КЫЛМЫШТАР: ЧУУЛГАНДУУ ОКУЯЛАРДЫН АЯГЫ ЭМНЕ БОЛУП БҮТТҮ?

Буга чейин гезитибизге жарыяланган чуулгандуу окуялардын кантип чечилип жатканы же чечилгени тууралуу маалымат беребиз. Эгерде “баягы кылмышты жасагандар соттолду бекен?”, “Жабыркагандар адилеттик таптыбы?” деген суроолор болсо, анда бул макала сиз үчүн.

Карындашын коргойм деп кылмышкерге ок аткан жарандын сот иши уланууда

Гезитибиздин №1022-санында “Токмокто зордукчуга туш болгон келиндин жолдошу: Кайнагамдын ордунда болсом мен деле атып салмакмын” деген аталышта макала жарыяланган. Анда Токмоктун чыгыш тарабындагы Сайлык айылында карындашын зордуктоого аракет кылган жаранды агасы тапанча менен атып салган окуя баяндалат. Аталган окуя коомчулукта резонанс жаратып, айрымдар “карындашынын намысын коргоп кокусунан ок атып алган жигит акталсын” десе, кээ бирлер “мыйзам баарына бирдей, жазасын алышы керек” деген талаштар орун алган. Чуулгандуу кылмыштын жүрүшүнөн кабар алып жабырлануучу Асел Жумакуловага байланышканыбызда ал сот иштери тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

– Аталган окуя 2022-жылдын июль айында болгон, агам 7 айдан бери абакта отурат. Каза болгон маркумдун жакындары тосмо арыз жазып беришкен жок, ата-энем жаназасына барса, көтөрүп барган нандарын ыргытып үйүнө киргизбей коюшуптур. Кийин бизди “эч кимиси жаназага келген жок” деп күнөөлөшүптүр. Маркумдун жакындары менин үстүмдөн 2 жолу арыз жазышты. “Агасына кошулуп атайын уюштурган” деп жатышат. Агам ал учурда аффект абалында болчу, карындашын бирөө чачтан тартып үстүнө чыгып алып сабап жатса кайсы ага чыдап карап тура алат? Ушул жылдын 20-январында дагы сот отуруму болот. Бирок биз чарчап бүттүк, соттор күбөлөрдү деле жарытып сурабай жатат. Жакында боло турган отурумда маркумдун мени сабап жатканын көргөн айдоочу да келет. Жабырлануучу тарап байкемдин бүт кыймылсыз мүлкүнө текшерүү жүргүзүп жатыптыр, менимче, соттолуп кетсе моралдык чыгым өндүрөбүз деп жатышат окшойт.

“Сага үйлөнөм” деп өспүрүм кызды алдап кеткен жигитке издөө жарыяланышы мүмкүн

Гезитибиздин №1035-санында Сузак районунун тургуну Небуватхон Рафикова 14 жаштагы кызын таанышы 2 жыл бою коркутуп зордуктап жүргөнүн айтканы жарыяланган. Кызы кош бойлуу болуп калганын билген каарманыбыз милицияга арыз жазам дегенде жигиттин ата-энеси “милицияга арыз жазбагыла, кызыңарды чоң той берип келин кылып алабыз” деп алдап жүрүшкөнү тууралуу сөз болот макалада. 2021-жылы Рафикованын кызы өспүрүм курагында көз жарып уул төрөгөн. Ал эми кылмышка шектүү жаран Сауд Арабиясына качып кеткени маалымдалган.

Аталган окуянын чоо-жайын билүү максатында жактоочу Элдор Абакировго кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:

– Кардарларымдын сабатсыздыгын пайдаланып тергөөчүлөр да, шектүүнүн ата-энеси да кыз бойго жеткен куракка чыксын деп ишти создуктуруп жүрүшкөн. Бул окуяда өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка баргандыгы жана жашы жете элек кызга никелешүүгө уруксат бергени үчүн деп 2 берене боюнча кылмыш каралса деп жатабыз. Тергөөчү ишти негизсиз кыскарткан деп Сузак райондук сотуна кайрылганбыз, бирок сот тергөөчүнүн токтомун негиздүү деп тапты. Райондук соттун чечими боюнча облустук сотко даттандык. Жакында облустук сот райондук соттун чечимин негизсиз деп таап, ишти кайра тергөөгө жиберди. Учурда кардарыма үйлөнөм деп Сауд Арабиясына качып кеткен шектүүгө издөө жарыялоо боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Буюрса, сот бул өтүнүчүбүздү да канааттандырат деген үмүттөбүз.

Жаңжалдашкан кошуналар бири-биринен акча доолашууда

Гезитибиздин №1023-санында “Нарын: Айылдаштар урушуп, 6 адамга ок атылды” деген макала жарык көргөн. Хутор-Ак-Талаа айылындагы айылдаштар ортосунда жаңжал чыгып, натыйжада 6 адам оор жаракат алып ооруканага түшүшкөн. Биринчи тарап “биздин үй мүлкүбүздү өрттөп кол салышты, биз коргондук” десе, экинчи тарап көп жылдан бери кошунасы айыл элинин үлүш жерин жеке менчик катары пайдаланып жүргөнүн айтышкан. Эки тарап тең бири-биринин үстүнөн арыз жазган. Жактоочу Турат Жумалиев бул иш боюнча мындай маалымат берди:

– Сот иштери 2022-жылдын 7-июлунан бери уланып жатат. Шектүүлөр абакта, алардын айылдаштарына дооматы – үй-мүлкүбүзгө зыян келтирдиңер деп жатышат. Өрттөлгөн унааны, талкаланган үйдү оңдоп-түзөп берүүнү талап кылышууда. Экспертиза текшерип, турак үйгө 170 миң сомдук зыян келтирилген деп, өрттөлгөн унааны 6 миң долларга баалады. Шектүүлөр ок чыгаргандан улам топтолгон айылдаштары тараптан 5 киши жаракат алып ооруканага түшкөн, анын бири Сыймык деген жигит оор абалда, жоон ичегисине залал келип, бөйрөгүн алмаштырып, майып болуп калды. Бейбаштык беренеси боюнча айылдын 19 тургунуна кылмыш иши козголду. Алардын баары учурда үй камагында. Алар да шектүүлөрдөн моралдык жана материалдык компенсация талап кылышууда.

Укук коргоочу Камил Рузиевди Жогорку Сот актады

Гезитибиздин 1036-санында “Укук коргоочу куугунтукка кабылдыбы?” деген аталышта макала жарык көргөн. Анда укук коргоочу Камил Рузиев Каракол шаарында абакта кыйноого кабылган жарандарга укуктук жактан жардам берип жүрүп милиция кызматкерлеринин кыйноосуна өзү да кабылганын, ар кандай кылмыш иштерин токуп аны камоого аракет кылуу иштери болуп жатканын айтып берген эле. Эске салсак, укук коргоочуга УКМКнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгы “сотто жасалма медициналык маалымдама кагазын колдонгон” деп айып таккан. Көп жылга созулган чуулгандуу иш аягына чыгып Камил Рузиев Жогорку Сотто толук акталганын билдирди.

– Мен үчүн Жогорку Соттун чечими абдан күтүүсүз болду. Мага эл аралык укук коргоочу уюмдар, Кыргызстандын Акыйкатчы институту, жарандык коом жардам берди. Учурдан пайдаланып мага жардам колун сунган бардык адамдарга ыраазычылыгымды билдирем.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан