СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Грек-рим, эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 21-22-январь күндөрү грек-рим күрөшү, 23-24-январь күндөрү эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 килограмм салмак чениндеги, ал эми эркин күрөш боюнча 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 килограмм салмак чениндеги балбандар күч сынашат.

Чемпиондук улуттук курама командаларды түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкөнүн жаштарынын арасында күрөштү популяризациялоо максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдеш UWW эл аралык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өкөрүлөт.

8 өлкөнүн балбан кыздары Бишкекте машыгуу өткөрүүдө

Бишкек шаарында Норвегия, Венгрия, Эстония, Италия, Литва, Молдова, АКШ жана Казакстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курама командалары Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы менен биргеликте эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өтүп жатат.

Аталган өлкөлөрдөн жалпы 50гө жакын спортчу жана алардын машыктыруучулары келди. Спортчулар окуу-машыгуу жыйынын Бишкек шаарындагы жаңы ачылган кыз-келиндер курама командасынын спорттук залында өткөрүп жатышат.

Кыргыз мушкерлери Азия чемпиондугуна катышат

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы 17-28-январь күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтө турган 22 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугуна катышат. Анда 12 спортчу намыс талашат. Алар:

Анвар Ходжиев, 48 килограм, Ислам Торобаев, 54 килограмм, Тургунбек Иманкадыров, 57 килограмм, Мирзахит Имамназаров, 60 килограмм, Аскат Култаев, 63 килограмм, Ихтияр Нишанов, 67 килограмм, Нурадин Рустамбек уулу, 71 килограмм, Даниэль Абдрахманов, 75 килограмм, Бекбол Мурасбеков, 80 килограмм, Нурсултан Болотбаев, 86 килограмм, Бакыт Токтосун уулу, 92 килограмм, Ооматбек Элчоро уулу, 92 килограммдан жогору.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан