ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 16-январдан 22-январга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Маселе чечүүдө өжөрлүккө салып, көк бет болсоңуз көп нерседен куру каласыз. Компромисске ыктап, ийкемдүү болгонду унутпаңыз. Жумушта окуяларга олуттуу таасир эте албай турган абалга тушугасыз. Жагдайга көнүш керек же алар менен күрөшүү кажет. Аптанын экинчи жарымында жалгыздыкты самап, жан дүйнө тынчтыгын каалайсыз. Ошондой эле бул аптада кылган иштериңизди анализдеп, алдыга кандай жол менен кетүү керек деген ойлор менен баш оорутасыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Ден соолукка көбүрөөк убакыт бөлүү сунушталат. Көп жумуш жана түйшүктөр болот, мунун баары чарчоонун топтолушуна алып келет. Каржы маселесине тиешелүү көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кыласыз, бирок ал сиз ойлогондой оңой чечилбейт. Аптанын экинчи жарымы, айрыкча дем алыш күндөрү энергиялуу өтөт. Достор жана пикирлеш адамдар менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө аракет кылыңыз, алар менен баарлашуу жагымдуу гана эмес, пайдалуу да болот.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Балаңызды ийримдерге алып барып, анын кызыгуусун ойготуу тилегиңиз ишке ашпай бушайман болосуз. Мындай учурда баланы мажбурлабаңыз. Романтикалык мамиле курууда ийгилик жылмаят, кызыгы ал адам менен таанышканда эле турмушка чыгууну же үйлөнүүнү пландап баштайсыз. Жумушта кызматтык тепкичтен көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Каржылык абалыңыз туруктуу болот, карызга акча берип бирөөнү кубантасыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үй жумуштарыңыз көп болот. Эмеректердин ордун которуу, жаңы парда алып үйүңүздү жайлуу кылуу сыяктуу жумуштар менен убактыңыз өтөт. Үй-бүлөдө кичүү муун менен улуу муундун ортосунда түшүнбөстүктөр болушу күтүлөт. Дем алыш күндөрү жагымдуу сапарга, ар кандай чыр-чатактарды жөнгө салууга ыңгайлуу. Бул күндөрү коомдогу беделиңиз бир топ жогорулайт. Конок күтүп, алыска сапарга чыга тургандар пландарын кийинки аптага жылдырып турганы оң.


АРСТАН (23.07-23.08)

Ден соолугуңузга өзгөчө көңүл буруңуз, айрыкча аба ырайына жараша кийинип, суук тийгизип албоого аракет кылыңыз. Күн суукта иммунитетиңиз алсырайт, вирустук инфекция жуктуруп албаш үчүн бардык профилактикалык чараларды көрүү керек. Аптанын экинчи жарымында өмүрлүк жарыңыз же бизнес өнөктөшүңүз менен тил табышуу кыйындайт. Өзүңүздү алардын ордуна коюп, кырдаалга анын позициясынан баа берип көрүңүз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Каржылык чыгымдарга олуттуу мамиле жасоо сунушталат. Эгер кичинекей балдарыңыз болсо аларга сапатсыз, бирок кымбат оюнчук сатып берүүдөн абайлаңыз. Кыз-жигит мамилесиндеги түгөйлөр бири-биринин кол телефонун текшерип, ашыкча шектенүүгө жол бербегени туура, мындай иштин аягы чоң чырга алып келет. Кумар оюндарына азгырык күчөйт, андан алыс болуңуз. Таарынышып жүргөндөр апта аягында мамилелерин калыпка келтиришет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Алыска сапар тартууну пландап жүргөн таразалардын максаты ишке ашат. Эсепчи, юрист, дарыгерлик кесипти аркалап жүргөндөр жумушуна так болушу керек, иште ката кетирип, ири суммадагы кенемте төлөп калуу коркунучу бар. Аптанын экинчи жарымы алда канча гармониялуу өтөт. Бул учурда, үйүңүздү иреттеп, короодогу керексиз, эскилиги жеткен буюмдардан арыласыз. Балалуу таразалар шаар сыртына чыгып эс алышса болот.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Өзүңүз тууралуу ушак угасыз, бул сизге ыңгайсыздык жаратат. Эгер бирөөнү жактырып, мамилеңизди кийинки деңгээлге көтөргүңүз келип жүрсө, демилгени колго алыңыз. Баары сиз ойлогондой болуп жатканына таң каласыз. Жумушта маанилүү сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды аптанын экинчи жарымына жылдыруу керек. Чыгармачылык менен алектенген чаяндар өзгөчө сезимтал болуп, лирикалык толкунда мыкты шедеврлерди жарата алышат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Бекерчиликтен тажаган жаачылар жумуш издөө аракетин токтотпошу керек. Карызга акча берүү жана алуу сунушталбайт. Жеке эркиндиктин канчалык деңгээлде акчадан көз каранды экенин сезесиз жана сиздин каалооңуз мүмкүнчүлүктөрүңүзгө карама-каршы келет Сүйүү мамилесинде талапчыл болбоңуз, мындай үстөмдүгүңүздү жашооңузга жаңы кирген адам туура эмес түшүнүп, сизден алыстап кетиши мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сизден тажрыйбалуу жана абройлуу адамдар менен таанышып ишиңизди бүтүрөсүз. Каржылык абалыңыз туруктуу болот. Жылдыздар маанилүү иштерди өз убагынан кечиктирбей бүтүрүүнү сунушташат. Антпесе бардык иштер бир убакка чогулуп, сизди түйшөлтүшү мүмкүн. Мурун мамиле куруп кол үзгөн адамыңызга кайрадан кезигип, ал адамга карата сезимдериңиз өчө электигин сезесиз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Чоң иштерди пландап жаткан болсоңуз коё туруңуз, анткени сизде аларды ишке ашырууга энергия жетишсиз. Жүрүм-турумуңузду, пикир айтуу эркиндигиңизди чектеген бир окуяга тушугасыз. Чектөөлөргө моюн сунбаңыз, жакшы сыноолорду тажрыйба, жаман сыноолорду сабак катары кабыл алыңыз. Мыйзам бузуп ири өлчөмдөгү айып пул төлөп калбайын десеңиз, бардык жерде эрежелерди сактаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03

Спортчулар мелдештерде ийгилик жарата алышат. Жаракат алуу коркунучу да жогору, андыктан ыкма жасоодо сак болуңуз. Үйүңүздөгүлөргө тиричилик техникаларын сатып берип кубантасыз. Коомдук чогулуштарда, кесиптештер менен баарлашууда ашыкча сүйлөп кокусунан бирөөнүн айыбын ачып алышыңыз мүмкүн. Андыктан сүйлөп жатканда өзүңүздү көзөмөлдөп туруңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан