КЫШЫНДА УНАА АЙДООНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ

Кышында унаа айдоо айдоочудан белгилүү бир билимди, көндүмдөрдү талап кылат. Алардын айрымдарына токтолобуз.

Сапарга чыгардан мурун буларды текшериңиз: бурулмасы (поворотник), айнек тазалагычы (дворник) иштей турганын, жакынкы жана алыскы жарыгы оң экенин.

Ылдамдыкты эч качан көбөйтпөңүз. Катуу ылдамдыкта тайгаланып кетүү коркунучу жогору жана токтотуу кыйыныраак.

Бурулуштарда, ылдый, өйдө жолдордо алаксыбаңыз.

Аралыкты сактаңыз. Кышында жылуу мезгилге караганда алдыдагы машинага чейинки аралыкты 2 эсеге алыстатуу керек. Ошондой эле каптал аралыкты да эстен чыгарбоо керек, айрыкча түз эмес жолдордо.

Ылдамдыкты жай көтөрүңүз жана токтотордо да жай токтотуңуз. Педалды же тормозду дароо басуу тайгаланып кетүүгө жол ачат. Айрыкча бул жолдун үстү кар менен жабылган учурда же музда кооптуу.

Дөңгөлөктү иштеткичтин (привод) түрүн эске алыңыз. Кышкы мезгилге 4 дөңгөлөгү тең иштеген үлгүлөр жакшы. Мисалы, арткы дөңгөлөгү тарткан унаа тайгаланып кетсе, газды коё берип же тормозду дароо кыска басуу керек. Эгер алдынкы дөңгөлөгү тарткан унаа тайгаланып кетсе, анда бир аз ылдамдатуу жардам берет.

Жолдун четинен качыңыз. Жолдогу унаа салган изден чыгуу жол жээгине же жолдун башка эч кандай жол салынбаган бөлүгүнө айдап чыгуу сыяктуу эле кооптуу. Муз түшкөн жерде ар кандай маневр жасоого жакын жерде башка унаалар жок кезде гана минималдуу ылдамдыкта уруксат берилет.

Туура токтотуңуз. Унааңызда ABS бар же жок экенин эске алыңыз (ABS – бөгөт коюуга каршы тормоздук систем). ABS менен тормозду басуу оңой, толук токтогуча тормозду коё бербей турасыз. Эгерде ABS жок болсо, анда тормозду кыска-кыска, улам-улам басуу менен ылдамдыкты жайлатышыңыз керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан