БЕЙИШ КУШТАРЫ – ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КООЗ КАНАТТУУЛАР

Бейиш куштары – карга сымалдар түркүмүнө кирүүчү канаттуулар. 44 түрү бар, алардын ичинен 38 түрү Жаңы Гвинеяны мекендейт. Калган түрү Папуа-Жаңы Гвинея, Индонезияны жана Австралиянын чыгыш жээктерин байырлайт. Бейиш куштарынын “жакын туугандары” болуп алачык куруучу чымчыктар (токуучу, алачыкчы чымчык) эсептелет.

ЖАКЫН АРАЛЫККА ГАНА УЧУШАТ

Бейиш куштарынын денесинин узундугу ар кандай. Мисалы, кооздук берүүчү узун канат-талдарын кошпогондо 12-44 сантиметрге чейин жетет. Тумшуктары түрлөрүнө жараша кыска, узун калың, узун ичке, кайрылган болот.

Көп түрлөрү калың тропик токойлорунда жашашат. Бирок бийик тоолордогу туман каптап туруучу токойлордо, деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жашагандары да бар. Кооз узун куйрук, канат-талдарына карабай дарактардын бутак-шактарын жакшы аралап жүрө алат, бирок учууга анча жок, учушса да жакын аралыкка гана учушат.

Азыктары – жемиш, жер-жемиш, курт-кумурска, өсүмдүк дандары, жаңгактар, майда кескелдирик менен бака эсептелет. Көп түрү нектар менен да азыктанат, өзгөчө мурду ичке узун түрлөрү.

УРГААЧЫЛАРГА ЖАГЫНУУ ҮЧҮН БИЙЛЕШЕТ

Жупташуу мезгилинде эркектери ургаачыларга жагынууну башташат. Айрымдары бир жерди жалбырак жана башкалардан тазалашат. Ал тургай ал жерге жакын салаңдап турган жалбырактарды тумшугу менен жулгулап алып салышат. Анан үн чыгарып, куйрук-канаттарын жайып, болгон сулуулуктарын көрсөтүп бийлешет. Кээ бирлери дарактын көрүнүктүү жерине конуп алып эле өнөрүн, сулуулугун көрсөтө баштайт. Ошентип акыры бир ургаачыны кайырмагына илишет.

Уяларын дарактарга жалбырак, папоротник, лиананын жаш бутактарынан салышат. Бейиш куштарынын ири түрлөрүнүн ургаачылары адатта 1ден, башкалары 2-3төн жумуртка тууп, басып чыгарышат.

АЙРЫМ ТҮРЛӨРҮ ЖОК БОЛУП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУНДА

Европалыктар алгачкы жолу мындай экзотикалык сулуу канаттуулардын бар экендигин XVI кылымда саякатчы Магелландын саякатынан кийин билишкен. Магелланга болсо андай канаттууну Индонезиянын бир чоң аралынын султаны тартуулаган. Магеллан каза болгондон кийин испаниялык деңиз саякатчысы Эль Кано жетектеген экспедиция Малайзия тарапка саякатка барат. Ал жактан Эль Кано бейиш куштарынын бир нече канат-талдарын алып келип, испандарга “бул канаттуулар өтө сулуу жана дарылык касиетке ээ экен” деп айтат. Анын маалыматы европалыктарга, деңиз саякатчыларына тарайт. Ошондон кийин европалыктар бейиш куштарына ээ болууга умтулушат. Анткени алардын сулуу канат-талдарын кооздук катары, өзгөчө баш кийимдерге колдонууну самай башташат. Экзотикалык куштарды сатып акча тапкан соодагерлер бейиш куштары тууралуу ар кандай уламыштарды, жөө жомокторду элге таратат. Алар “бул канаттуулар өмүр бою асманда жашашат. Ургаачысы жалгыз жумурткасын эркегинин жонундагы чуңкурчага тууп, балапаны да учуу кезинде жумурткадан чыгат. Эч качан дарактарга конушпайт” дешип, бейиш куштарынын буттарын кесип салып турушкан.

XVIII кылымда швециялык Карл Линней чоң бейиш кушун “бутсуз бейиш кушу” деп атап, сүрөттөгөн. Жаңы Гвинеядагы табияттагы бейиш куштарын европалыктар өз көздөрү менен XIX кылымда гана көрүшкөн. Ошондон тарта натуралисттер бейиш куштарынын улам жаңы ачылган түрлөрүнө император, ханзаада, падышалардын ысымдарын ыйгара башташкан. Кооз канат-куйруктары үчүн браконьерлер кармай берип, алар жашаган токойлор кыйылып, айтор, куштардын саны кескин азайып кеткен. Айрым түрлөрү жок болуп кетүү коркунучунда.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан