2022-жылдын ноябрь айында мигранттар Кыргызстанга 239,3 миллион доллар которушту. Бул октябрь айына салыштырганда 47,6 миллион долларга аз. Маалыматты Улуттук банк билдирди.
Былтыркы жылдын 11 айында мигранттар которгон акчанын суммасы 2 миллиард 737 миллион долларды түзөт. Бул сумма 2021-жылдын 11 айына салыштырганда 220 миллион долларга көп. Которуулардын 97 пайыздан ашыгы Орусиядан экени маалымдалды. 11 айда бул өлкөдөн Кыргызга 2 миллиард 605 миллион доллар келген.
Ноябрь айынын жыйынтыгы менен өлкөдөн сыртка чыгарылып кеткен акчанын суммасы 142,8 миллион долларды түзгөнүн билдирет Улуттук банк. Негизинен Орусия жана Түркияга чыгарылган. Ал эми 11 айдын жыйынтыгы боюнча өлкөдөн чыгарылган акча 1 миллиард 82 миллион долларды түзөт. Бул 2021-жылдын 11 айына салыштырганда эки эсе көп.