Бакыт Мамытов, 39 жашта: “КРАНДАН КУЛАП ТҮШҮП, 4 ЖЫЛДАН БЕРИ БАСПАЙМ”

Тагдырдын оор түйшүгүн 2 балалуу жаш үй-бүлө да тартып келет. Соо кезинде 2 жумушта иштеп, үй-бүлөсүн баккан Бакыт Мамытов 4 жылдан бери төшөктө. Ал иш учурунда бийиктиктен кулап, баспай калган. Андан бери үй-бүлөнү багуу түйшүгү келинчеги Үмүт Мамытовага жүктөлгөн. Үмүт айым учурда жолдошун айыктырып алуу үчүн тызылдап жүгүрүп жүргөн кези.

“2 КАБЫРГАМ, БИР БУТУМ СЫНГАН”

– Аты-жөнүм Бакыт Мамытов, учурда 39 жаштамын. Кичи мекеним Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылы. Бирок көп жылдан бери Ош шаарында турабыз. Келинчегим Үмүт экөөбүздүн 9 жаштагы кызыбыз, 7 жаштагы уулубуз бар.

Каргаша мындан 4 жыл мурун болгон. Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы сейил бакты бирөөлөр ижарага алып иштетет. Ошол жерде короо шыпыргыч болуп иштеп жүргөм. Айлыгым аз болгондуктан бош кезде, көбүнчө кечки убак базарда араба түртүп иштеп, акча таба койчумун. Бир жолу сейил бактын фонарь түркүгүндөгү лампочканы алмаштыруу, ага кошо анын жанындагы даракты бутоо керек болду. Автовышка менен шеригим экөөбүз
8 метрдей бийикке көтөрүлдүк. Мен дарак бутай баштадым. Бир маалда унаанын краны шарт эле ылдый түшүп кетип, биз жерге катуу куладык. 2 кабыргам, 1 бутум сыныптыр. Жүлүнгө доо кетип, баспай калдым. Сынган кабыргаларыма операция жасалды, темир кадашты. Сынган бутумду гипстешти.

“ТАМАКТЫ ДА ЖАТЫП ИЧЕМ”

Шеригимдин да кабыргалары сынган, дарылангандан кийин ал жакшы болуп кетти. Мага врачтар “омурткалар калыбына келсе басып кетесиң” дешкен, бирок 4 жылдан бери баса элекмин. Белимден ылдый 2 бутум иштебей шалактап турат. Балдак менен дааратканага зорго барып келем. Белимдин арты томпоюп турат, отурсам катуу оорутат. Ошондуктан күнү-түнү жатууга туура келет. Тамакты да жатып жейм.

Сейил бакты иштеткен адам “сотко бербегиле, дарыланууңарга жардам берем” деген. Сотко берген жокпуз. Дарыланганга жардам берип турду, баш-аягы 100 миң сомдой берди окшойт.

“БАЛДАР ҮЧҮН АЙЫГЫШЫМ КЕРЕК”

Жыгылганда башым да катуу тийген, азыр башым көп ооруйт. Дарысыз тура албайм. Мен ооругандан кийин тамак-ашка, менин дарыларыма акча табуу түйшүгү келинчегим Үмүткө жүктөлдү. Ал азыр мен иштеген сейил бакта короо шыпырып иштеп, айына 10 миң сом айлык алат. Анын көбү менен дарыларыма кетип, тамак-ашка жетпейт. Кийим-кечекти айтпай эле коёюн.

3 бир тууганбыз, 1 иним, 1 карындашым бар. Алардын тапканы өз үй-бүлөлөрүнөн ашпайт. Келинчегимдин ата-энеси жок. Ошого кайрымдуу элден жардам сурайбыз. Каражаттын жоктугунан кайра толук текшерилүүдөн өтө элекмин. Дарыланып, эл катары басып жүрсөм деген тилегим бар.

Кыргызстанда мени айыктыруу кыйын болсо, анда Орусия же Түркияга барууга туура келет экен. Ошого элден жардам сураганга аргасызмын. Келинчегим экөөбүздүн кыялыбыз балдарды жакшы тарбиялап, окутуп, чоңойтуу. Ал үчүн мен айыгышым керек.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элкарт: 9417 7485 3483 2805

Мбанк: 0990 52 51 52

Дильфуза Ташева, Чүй облусунун тургуну: “КҮЙӨӨМДҮН БИР БӨЙРӨГҮ ИШТЕБЕЙ КАЛЫПТЫР”

“ЗААРА КАН АРАЛАШ ЧЫГА БАШТАГАН”

– Аты-жөнүм Дильфуза Ташева, Ысык-Ата районунун Ивановка айылынан болобуз. Жолдошум экөөбүздүн 4 балабыз бар. Улуусу 28, кичүүсү 12 жашта.

Мындан 2 жыл мурун жолдошумдун табарсыгы ооруп, заара менен кошо кан чыга баштаган. Урологдор бизди Бишкектеги онкологиялык борборго жөнөтүштү. Ал жерден текшерип көрүшкөн соң табарсыктын рак оорусу деп диагноз коюшту. 7 курс химиялык терапия алды, бирок натыйжа болгон жок. Айласы кетип элдик дарыгерлерге барып дарыланып көрдү. Алардан да эм түшкөн жок. Кайра онкологиялык борборго барсак, операция жасайбыз дешти. Бирок жолдошум операциянын зыяны көп экен деп баш тартты.

“ООРУ ҮСТҮНӨ ООРУ КОШУЛУП КЫЙНАДЫ”

– 2022-жылы жолдошумду Түркияга дарыланууга жибердик. Операцияга, жол кире, тамак-аш, жатаканага 20 миң доллар керек болду. Андай каражатыбыз жок эле, сата тургандарыбызды саткандан, туугандардан акча чогулткандан кийин 10 миң доллар жетпей, бирөөлөрдөн карызга алдык. Түркиядан табарсыгын алып салып, өз ичегисинен табарсык жасашты. Бирок табарсыгында заара кармалбайт, дайыма тамчылап турат.

Операциядан кийин 2 айдан соң кайра Түркияга барып текшерилди эле, анализдери жакшы чыкты. Врачтар химиялык дарылоону сунуштап, дарыларды жазып берип, "ичип бүткөн соң кайра текшерилүүгө келишиң керек" дешиптир.

Жаман жери – табарсыгын айыктыра албай жатсак, эми бир бөйрөгү дээрлик иштебей, өпкөсүндө да шишик пайда болуптур. Жамандык үстүнө жамандык болуп азыр эмне кылар айлабызды таппай карайлап турабыз. 2 балабыз үй-бүлөлүү. Аларга жер тилке алып, үй салып бере турган куракта болсок да эч нерсе кыла албай, ал тургай карыздарыбыздан кутула албай жатабыз.

Жолдошумду кайра Түркияга текшерилүүгө жиберип, мүмкүн болсо өпкөсүнүн шишигине, бөйрөгүнө да операция жасатыш керек болууда.

Ошондуктан элден жардам сураганга аргасызбыз. Эч кимдин башына оору келбесин. Бизге жардам берсеңиздер чоң сооп иш кылган болот элеңиздер. Бизге жакшылык кылсаңыздар бизден болбосо да башкалардан, Кудайдан кайтарына ишенебиз.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элкарт: 9417 7288 4987 2241

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан