ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАР ЖАРДАМГА МУКТАЖ

Ооганстандагы памирлик кыргыздар Кыргызстандан жардам сурап жатышат. Бул тууралуу 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова маалымдады.

Ооганстанда 60тан ашык памирлик кыргыз паспорт ала албай жатканын айтат депутат.

– 30дай үй-бүлө Кыргызстанга көчүрүп кетүү боюнча жардам сурап жатат. Буга чейин Тышкы иштер министрлигине кайрылганбыз, бирок жыйынтык жок. Эгер алар бул жакка келишсе каякта жашашат? Өткөн жылы министрлер кабинети памирлик кыргыздарга жардам берүү боюнча программа иштеп чыккан. Анын алкагында 67 миллион сом бөлүнүшү керек эле. Бүгүнкү күнгө чейин бул каражат бөлүнө элек,- деди Султанбекова.

Депутат ошондой эле памирлик кыргыздар сасык тумоолоп жатышканын айтты.

– Ал жакта 2 миңдей адам жашайт. 15 күндүн ичинде 20 адам каза болуптур. Алардын дары-дермек жана дарылануусуна каражат бөлүп жардам берүү зарыл,- деди депутат.

Айта кетсек, памирлик кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү маселеси такай көтөрүлүп келет. Буга чейин аларга Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылынан атайын жер бөлүнүп берилген. Бул жерге үйлөрдү салуу үчүн 10 миллион сом бөлүнгөнү кабарланган, бирок курулуш баштала элек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан