ФУТБОЛДУН ТЕНТЕК ЖЫЛДЫЗЫ ЭМИЛИАНО МАРТИНЕС

Аргентиналык футболчу Эмилиано Мартинес атаандашка психологиялык басым жасоо жагынан мыкты адис. Чагымчыл жүрүм-туруму менен мен-мен деген футболчуларды эмоцияга алдыртып дарбазасын коргой алат. 2022-жылы Аргентина курамасынын Дүйнө чемпиону болушуна салымы тоодой, Лионель Месси үчүн футбол талаасында өлүүгө даярмын деген дарбазачы Мартинестин жоруктары бир төөгө жүк.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү – Дамиан Эмилиано Мартинес

Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 1-сентябрь

Туулган жери – Аргентина, Мар-дель-Плата шаары

Бою – 195 сантиметр

Салмагы – 88 килограмм

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун атасы

Позициясы – дарбазачы

Жетишкендиктери – Америка кубогун жеңген, Дүйнө чемпиону. 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун “Мыкты дарбазачы” наамынын ээси

МЭЭЛЕЙ САТЫП АЛГАНГА АКЧАСЫ ЖОК ЭЛЕ...

Атактуу дарбазачы жакыр турмушта жашаган үй-бүлөдө чоңоюп өскөн. Эмилианонун атасы колуна тийген жумушта иштеп, вагондон жүк түшүрүп, таштанды чогултуп иштеген. Мартинес маектеринин биринде “кедейлигимди теңтуштарым шылдыңдаса деле көңүл бурчу эмесмин. Машыгуу учурунда баарын унутуп калчумун, кедейликтен, элдин басмырлоосунан мени футбол сактап калган” деп айтканы бар. Бала кезинде футбол ышкыбоздору клубунда машыгып жүргөн Мартинестин мээлей сатып алганга акчасы жок, колу менен ойноп жүрчү. Кийин футбол менен профессионалдуу түрдө “Индепендьенте” клубунда машыгып жүргөндө үй-бүлөсүнүн жакырчылыгынан улам клубдун базасында жашап, үйүнө чанда гана барчу. Атасы анын окуу акысын төлөй албай калып ыйлаганын дарбазачы көп эскерет. Жаш дарбазачы ошондо үй-бүлөсүн каржылык жактан камсыз кылуу үчүн Европага кетүүнү максат кылат. “Арсенал” футбол клубунан чалып ага байланышканда дарбазачы эч ойлонбостон чакырууну кабыл алып, Лондонго көчүп кеткен.

АЛМАШУУГА ЧЫГЫП АТАКТУУ КЛУБДАРДЫН КӨЗҮНӨ ИЛИНГЕН

Мартинес “Арсеналга” келгенде эле баары кол чаап тосуп алышкан жок. Алгач запастагы дарбазачы болуп жүрдү. Дарбазачы акча табуу үчүн гана “Арсеналга” өткөнүн жашырбайт. Эмилианого ийгилик 2020-жылы жылмайды. Анда “Арсеналдын” башкы дарбазачысы тизесинен жаракат алып, көп убакытка оюндардан четтегенге мажбур болот. Анын ордун Мартинес басып, болуп көрбөгөндөй оюндарды көрсөтүп атактуу клубдардын көзүнө илинген. Көп өтпөй Мартинести англиялык “Астон Вилла” клубу 17,5 миллион долларга сатып алат.

ИНТРИГА ЖАРАТУУНУН УСТАСЫ

Дарбазачы Мартинестин ысымы дүйнөлүк басылмаларда көп талкууга түшөт. Теңи анын талантын мактаса, теңи оюн учурундагы анын жосунсуз жоруктарын жазышат. Тагыраагы, Мартинес футболдо интрига жаратып туруучу каарман. Мисалы, 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугундагы Аргентинанын жеңишинен кийин Мартинес “Мбаппеге аза күтүп коёлу” деген мааниде командалаштарынан бир мүнөттүк тынчтануу сураган учуру тартылган видео интернетке тарап кетти. Ал эми Буэнос-Айресте жеңишин майрамдоодо куурчакка Мбаппенин сүрөтүн чаптап алып көтөрүп жүргөнүн көрүп кантип “жоругуң жолдо калсын” дебейсиң? Бул боюнча журналисттер Мбаппеден комментарий сурашканда ал “мен ага теңелбейм, андай маанисиз нерселерге корото турган ашыкча энергиям жок” деп гана жооп берген. Катардагы Нидерланд – Аргентина жарым финалдык беттеште Эмилианону башкы провокатор деп да аташты. Анда Мартинес нидерландылык пенальти тепчү футболчуларды шылдыңдап, топту бийлеп тосуп, түрдүү кол жаңсоолор менен басынткан. Ал эми нидерландылык машыктыруучу Луи ван Галды “оозуңду жап, эшек” деп уят сөздөр менен сөккөнү да айтылды. Эмоционалдуу оюндан кийин Мартинести кепке тартышканда: “Луи ван Гал Голландия пенальти тебүүдө кыйын экенин, бизди жеңерин айткан. Эми оозун жабышы керек. Мен анын сөздөрүн телефонума сактап, оюнга чейин өзүмдү мотивациялоо үчүн колдондум”,- деген.

СҮЙҮҮСҮН ЛОНДОНДУН КӨЧӨЛӨРҮНӨН ТАПКАН

Мартинес жубайы Аманда Гама менен Лондондун көчөлөрүнүн биринде таанышкан. Аманда ага англис тилин үйрөтүп, Англия менен тааныштырып, чоң шаарга көнүшүүгө жардам берген. Атактуу голкипер үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу, учурда жубайы менен 1 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет. Эмилиано жаныбарларды аябай сүйгөн спортчулардын бири. Айрыкча иттерди. Мартинестин ата-энесинин үйүнө уурулар кирип тоноп, итин өлтүрүп кетишкенде бир нече ай итин жоктоп ыйлаган. Жакында болгариялык овчарка итин сатып алып, ал ит анын Дүйнөлүк чемпиондуктан утуп келген алтын мээлейин кайтарып жатканын айткан.

Дарбазачынын Аргентина курамасындагы бардык оюнчулар менен мамилеси мыкты. Америка кубогун жеңгенден кийин Лионель Месси Мартинестин сүрөтүн баракчасына жүктөп “сен мыктысың!” десе, Мартинес Лео жана команданын жеңиши үчүн футбол талаасында өлүүгө даяр экенин айтып жооп кылган.

ЭМНЕГЕ БАШКЫ СЫЙЛЫГЫН УЯТТУУ ЖЕРИНЕ ТАКАП КӨРСӨТКӨН?

Дарбазачынын Катардагы Дүйнө чемпиондугунда алган Алтын кол кап статуэткасын уяттуу жерине такап көрсөткөн жоругун көпчүлүк сындады. “Көп жыл күткөн жеңишин ушинтип майрамдайбы? Бул кылыгы анын бардык талантын жууп салды” деген сөздөр айтылды. Аргентиналык спортчу “мен ал ишаратты француз күйөрмандары мага нааразы болуп ышкырып жатышканда жасагам. Алардын мындай текеберлиги мага өтпөйт. Өздөрүнө жараша жооп бердим” деди. Эмилиано бат реакция жасоочу талантка ээ, анын чоң дене түзүлүшү да каршылаштарынын так жана күчтүү соккуларын тосконго жардам берет. 2022-жылдын ноябрына карата “Transfermarkt” аналитикалык порталы Мартинестин трансфердик баасын 25 миллион евро деп баалаган. Анын “Астон Вилла” клубу менен учурдагы келишими 2027-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн. Азыр ал жылына 2,4 миллион (250 миллион 329 199 сом) фунт стерлинг алат. Спортчу учурдагы трансфердик баасына канааттанат жана башка командага кетүүнү көздөбөйт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан