ОРГАНИЗМДЕГИ АШЫКЧА СУУНУ КАНТИП ЧЫГАРАБЫЗ?

Күнүнө 1,5-2 литр таза суу ичүү керек деп көп эле угуп жүрөбүз. Ошол эле учурда көп суу ичкенден болпоюп шишип да кетебиз. Бир күнү таразага түшсөң башка сан, экинчи күнү түшсөң 1-2 килограмм көп көрүнөт. Эмнеге? Жооп жөнөкөй, организмде ашыкча суу кармалып жатат. Аны кантип чыгаруу керек, макаладан окуңуз.

ОРГАНИЗМГЕ СУУ ТОПТОЛУУНУН НЕГИЗГИ СЕБЕПТЕРИ

Эгер себепсиз эле шишип жатсаңыз, сөзсүз врачка кайрылууңуз кажет. Шишиктин негизги себептери төмөнкүлөр:

Жүрөк-кан тамыр же бөйрөк оорулары

Гормоналдык дисбаланс

Стресс, депрессия

Магний, йод, В6 витамининин жетишсиздиги

Туура эмес тамактануу (туздуу, ачуу, ышталган, куурулган, фаст-фуд, алкоголдук ичимдиктер жана башка)

Физикалык активдүүлүктүн жоктугу (көп убакыт бир орунда туруп же отуруп иштегендер)

Организмге таза суу жетишсиз

Кайсы бир фактордон келип чыккан аллергия

АШЫКЧА СУУНУ ЧЫГАРУУ ЖОЛДОРУ

Ден соолугуңузга байланыштуу маселе жок болсо, анда төмөнкү ыкмаларды колдонуп организмдеги ашыкча сууну чыгарууга болот.

ТАМАК-АШ

Чү дегенде эле тамак-аш рационуңузду оңдоңуз. Сөзсүз түрдө 1,5-2 литр газдалбаган таза суу ичиңиз. Чай, шире, шорпо сыяктуу суусундуктар эсептелбейт. Туздуу тамак-аштардан качып, башка тамактарга да туздун өлчөмүн азыраак кошконго аракет кылыңыз. Мөмө-жемиш, жашылчалар күнүмдүк рационуңузда сөзсүз болсун. Канаттуулардын эти, балык, жумуртка сыяктуу курамында белогу көп тамак-аш жеңиз.

Чөп чайлар. Жалбыз, ит мурун, алма как, ак кайыңдын жалбырагы жана башка чөптөрдөн жасалган чайлар да шишиктен арылууга жардам берет.

Жашылчалардан болсо бадыраң, кабак, кызылча, хрен, капуста, ашкабак, баклажан, көк чөптүн түрлөрүн колдонсоңуз жаңылбайсыз.

Жемиштерден өрүк, алма, кулпунай, кара өрүк жана кургатылган мөмө-жемиш кактарын жеңиз.

БАСУУ

Спорт менен машыгыңыз: фитнес залга барыңыз, сууда сүзүңүз, велосипед тебиңиз, күнүгө эртең менен физикалык көнүгүүлөрдү жасаңыз. Бардык адамда чуркоо, спорт залга барууга мүмкүнчүлүк жок. Бирок басуу мүмкүнчүлүгү көпчүлүктө бар. Көп басуу омурткалардын бекем болуусунун, жүрөк-кан тамыр системинин жакшы иштешинин, негизи эле чың ден соолуктун жарчысы. Андыктан күнүнө жок дегенде 30 мүнөт басууну адатка айлантсаңыз, кийин өзүңүзгө эле рахмат айтасыз.

КҮНҮНӨ КАНЧА КАДАМ БАСАСЫЗ?

5 миңге жетпегендер – аз кыймылдуу жашоо образын кечиргендер

5000-7500гө чейин кадам баскандар – күнүмдүк активдүүлүктүн төмөнкү баскычындагылар

7500-10 000 – күнүмдүк активдүүлүктүн ортонку баскычындагылар

10 000-12 000 – активдүү жашоо образын кечиргендер

12 миңден жогору – жогорку активдүү жашоо образын кечиргендер

УКАЛОО

Укалоо жакпаган адам аз болсо керек. Бул жагымдуу процесс организмден ашыкча сууну чыгарууга да жардам берерин билчү белеңиз? Укалоо лимфа түйүндөрүн активдештирет, кан айланууну нормага салат. Мыкты жыйынтыкка жетүү үчүн бүт денеңизди укалатканыңыз жакшы. Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо, денеңиздин ар кайсы бөлүгүн өз-өзүнчө болсо да укалата бериңиз. Негизгиси жылына 1-2 жолу толук укалоо курсуна барып турсаңыз жаңылбайсыз.

ВАННА

Организмдеги ашыкча суудан арылуунун дагы бир жагымдуу жолу бар. Ваннаңыз болсо аны 38 градустан ашпаган температурадагы жылуу суу менен толтуруңуз. Сууга 350-400 грамм туз (деңиз тузу болсо андан жакшы) жана 200 грамм сода кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Даяр болгон сууда 10 мүнөт жатасыз, белгиленген убакыттан ашырбаңыз. Андан кийин 40 мүнөт жылуу жамынып жатуу керек. 40 мүнөттөн кийин кайра душка кирип чайканып чыгыңыз. Эскертүү! Бул ыкманы колдонордун алдында 2 саатка чейин тамак жебей туруу кажет. Ваннадан чыккандан кийин дагы бир саат суу ичпей, тамак жебей туруңуз. Туздуу ванна ашыкча сууну эле чыгарбастан организмди сергитип, эс алдырат. Туздуу ваннаны айына 1-2 жолу гана колдонуу сунушталат.

ОРГАНИЗМДИ ДЕМ АЛДЫРУУ

Ден соолугубуздун начарлап, көрүнгөн дартка чалдыгышына, анын ичинде шишип кетишине ким күнөөлүү? Албетте, өзүбүз. Андыктан өзүңүздүн организмге белек кылып эс алганды унутпаңыз. Ал үчүн: уктаарга 3 саат калгандан баштап тамактанууну токтотуңуз! “Кыргыз түндө майлуу беш бармакты жеп туруп тырп этпей уктап калган” деген кеп азыркы заманга туура келбейт. Жатардын алдында тамактансаңыз, кийин миң бир түркүн ооруну айтып даттанбаңыз. Кечкисин саат 10:30да жатып, 11де уктап калгандай болуңуз. Организмге толук кандуу 7-8 саат уйку керек. Толук кандуу уйку – чың ден соолуктун жана жаштыктын булагы экенин унутпаңыз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан