Башы өткөн сандарда)
– Кызык, мендей тагдырдын өгөй баласы болгон адамга, көчөдө калган адамга ал киши эмнеге кызыкты экен? Таң кала карадым. Мага аял катары кызыкпаса, башка эмнеме кызыгышы мүмкүн? Менден башка эмне көздөшү ыктымал? Менин ошол кезде өзүмө берген баам ушундай эле. Ал адам мени караңгылыктан эле чыгарган жок, мага адамдык эмне экенин, инсан кааласа колунан баары келе турганын, жашоодо эч кандай “болбойт” дей турган нерсе жок экенин үйрөттү. Мени таптакыр башка адам кылды.
– Ал өзү улуу адам эмес беле...- деди Илим.
– Ооба, улуу инсан болчу. Жакында Бишкектин чоң көчөлөрүнүн бирине анын аты коюлат деп уктум. Бирок, Илим, улуу адамдардын да кечиргис күнөөлөрү болот. Алардын да таң каларлык тагдырлары бар.
– Албетте, эч кимибиз периште эмеспиз да. Андан көрө ал сендеги талантты кантип байкаган экен, ошону айтчы,- деди Илим чыдамы кете.
– Мени агай консерваториянын жатаканасына жайгаштырды. Алгачкы күндөрү көчөгө качып чыгып, дале баламды издеп, башым оогон жакка кетип калып жүрдүм. Ал мени өтө кыйын психологго алып барды. Акырындап өзүмө келе баштадым. Жашоо мен үчүн бүтүп калбаганын байкадым. Анан да менде тагдырымдан өч алам дегендей бир кекенген сезим пайда болду. Агай менин талантымды кайдан байкап калыптыр дедиң, ээ? Мени көчөдөн тапты деп айтпадымбы, ошол жерден үнүмө таң калыптыр. Мен аны кайдан билем, балама түндө уктап бара жатканда дайыма бешик ырын ырдачумун. Баягы түндө калган скамейкада отуруп алып бешик ырын ырдаган экем. Аны өзүм байкаган эмесмин. Агай менин үнүмдү ошол жерден угуптур алгач. Ал минтип айтып берчү: “Балкондо отурсам ушундай муңканган бир үн угулду. Тээ көмөкөйдөн келген, ачык, кооз укмуш үн экенин байкадым. Канчалар колумдан өттү, мен үндү бир угуп эле байкайм. Табиятынан таза үн! Андан мурун сени көрбөдүм беле. Ички туюм менен сен экениңди сездим. Сыртка чыгып Эркиндик бульварына басып бардым. Сен экенсиң. Эки тизеңди кучактап алып, бешик ырын ырдап жатыпсың. Көзүңдөн жаштар агып жаткан экен. Мен бул үндөн, бул тагдырдан кете албадым. Сени кандай болсо да чуңкурдан алып чыгам деп өзүмө сөз бердим”. Агай ушинтип эскерчү.
– Албетте, оңой болбосо керек...
– Агай бир күнү мага келди. “Сенден таптакыр башка адам жасайбыз” деди. Айдай деген ысымды ал берди. Бардык документтеримди жасатты. Өзү мени менен алектенди. Мен даяр болгондо гана консерваторияга окууга өтүүмө себеп болду. Өх, Илим, ал күндөр башкача эле. Тер куюлганча иштечүмүн. Үнүм чыкпай калганча ырдачумун. Мен жашоомду башка нукка бурганга ант бердим. Мен өзүмдөгү Периден чыктым, чындап Айдай болдум. Күнү-түнү машыктым. Агай койгон пландан ашып түшүп аткарганга аракет кылчумун. Менин бул өжөрлүгүм ага аябай жакчу. “Баракелде, Айдай, сен мен ойлогондон да чоң инсан болосуң” дечү. Ошентип акырындап отуруп Перини экөөбүз тең көмдүк. Мени, менин өтмүшүмдү билген адамдар аз эле болчу. Алмаз бир аз издесе керек, бирок ал кийин түрмөгө түшүп калып, мени издеген башка адам деле болбоду. Таң калычтуу, ээ? Ааламда сени издеген бир да адам жок болгону... Азырчы? Бул жолу минтип качканымда мени министрге чейин издеди. Жашоонун кызыгын карачы. Бир кезде бир да адамга кереги жок жан элем...
Алгачкы жолу сахнага экинчи курсумда алып чыкты агай. Ага чейин аябай такшалтты, окутту. Болгондо да мамлекеттик бир иш-чарада жалаң чиновниктер катышкан, жалаң сахнанын дөө-шаалары катышкан концертке кошту. “Жаңы эле чыга калган немени бизге теңейт” дештиби, ары түртүп, бери түртүп өткөндөр толтура эле. “Азыр сенин кезегиң” деди агай. Карасам чекесинен бери тердеп менден өтүп толкунданып алган экен. Атымды айтканда сахнага чыктым. Илим, мен ошондо гана сахна үчүн жаралганымды билдим. Жүрөгүм менен ырдадым. Ыйлап да жаттым. Бул баягы бешик ыры эле... Сахна дымып туруп, бир кезде дуу көтөрүлдү. Колдор чабылып жатты. Алкоолор... Туруп да кол чаап жатышты. Жылдызым ошентип жанды. Көзгө ошентип илиндим. Ырдап чыгып бара жатсам агай кучактай берди. Кулагыма “азамат, эми сахна сеники” деди. Чын эле агай айткандай болду. Түндө жөнөкөй кыз болуп уктап, эртеси жылдыз болуп ойгонот эмеспи кээ бир кинолордо. Дал ошондой болду. Бирок бул мени өзгөрткөн жок. Дагы да болсо көп нерсе үйрөнүшүм керек эле... Мага агай койгон план мындан да бийик болчу.
Бир күнү агай менен чакырууга бардык. “Ырдап бер” дешти, ырдадым. Мен келгенден баштап менден көзүн албай жаткан чиновникти такыр байкамаксан болом, бирок тикчийип көзүн албайт. Бул көз караштан кутула албайм. Бир учурда чыгып бара жатсам агай көзү менен “отур” дегендей ишарат кылды. Отуруп калдым. Ичимден бир жаман нерсе болорун сезип жаттым. Улам турайын десем улам көзү менен отургузуп коёт. Акырында баягы чиновник менен калууга аргасыз болдум. Жашоомдогу дагы бир тозокту жашадым. Ооба, агайым мени ал адамдын төшөгүнө салып берди. Продюсерим, мени мен кылган, мен үчүн пайгамбардай болгон адам ушундай кылды. Ызам ичимди жеп бара жатты. Эртеси анын кабинетине жулунуп кирип бардым. Канчалык ыза болсом да, ал сүрдүү киши эле, жүзүн көргөндө эле кайра тайсалдай түштүм.
– Эмне болду?
– Агай, сизди мындай кылбайт деп ишенгем. Сизди мен атамдай көрчүмүн.
– Мен ансыз деле атаңмын. Сен атаңдын сөзүнө каршы чыга аласыңбы?- деди жумшак гана.
– Бирок кече... сиз...
– Айдай, баары пландалгандай болду. Эми көрөсүң, экөөбүзгө бардык эшиктер ачылат. Жакында чет өлкөгө барчу делегацияга сенин атың кошулду. Дагы канча эшиктер ачылат.
– Бирок мен мындай бийиктикке жетүүнү каалабайм. Мен өз талантым менен...
– Айдай, ушунча студенттин арасында сен гана таланттуумун деп ойлоп жатсаң жаңылышасың. Сенден да таланттуулар бар. Бирок алар жылдыз болуп жатышабы, бул сага келген бир чоң бакыт. Ал эми бакыт оңой келбейт. Бакытка бара турган жол да оңой эмес. Ал тикендүү, татаал. Ошондон өтө алсаң гана жылдыз болосуң. Дагы бийик учасың. Сен анча-мынчага анте берсең болбойт. Биз муну сени менен сүйлөштүк эле го.
– Бирок мен...
– Мындай жолдор менен бийиктикке барам деп ойлогон эмессиң, туурабы? Бирок кандай жол менен барган маанилүү эмес, бийиктик гана маанилүү. Ушуну эсиңе түйүп ал.
– Макул, экинчи жолкусунда мага ачык эле айтып алып барыңызчы,- дедим тиштене.
Ушундай болду. Мага жашоонун кооз тарабы менен кошо колго алгыс жийиркеничтүү жагы да ачылып бара жатты. Мен периште эмес элем, бирок кыйналдым. Карьерамда эң оору ушул болду. Мындан тышкары кандай гана тоскоолдуктар болгон жок. Эх, ойлосом мен аша албаган, өтө албаган ашуу деле калбаптыр. Бирок адам чарчайт экен. Кээде аркама кылчайып ушунун баары менин башымдан өттүбү деп таң калам.
(Уландысы кийинки санда)