Жан Сабыров, ырчы: “УНААМ – МЕНИН БИРИНЧИ АЯЛЫМ”

Шоу-бизнесте стилдүү, келбеттүү, ошол эле учурда бойдок мырзалардын катарын толуктайт бул жигит. Минген “тулпары” да ошол стилин толуктап тургандай. “Унаам – менин биринчи аялым” деген ырчы апакай Лексусуна аяр мамиле жасап, таза кармап, күйүүчү майды толтура куюп алып жүргөндү жактырат экен. Анда кеттик, Жан Сабыров жарым жыл мурда алган аялы, ой, унаасы менен тааныштырат.

Үлгүсү – Lexus GX470

Чыккан жылы – 2006-жыл

Түсү – ак

Кыймылдаткычынын көлөмү – 4700 сантиметр куб

Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 200 чакырым

Баасы – 23 миң доллар

– Салам, Жан. 123 JAN – унааңыздын номери “мени кара” дейт го...

– Салам. Ооба, ошентип “кыйкырып” турсун деп ушул номерди 20 миң сомго сатып алгам. Алганыма 2,5 жыл болуп калды. Мурдагы унаамды айдап жүргөн кезде эле бул номер бар болчу. Башында жасалма номер деп ойлоп көп жолу МАИ кызматкерлери тосуп жүрдү. Азыр тоспой калышты.

– Сыр болбосо, бул унааны шоу-бизнестен тапкан каражатыңызга алдыңызбы?

– Бир гана шоу-бизнес эмес, башка да бизнестерим бар. Акча чогултуп, мурдагы Lexus RX350 унаамды сатып, анан алдым. Бул мен көптөн бери кыялданып жүргөн унаа болчу, Кудайдын буйругу менен жеттим. Бул экинчи автоунаам. Биринчи унаамды 2018-жылы алгам, 4 жыл айдадым. Аны аларда ата-энем жардам берген.

– Узак жолго унаа айдаганды жактырасызбы?

– Узак жолдо жүргөндү жакшы көрөм. Ошко, Баткенге, Алматыга чейин айдап барып келгем. Узак жолдо өзүм да эс алгандай болом.

– Бирөө сураса бересизби?

– Эч ким сурай элек. Бербей турганымды билишет окшойт (күлүп). Сураса бермек эмесмин. Азыркы учурда автоунаам менин биринчи аялым да. Аялыңды башка бирөөгө бербейсиң да.

– Ошондойбу? Бул унаанын ордун ээлечү адам качан кошулат жашооңузга?

– 1-2 жылда.

– Демек, сүйлөшкөн кызыңыз бар экен да?

– Чынын айтсам, жок. Кыздар менен сүйлөшөм. Бирок жубайым болчу кызды кезиктире элекмин. Бардык кыздарга бирдей, дос катары мамиле кылам.

– Көчөдөн көрүп калып тийишкен кыздар болсо керек?

– 1-2 жолу мурунку унаамдын терезе тазалагычына телефон номерлери жазылган баракты кыпчытып кетишкен. Бирок чалган эмесмин. Бир жолу каргыш сөздөр жазылган кат да кыпчып кетишкен.

– Унааңыз менен байланышкан жагымдуу окуяларды эстеп көрсөңүз...

– Бул Лексусту алгандан 2 жумадан кийин эле үйлүү болдум. Ушул тулпарым ак жолтой болду дей алам. Бизнесим өнүгүп, жаңы форматта ырлар да жарала баштады. Буюрса, жакын арада уга аласыздар. Бул автоунаамды алганы менен жашоом 180 градуска өзгөрдү.

– Ырчылыктан башка да иштерим бар дедиңиз. Ошондо эмне жумуш кыласыз, же сырбы?

– Көп жылдан бери бизнес менен алектенем, 2-3 бизнесим бар. Кандай бизнес экени сыр бойдон калсын. Үйдү деле көп жылдан бери продюсерим экөөбүз чогулткан акчага алдым.

– Продюсериңиз өзүңүздүн апаңыз да?

– Ооба.

– Негизи шоу-бизнесте чыгашаңызды кирешеңиз жаап турабы? Тойлорго көп чыкпагандайсыз?

– Тойлорго чыгам, бирок аны баракчама жүктөй бербейм. Чыгармачылыгым өзүн-өзү жабышы мүмкүн, 100 пайыз жабат деп да айтыш кыйын. Кээ бир ырлар өзүн жаппай калат. Ушул жылы жакшылап иштесем, киреше да түшө баштайт деп ойлойм. Азыр көбүнчө акча салып жатам. Бир жакшы клип тартыш үчүн 1000-1500 доллар кетет. Жөн эле туруп ырдап клип тартсаң 500 доллар жумшалат. Жакшы ырлардын баасы миң доллардан өйдө. Айтор, бир ырга клиби менен кошо 3 миң доллардай каражат кетет.

– Түшүнүктүү. Темага кайтсак, өзүңүзгө айдоочу катары кандай баа бересиз?

– 10 баллдык шкаладан карасак, 9 балл берем. Анткени кээде шашканда ылдамдыкты ашыра айдап койгон учурлар болот. Дайым жай айдасам анда 10 балл бермекмин. Эрежени бузбаганга аракет кылам.

– Анда көп деле айып пул төлөбөсөңүз керек?

– Эң көбү 5 миң сом айып пул жазылган. 50 пайыз арзандатуу менен 2500 сом төлөгөм. Ал айып пул дагы ылдамдык үчүн болчу.

– Рулда жүрүп кандай окуяларга кабылгансыз?

– Бир жолу тойго шашып баратып алдымдагы унаадан озуп кетейин дедим. Ошондо эки унаанын бамперлери тийишип кеткен. Дагы бир жолу түптүз баратсам, капталдан унаа токтотуучу жайдан бир унаа чыга калып эшигимди сүзгөн. Бир ирет Портер унаасы арты менен чыга калып эшигимди киргизе эле сүздү. Кудай сактасын, бул унаам менен эч кандай жагымсыз окуя каттала элек. Бул окуялардын ар бири мага сабак болду.

– Рулда эң көп кайсы көрүнүштөр сөгүндүрөт?

– Коё бербей жатсаң деле болбой сен бараткан тилкеге кирип кеткендер, жол чыракта токтоп туруп жашыл күйгөндөн кийин гана бурулуу белгисин күйгүзгөндөргө жиниң кашаят да.

– Айдоочулар менен урушуп кеткен учурлар болобу?

– Мурда урушуп кетчүмүн, азыр такыр урушпай калдым. Мен күнөөлүүмүнбү, ал күнөөлүүбү, кечирим сурап коём. Мурда терезени түшүрүп алып ызырынып баштачумун. Унаадан түшө калып ага атырылган учурлар да көп болгон.

– Азыр токтолуп калдыңызбы?

– Ооба. Токтолуп мүнөзүм өзгөрүлүп жатат. Анткени учурда ыйман жолундамын.

– Көчөдөн тааныгандар көппү?

– Мурда таанып калышчу. Азыр андай болбойт. Анткени унаамдын алдынкы каптал айнектери да караңгылатылган.

– Эмне себептен караңгылатып алдыңыз?

– Биринчиден, автоунаа кооз көрүнөт. Экинчиден, жеке комфорт үчүн. Сырттагы адамдар ичиндегини көрбөйт. Кээде айрымдар унааны таанып сигнал берип калышат, укмаксан болуп кете берем. Чалып калышса, “байкабай калыптырмын” деп коём. Ар ким менен учураша берүүнү анча жактыра бербейм.

– Азыр айдоочулардын негизги көйгөйү эмне?

– Бишкекте азыр баары эле жакшы. Жолдор түз, жол чырактар иштейт. “Коопсуз шаар” иштеп жатат. Бир эле нерсе – автоунаалар көп, жол тыгыны жарала берет. Ошол эле.

– Жолуңузда дайым жашыл күйүп турсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Taalaibek.
2023-01-17 20:38:00
Темир аял эмес!
+1
Baktyluumun98
2023-01-22 15:23:00
Асманда учуп жүрөт экен го чикин, учурашканды көп эле жактыра бербейм деп. Ыйман жолунда жүргөнү кайсы? Ушуга окшогондор такыр жакпайт. Бай болсо өзүнө, лексус айдаса өзүнө. Бирөөнүн жарыгы бирөөгө тийбейт. Как будто элдин бардыгы жан сабыровду (буга окшогондорун аты ушундай кичинекей тамга менен жазылыш керек) эле карап тургандай сүйлөптүр го. Көпкөн экен бала, бир күнү жейт го.
0
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан