СТРЕССТЕН КАЧЫҢЫЗ!

Стресс – англис сөзү, бизче “күч келүү”, “чыңалуу” дегенди билдирет. Тагыраак айтканда, жагымсыз жана жагымдуу кырдаалдан улам адамдын эмоционалдык тынчтыгынын, тең салмагынын бузулушу, организмде пайда болгон чыңалуу. Ошентип ашыкча кубануу жана кайгыруу да стресс болуп саналат. Жагымсыз стресс кызматтан кол жууганда, бирөө менен урушканда жана башка учурларда жаралат. Жагымдуусу – бала төрөлгөндө, жубайлар баш кошкондо жана башка учурда келип чыгат. Илимий маалыматтарга таянып, жагымсыз стресстин адамга зыяны, пайдасы жана аны жеңүү ыкмалары жөнүндө айтып беребиз.

Кыска убакытка созулса пайдалуу

Жагымсыз стресстик нервдик чыңалууну организмибиз “ден соолукка коркунуч туулду” деп кабыл алып, “качуу” же “мушташуу керек” деген сигнал берет. Ошондуктан булчуңдар тырышып, муштум түйүлөт. Мунун баары организмдин биздин аман калышыбызга жасаган аракети.

Срессте организмде 3 гормон бөлүнүп чыгат: кортизол, адреналин, норадреналин. Булар иммундук системдин иштөөсүн активдештирет. Ошол үчүн стресс кыска убакытка созула турган болсо:

Эс тутум жакшырат, иммундук системдин деңгээли көтөрүлө түшөт

Ойлонуу жөндөмдүүлүгү активдешет

Жыт, даам сезүү жакшырат

Жагымсыз стресс узакка созулса адам картая баштайт

Жагымсыз стресс узакка созулса жана бат-бат кездеше берсе, органдар күчтөнүп иштей берип, акыры алардын иштөөсү бузулат, ар кандай оорулар жарала баштайт.

Тактап айтканда:

Көз оору. Мээ стресс тууралуу маалыматты көбүнчө көз аркылуу алат. Коркунуч жаралганда көздө чыңалуу, өйкөө жаралат. Кайталана берген стресстин айынан адамда көрүү начарлайт.

Жогорку кан басым. Жүрөккө жана булчуңдарга кетчү кан тамырлар кеңейип, кан ылдам жүрүп, жүрөк бат-бат жыйрылып согуп, жогорку кан басым пайда болот. Кадимки учурда жүрөк мүнөтүнө 5-6 литр канды айландырса, стресс абалында 15-20 литр канды айлантууга туура келет. Стресс кайталана берсе, өзгөчө жүрөк-кан тамыр оорусу, гипертониясы барларда, кан тамыр жарылып, инсультка жеткириши мүмкүн.

Кант диабетинин 2-тиби. Стресс убагында бөлүнүп чыккан кортизол гормону кандагы канттын деңгээлин көтөрөт.

Шакый, бел оору. Буга ийин, моюн, омуртка булчуңдарынын дайыма тартышып, жыйрылууда болушу (спазм) себепкер болот.

Жыныстык жактан шалдык. Узакка созулган стрессте эркектерде кортизол гормону тынбай бөлүнүп чыгат. Аталган гормон тестостерон гормонунун бөлүнүп чыгышын азайтат. Мунун жыйынтыгы жыныстык жактан шалдыкка алып барат.

Ашказан жарасы. Нервдик чыңалуу кезинде ашказандын капиллярдык кан тамырларында жыйрылуу жүрөт. Ушундан улам ашказанды туз кычкылынын жеп жиберишинен сактап турган маңыздар бөлүнүп чыкпай калат. Тескерисинче, туз кычкылы көбүрөөк бөлүнүп чыга баштайт. Жыйынтыгында ашказанда жара пайда болот.

Ич катуу же ич өтүү. Стрессте ичегилердин жыйрылуусу күчөйт. Бул ич катууга же ич өтүүгө жеткирет.

Тери жана аллергиялык оорулар. Стресстер иммунитетти начарлатат, андыктан аталган оорулар жаралышы мүмкүн.

Картаюу. Адам ДНКсында теломер аттуу зат бар. Стресс улам кайталана берсе алардын саны азая берет. Алардын саны канчалык тез азайса адамда картаюу процесси ошончолук бат жүрөт.

Семирүү. Айрымдар стресс, депрессия учурунда канча тамак ичип-жегенин көзөмөлдөй албай калышат. Тамакты жакшы чайнабай жута берүү күтүлөт. Жакшы чайналбаган тамак толук сиңбейт да, калганы майга айланат.

Арыктоо. Айрымдар стрессте эч нерсе жеп-ичпей калышат да, арыктай башташат. Албетте, бул зыян. Анткени организмде витамин, элементтердин саны азайып, органдардын иштөөсү бузулуп, алардын өлчөмү кичирейип баштайт.

Стрессти жеңүү үчүн ыкмалар, каражаттар

Кара жумуш жасоо, спорт.

Дене көнүгүүлөрүн жасоо же күн сайын 15 мүнөттүк чуркоо. Булардан адам өзүн сергек сезет. Ошондой эле кара жумуш менен алектенүү да пайдалуу.

Душка түшүү. Мында жеген тамак-ашыбыздагы углеводдор бат ажырап, энергия алабыз жана жылыйбыз, сергийбиз.

Күлүү, жылмаюу. Күлгүңүз келбесе да аракет кылыңыз. Күлгөндө серотонин гормону бөлүнүп чыгып, стресстик абал бошойт.

Ароматерапия. Цитрустардын, лаванда, ромашканын жыты стресс менен күрөшүүгө жакшы жардам берет.

Суу, минералдык суу, шире. Булар коркуу, чочулоо, жин келүүнү күчөтүүчү кортизол гормонунун аз бөлүнүп чыгышын шарттайт.

Шоколад. Курамында какаонун өлчөмү 75 пайызды түзгөн шоколад жеш керек. Анткени ал бактылуулуктун гормону – серотониндин деңгээлин көтөрөт. Күнүнө 20 грамм жесеңиз жетет.

Шоколаддан башка таттуулар сунушталбайт. Себеби аларды жегенде кандагы глюкозанын деңгээли менен адамдын маанайы көтөрүлө түшөт. Бирок глюкоза кандай бат көтөрүлсө, кайра бат эле түшөт. Адамда тердөө, ачка болгондой сезим жаралат, маанай түшөт.

Банан. Мунун курамындагы заттар да серотониндин иштелип чыгышын шарттайт. Андыктан маанай канчалык бир деңгээлде көтөрүлүп, санаа артка чегине түшөт.

Көк чай. Бул денедеги чыңалууну азайтат.

Сары, кызгылт-сары түстөгү кийим. Аталган өңдөр туруктуулукту, жан дүйнө тынчтыгын билгизет, андыктан мындай түстөгү кийимдерди кийгенде стресс менен күрөшүү жеңилирээк болот.

Кино, театр, цирк. Өзгөчө комедиялык жанр жагымдуу эмоциянын булагы экени белгилүү.

Стресстен арылтуучу каражаттар. Аларга глицин, тенотен, персен, деприм, ново-пассит жана башкалар кирет.

Эскертүү! Буларды өз алдынча колдонууга болбойт, сөзсүз врач менен кеңешиңиз.

Психотерапевттин жардамы. Стресс, депрессиядан такыр эле чыга албай жатсаңыз психотерапевт, психологго кайрылууңуз кажет. Алар бир айласын табышат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан