деп териштирүү жүргүзгөнгө азыр алыбыз жок. Кудайдын буюрганы болду, мындан кийинкиси жакшы болсун дейбиз.

– Самат мырза кырсыктаганга чейинки жашоого бир кылчаялы. Эмнелерди кыялданчу элеңиздер?

А. К.: – Кыялданганыбыз эле ушул 5 абалабызга татыктуу тарбия, билим берүү эле. Самат үй-бүлөгө камкор жолдош, оң-солго басып мени ыйлаткан жок. Эркелетип гана турчу. Жадакалса ошол кырсык болор күнү да “Айка, эмне кылып жатасың?” деп тийишип, телефондон бирдемелерди жазып жибериптир. Акыркы күндөрү аябай ачуулуу болуп кеткен. Күнү-түнү иштейт, жумушунда жалаң буйрук аткарат. Тажаганда “милициядан кетчи, эл бизнес менен деле оокат кылып жатат” десем болгон жок, жумушун аябай жакшы көрөт. Мен деле “шуба кием, бриллиант тагынам” деген жокмун. Туулган күндөрүмдө да базарга алып барып спорттук кийим алып берчү. Кыздарым “апа, жок дегенде көйнөк алдырбайт белеңиз” деп күлүшөр эле. Саматтын мурунку калыбына келишине бүт аракетибизди кылабыз.

С. К.: – Элге ыраазымын. Жардам бергендердин баарына рахмат айтты деп жазып койчу. Азыр намаз окуйм, элге дуба кылам. Эл да мага дуба кылып койсун.

– Макул. Эртерээк сакайып кетишиңизге тилектешпиз!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Adi010891
2023-01-16 10:06:00
Тубуно Соке колхоз жетти, азыр кой ушул бала атайын тапшырманы аткарып атып, иш учурунда ушундай майып болуп калды эле деп жардам берип койсо деле болот болчу
0
Taalaibek.
2023-01-17 20:36:00
Генерал-майор?
0
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан