Рамиз Алиев Бишкектин “Тазалык” ишканасынын директору болуп дайындалды.
Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына туруктуу аба каттамы ачылмакчы.
9-январда ЖОЖдорго абитуриенттерди келишимдик негизде кабыл алуунун 2-туру башталды.
Экс-депутат Канатбек Исаев 11-январда үй камагына чыгарылды.
УКМК: Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн чек арасын ачты.
Ош мэриясынын аппарат башчысы Камчыбек Досматов кызматтан кетти.
2023-жылы мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 22-марттан 26-мартка чейин болору айтылды.
Эркинбек Осоев Кыргыздын Япониядагы элчиси болуп дайындалды.
Сауд Арабиясы ажылык зыярат үчүн Кыргызстанга 6000 квота бөлдү.
Сокулук районундагы мал базардын начар абалы үчүн аталган райондун акими Курбанбек Айтибаев иштен алынары айтылды.
Улан Айтбаев ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
Кара-Балтада 9-январда атчан улакчыны кичиавтобус сүзүп кетти, улакчы ооруканадан каза тапты.
Айбек Айдарбеков Кыргыздын Новосибирск шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды.
Жогорку Кеңеш таксисттерди лицензия алууга милдеттендирчү мыйзамдын долбоорун 11-январда четке какты.
Кочкор-Атада өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү атап, жарандардан акча талап кылгандар кармалышты.
Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 20 жаңы автобус алынып келгени кабарланды.
10-январда Талас шаарынын вице-мэри коррупцияга шектелип кармалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.