КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Анан:

– Тигилериңе айт, мен бир да суроого жооп бербейм, айта турган сөзүм жок. Кааласа камай берсин,- деп кошумчалады. Тергөөчү да, опер кызматкерлер да сүйүнүп кетти. Бирок мен анын сөзүн которгондон кийин кайра шаабайлары сууй түштү.

– Ушул кантип болсун?!- деди тергөөчү.

Анан мага кайрылып:

– Эптеп бир нерсе кылып сүйлөтүңүз,- деди жылмайганынан жазбай. Көзүм чакчайып кетти.

– Менби?- десем:

– Ооба,- дейт кенебей.

– Кызыксыз го, мен кантип сүйлөтөм? Эмне кылып сүйлөтөм? Эмне кылалы? Сабайлыбы? Же тепкилейлиби?- дедим. Дагы бир нерсе айтайын деп жаткам. Бирок кылмышкер тарапка башымды бура салып айтар сөзүмдү таппай калдым. Ал башын көтөрүп, мени теше тиктеп туруптур. Кылмышкердин бизди угуп жатканы, биздин ар бир сөзүбүздү так түшүнүп отурганы мага ошондо жетти.

Шашып кеттим. Көз карашы эле жаагымды жап кылды. Көздөрү атырылса мени талап, тытып, төрткө бөлүп салчудай, шак эле тура калып менин кекиртегимди үзө тиштечүдөй туюлду. Бүрүшө түштүм. Анан жанымдын барынча колумду булгалап, өйдө көтөрдүм:

– Апей, ачууңду бас! Жумушубуз жаман болгон менен, өзүбүз жакшы эле кишилербиз. Кээде биз деле ушинтип тамашалашабыз. Тамаша, бул! «Тамаша» деген сөздү эмнеге айтканымды билбейм. Алдымда тамашаны түшүнө турган киши тургансып ошенттим... Ичим муздап кетти. Анын «өзгөчө кылмышкер» экенин ошондо түшүндүм. Баары мени карап калды. Кырдаалдан чыгыш үчүн ага эмне дегенимди тергөөчүгө которуп бердим. Сурак ошентип бүттү. Сүйлөтө албай койдук. Жадакалса кол койгондон баш тартты. «Айыпталуучу катары сурактын» алдына кылмышкерден башка баарыбыз «Кылмышкер көрсөтмө бергенден баш тартты» деп кол койдук. Тергөөчү, эки опер кызматкер, эки күбө, мен...

Кылмышкерди опер кызматкерлер алып кетти, мен үйгө котормо алып кетмей болуп кармалып калдым. Тергөөчү электрондук почтамды, канча күндө которуп бүтөрүмдү сурады. Мен анын психологиясын ичимден таразалап отурдум, ал кылмышкердин психологиясын таразалап, мага майдалап айтып берип жатты. Деги эле шашпайт. Анан негедир:

– Сиз бул кылмышкерден корктуңуз окшойт?- деп сурады. Кыжырым келди. Ичимден «жаңы эле жумушка кирсе керек» деп ойлодум. Анан «күчтүү адамдар күлүп жүрөт, күчтүү адамдар баарын күлүп жеңет» дегендерден болсо керек деп ойлодум. Акылды ашыра үйрөткөн шыктандыруучу китептердин чыныгы окурмандары ушулар да. Жанатан бери ашкере сылыктыгы, күлүп тамашалаша бергени мээме жете түшүптүр. Кыжырымды жашыра алган жокмун.

– Мен бардык эле кылмышкерлерден корком,- дедим.

– Канча жылдан бери котормочу болуп иштейсиз?

– Жети жылдан бери. Сегизинчи жылга карады.

– Хм... Жети жыл иштегенге окшобойсуз. Жети жылдын ичинде коркунуч калбай калыш керек болчу да. Жан дүйнөңүз назик болсо керек.

Күлдү. Мени билбей туруп эле ушинтип жыйынтык чыгарып койду. Башым ооруп чыкты. Буюмдарымды, барактарымды үндөбөй жыйнап, салыштырып кирдим.

Тергөөчү:

– Кофе ичесизби?- деп сурады.

– Жок, үйгө кетем,- деп кесе айттым. «Машине менен жеткирип коёлу» дегенине да көнбөй койдум. «Жөө баскым келип жатат» деп шылтоо айттым. Тергөө бөлүмүнөн чыккандан кийин бир нерсени эстеп өкүндүм. Тергөөчүдөн «сен канча жылдан бери тергөөчү болуп иштейсиң?» деп сурабаптырмын. Бул «сен качан жасалма жылмайганыңды токтотосуң? Качан жылмайбай, жылмая албай каласың?» деген эле суроо болчу. «Адамдар ыксыз шаңдуу болбосо» деген сезим менде качан, кантип пайда болуп калганын билбейм, бирок мындай сезимдин пайда болгонуна көп эле болду. Балким, Москвага келгенден бери ушундаймын, балким, ушул жумушка киргенден бери ушундаймын. Өзүм деле өзүмдү байкап, тыңшап, ички дүйнөмө баа берип көрбөптүрмүн. Бактылуу же бактысыз экенимди түшүнбөйм. Тез кыжырым келет. Бирөө жан дүйнөмдү «кармалап» кирсе жактырбайм. Жан дүйнөнү «кармалап» жиберген адамдарды жактырбайм. Бул тергөөчүнү да ошон үчүн жактырган жокмун. Бирок адамды күлбөй калсын деп тилеп, күтүп жатканым өзүмө жаккан жок. Уялып калдым...

ххх

– Күндөлүк жазгым келди, эже. Менин ушундай адатым бар, бирөөнү сүйүп калганда күндөлүк жаза баштайм. Анан жанталашып блокнот издедим. Жаңы блокнот таппадым. Бир блокнотту ачсам, Аскат жөнүндө жазгандарым бар экен. Карасам, 5-6 эле барак жазыптырмын. Көрсө, мен аны бир блокнотко толбогон сүйүү менен эле сүйгөн турбаймынбы. Аябай көп сүйүүдөй, чоң сүйүүдөй сезилди эле. 10 баракка жетпеген эле сүйүү экен...

– Аскатты көрсөм «бир блокноттук деле сүйүү болбопсуң» деп сөзгө жыкпасам элеби...

– Бир блокнот болбогонун Аскат билет.

– Беш баракка араң арзыганын билеби?

– Ооба, билет. Ушул блокнотторду жоготушум керек. Кокус өлүп калсам шерменде болом.

– Менимче, Аскат көбүрөөк шерменде болот. Сен эмес... Блокнотко жалаң жигиттерди эле жазасыңбы же күндөлүкпү?

– Жок, жигиттер эле.

– Кызык «жанр» экен...

– Маселен, «Аскат, баланчанчы жыл» дегендей. Бүгүн ошол эле блокноттун тескерисине «Артур, 2014-жыл» деп жазып койдум.

– Жинди... Эки сүйүү бир блокнотко кантип батат? Артуруң ким эле?!

ххх

«Кел эле кел, жолугалы эле жолугалы» дей бергенинен Макмалга барып келдим. Макмал, анын жигити болуп кафеге бардык, сүйлөшүп отурдук. Анын жигити мени жактырбайт, мен аны... Жактырбаганыбызды экөөбүз тең жашырбайбыз. Ал мени таанып-тааный электе эле «сен туура эмес жашайт экенсиң» деген мага. Мен деле андан кем калбайм да, дароо «сенчи? Сен туура жашап жатасыңбы?» деп сурагам. Туура жашап жатам деп ойлойт экен. Дагы бир жолу «аял киши казан менен очоктон, эрден бийикти көксөбөш керек» деди. Көксөөнүн, кыялдын чеги жок экенин билбесе керек... Анын адамдын ой-кыялына чектөө койгусу келген дымагы менен жашаган жашоосу дал келбегенин айткым келди, бирок тартышкым келбей, «макул» деп койгом. Ошондон бери ал мени көргөн жерде тынбай «ичпе, чекпе, ойнобо, күлбө, Кудай тууралуу эркин сүйлөбө, эркектен өйдөсүнбө, баш ий, эркек болсо эле болду, таап эрге тий» деген сыяктуу өзүнө ылайык эрежелерин айта берет. Мен анысына ар дайым «мындай эрежелер менен ыйык кишилер гана жашай алат» деп жооп берем. Какшыгымды түшүнөбү, түшүнбөйбү, билбейм, бирок өзүн андан бетер «ыйык» сезгени чын... Экөөбүз бул жолу андай чоң, философиялуу темаларга өткөн жокпуз, бирок ал мага «сен катуу күлөт экенсиң, акырын күл» деп эки жолу эскертүү берди. Акырын күлгөндү үйрөнсө болобу, болбойбу деп ойлонуп калдым. Үчүнчү эскертүүгө жеткирген жокмун. Бир карасам, оозумду колум менен жаап алып пыкылдап күлүп жатыпмын. Үйрөнсө болот окшойт...

Тамактанып бүткөндөн кийин үчөөбүз соода борборун кыдырдык. Макмал ага куртка алып бермей болду, куртка издедик. Улам бирин кийип, бирин чечип, мен зеригип кеткенче издедик. Анан ал 40 миң рублдук булгаары куртканы тандады. Менден тартынып, уялып деле койгон жок. Менин көргөнүм курусун, анын куртка кийгени курусун… Макмал эмне иш кылганын, канча акча тапканын, кандай кыйынчылык менен каражат таап, эки уулун багып жатканын билбесем, анан да жигитинин эмне иш кылганын, канча акча тапканын, экөөнүн бюджети эки бөлөк экенин билбесем, мынча кейибейт элем. Макмалдын жигити көзүмө сулуу көрүнбөй калды. Жылаңач эле кала турган киши экен…

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан