АВТОУНААСЫН КАМСЫЗДАНДЫРБАГАНДАРГА АЙЫП ПУЛ САЛУУ ТАЛАБЫ КҮЧҮНӨ КИРДИ

2023-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, бардык айдоочулар унааларын камсыздандырышы керек. Эгер камсыздандырылбаса, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта 3 миң сомдон айып салына баштайт. Жол кыймылын тескөөчүлөр тоскон учурда айдоочу айдоочулук күбөлүк жана унаанын техпаспортуна кошо эми камсыздандыруу полисин көрсөтүшү керек болот.

Камсыздандыруунун баасы автоунаанын түрүнө жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша болот. Мисалы, кыймылдаткычынын көлөмү 2000 сантиметр кубга чейинки унааларга жылына 1680 сом, 2000-3000 сантиметр кубга 2000 сомдун тегереги, 3000 сантиметр кубдан жогоруларга 2500 сомдой төлөнөт.

Айта кетсек, аталган мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Максаты – жол кырсыгынан зыян тарткан айдоочунун укугун коргоо, келтирилген зыяндын ордун толуктоо. Мыйзам 2016-жылдын февралында күчүнө кирип, бирок коомдогу нааразычылыктан улам унаасын камсыздандырбагандарга айып пул салуу нормасын иштетүү 2018-жылга жылдырылган. Ошондон бери улам артка жылдырылып келе жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан