Улан Качкыналиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЫРДЫН БҮГҮН ЫРДАЛЫП, ЭРТЕҢ УНУТУЛУП КАЛЫШЫНАН КОРКОМ”

Бул сапар Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы “Камбаркан” фольклордук ансамблинин солисти, мукам үндүү ырчы Улан Качкыналиев менен баарлаштык. “Ырдап коюш бат эле, анткен менен ыр жолуна аяр мамиле кылуу керек” деген ырчы мырзанын маегин сунуштайбыз.

– Арыбаңыз, Улан мырза, кош келипсиз. Жыл башында маектешип жатабыз. Жаңы жылга кандай пландарды коюп жатасыз?

– Саламатсыздарбы? Жаңы жылдын алдында филармониянын жамааты концерт бердик, башка дагы концерт, иш-чараларга катышып жылды жыйынтыктадык. Өткөн жыл, Кудайга шүгүр, жакшы жылдардан болду. Казакстандын Астана шаарында эки өлкөнүн ажолору катышкан маданият жумалыгы болуп, филармониянын жалпы жамааты ошол жакка бардык. Андан тышкары Индияга, Европа өлкөлөрүнө барып өнөр тартуулап келдик. Тирүү адам болгондон кийин алдыга жакшы ой-тилек менен аттанасың да, өлбөгөн жанга жаз келет дейт. Жазында өзүмдүн жеке отчёттук концертимди берейин деп жатам. Азыр ошонун үстүндө изденүүдө жүргөн учурум. Улуулардын жолун улап келе жатканыма билинбей 30 жыл болуп калыптыр. Муса Баетов, Атай Огонбаев, Жумамүдүн Шералиев сыяктуу залкарлардан бери азыркы күнгө чейинки өнөр жолундагы улуу инсандарды сүрөттөп кетсемби деген жакшы ойдо турам. Концертте эстрадалык бөлүм болбойт, жалаң оркестрдин коштоосунда жандуу үн менен ырдалат. Кыргыз маданиятынын очогу болгон улуттук филармонияда жандуу үн менен гана концерт берилсин деген талап быйыл катуу күчүнө кирди. Бул дагы маданиятыбызды көтөрүүгө чоң салым кошот деген ойдомун. Буюрса, сезондун ачылышы деп “Камбаркан” фольклордук ансамбли дагы концерт беребиз.

– Бир маегиңизде “залкарлардын мыкты ырлары турса автордук ырларды кантип чыгарам” дегениңиз бар. Учуру келдиби? Балким, концертиңизде алып чыгарсыз?

– Жаш кезде эргүү менен чыккан обондор бар эле. Кудай буюрса, алардын айрымдарын элге сунайын деген ойлор бар. Акындардын ырлары менен да иштеп жатам. Негизи ырдап коюш бат эле, анткен менен ыр жолуна аяр мамиле кылуу керек. Сөзү, обону өзүмдүкү деп чыгарып алып, бүгүн ырдалып, эртеси унутулуп калгандан өтө корком. Чыгарган ырың аз болсо да элдин көкүрөгүнө сиңип кетсе, анда жакшы чыгарма. Өзүң эле ырдап, башканын оозунда калбаса ыр чыгарганыңдын эмне кереги бар? Мисалы, Атай Огонбаев, Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев сыяктуу залкарлардын эмне деген керемет чыгармалары бар? Аларды кийинки муунга жеткирүү биздин милдет да, ал ырлардын үстүнөн иштөө да керемет. Мен 19 жыл толгонуп жазганымдан, алардын бир эле обону канча эсе өйдө турат. Кыргызда “арбак ыраазы болмоюн тирүүнүн иши жүрбөйт” деген кеп бар эмеспи. Автордук ырларды азыноолак арасына камтып кетсек болот.

– Сиздин устаттар кимдер? Дегеле өнөр жолуна кантип келип калдыңыз?

– Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың дейт го. Чоң атам Качкыналы комузда кол ойноткон, атам да, апам да шаңкылдап мыкты ырдаган шайыр адамдар болгон. Ата-тегим, тай жагым да таланттуу, өнөргө жакын адамдар. Бала кезден ырга жакын болдум. Тилим чыкканда эле чулдурап ырдай баштасам керек. Бир туугандарымдын баары жакшы ырдашат, бирок арасынан өнөр жолун мен гана аркаладым. 5-класста комузда кол ойнотуп, кароо-сынактарга катышып жүрчүмүн. Кийин 8-классты бүткөндө музыкалык окуу жайга тапшырам десем үйдөгүлөр “мал эле багасың, сенден ырчы чыкмак беле” деп каршы болушкан. Көздөгөнүмдү бербей Бишкекке келгем. Алгач Улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга тапшырып, кайсы бир себептер менен өтпөй калдым. Намыстандым, айылга кайтып баргым келген жок. Анан Токмок шаарындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Ал окуу жай орус тилдүү болчу. Окуйсуңбу десе эле ооба дей берген окшойм. Туба үйлөмө аспабы бөлүмүнө тапшырып алганымды кийин билдим. Аны бүткөн соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктадым. Ырчылык багытта Улукмырза Полотовдон билим алдым. Эски ырларды биздин көкүрөгүбүзгө ошол киши сиңирди, кандай ыкмада ырдаларын үйрөттү. “Өзүңдөн мурда улуулардын элге сиңбей калган чыгармаларын издеп тап, ошону жашарт, жандандыр, ошондо сен ырчы болосуң” деген агайдын сөзү дайыма эсимде. Кийинки устаттарым дагы бар – Эл артисттери Бакыт Тилегенов оркестрдеги ыкмаларды үйрөтөт, Ырысбек Жумакунов ырларды талдап, ылайыктап берет.

– Балалыкта комуз, сынактардан башка дагы эмнелер эсиңизде калды?

– Туулган жердин топурагы алтын. Кайда жүрбө, кандай абалда болбо ата-энеңдин баскан изи, топурап ойногон көчөнүн чаңы көз алдыңда турат. Мен Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Жаңы-Арык деген айылда 1974-жылы 22-мартта жарык дүйнөгө келгем. Атам малчы киши болгон. Балалыгымдын издери Соң-Көл, Килемче деген жайлоо, Базар-Турук деген кыштоолордо калды. Кыш чилдеде малды сарайга киргизип коюп, комузду алып ата-энемдин маңдайында балалык тунук сезим менен чаңкылдап ырдап турган күндөр, шаңкылдап ырдаган ата-энемдин элеси азыркыга чейин жүрөгүмдө. Мени ыр дүйнөсүнө ата-энем алып келди десем болот. Көп эле эски ырлардын сөзүн ата-энем ырдап жатканда угуп жаттап алып, эртеси ырдап кетчүмүн. Ошол кездеги балалык көкүрөктүн тазалыгы, акылдын тунуктугун айт. Кийин эле текстти кагаз карап жаттап калбадыкпы. Негизи иш баштаарда ата-бабага куран окутуп, анан иш баштамай адатым бар. Жакынкы аралыкта дагы туулган жерге барып, ата-бабага зыярат кылып келип, анан концертимдин иштерине баш-отум менен киришейин деп турам.

– Маегиңизге рахмат. Пландарыңыз ишке ашып, концертиңизди жакшы өткөрүп алыңыз дейли.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2023-01-21 20:09:00
Азыркы ырлар ошондой бугун чыкса кийинки жума жок болот
0
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан