Актилек Айдаров, шоумен: “МЕНИ ЭЧ КИМ КӨЧӨДӨН ТОКТОТУП КҮЛДҮРЧҮ ДЕЙ АЛБАЙТ”

Маектешим “Универсал” КВН командасынын оюнчусу, белгилүү тамада жана бир үй-бүлөнүн “президенти” Актилек Айдаров. Ал чыгармачылыгы менен катар ата-энеси, үй-бүлөсү тууралуу айтып, ушул жылга койгон максаттары менен бөлүштү.

– Саламатсызбы, Актилек? Жакында Бишкекте концерт бердиңиздер, кандай өттү, өзгөчөлүгү эмнеде болду?

– Саламатчылык. Концерт сонун өттү. “Күлкү базары” деп атап, жаңы форматта өткөрдүк. Бүт нерсенин базары бар, күлкүнүн базары жок экен. Ошондуктан ушундай аталышты тандадык. Жаңы формат дегеним – команда менен эмес, ар бирибиз өзүбүзчө чыгып элди күлдүрдүк. Эл жакшы кабыл алды, “сонун болду” деп макташты. Мындан ары да ушундай форматта чыгабыз. Жаңылыктар боюнча улантсам, бул жылы “Универсалга” 10 жыл болду, мааракелик концерт өткөрөбүз. Алдыда кино тартуу да планыбыз бар.

– Тамадалыкты да аркалап жүрбөйсүзбү. Тойлордогу сизге жаккан жана жакпаган нерселер эмне?

– Элге аралашып, элди күлдүрүп, ыраазычылыгын алган жагат. Жакпаганы – баары калпак, жоолукту ортого чыгып кийгизип убакытты алганы. Дагы бир жакпаганы – тойдун белгиленген убакыттан 2 саат кеч башталгандыгы.

– Өзүңүздүн үйлөнүү үлпөтүңүздү өзгөчө өткөргөнсүз, бул сиздин идеяңыз беле?

– Ооба, менин идеям. Коноктор чыгармачылыкта жүргөн адамдардын тою башкача өтөт деп күтүшөт. Алар күткөндү бере алдык деп ойлойм. Анан да ар бир киши өз тоюнун эсте каларлык болуп өтүшүн каалайт. Ошол сыяктуу мен да кыялданып жүргөм жана ошол кыялыма жеттим. Келинчегим экөөбүз тойго чейин баш кошконбуз, тойдун идеясында анын да салымы бар. “Лимон той” деп атадык. Лимондун түсү сары болгондуктан сары түскө басым жасадык. Лимон миллион дегенди да билдирет эмеспи. Келечекте миллионер бололу деген жакшы максат менен “Лимон тоюн” өткөрдүк. Ресторанга Хаммер менен кирдим, Хаммер менин “Тамашоудогу” образым. “Особнякка чыгыштан зеригип, Хаммерде жаттым керилип”, “001 номердеги Хаммерде келдим” деген тамашаларыбыз бар. Муну көпчүлүк күйөрмандарыбыз билет. Көчөдөн деле “Хаммерде жүрөсүңбү дагы деле?” деп сурай беришет. Той Оштогу эң чоң тойканада өттү, миң киши келген. Аккордеончулар жандуу үн менен жар-жар айтып киргизишкени да бир өзгөчөлүк болду окшойт.

– Ырчы Данияр Эрматовду жубайы менен өкүл ата-өкүл апа шайлагансыздар. Бул милдетти алар кандай аткарып жатышат?

– Өкүл аталык милдетин так жана туура аткарып келе жатат. Оштон Бишкекке барганда ошол кишинин үйүнө барып жатабыз. Дайыма күлүп-жайнап тосуп алышат, кызы мени аябай жакшы көрөт. Башка эч кимге барбайт, мен барганда экөөбүз ойнойбуз. Данияр Эрматов кичи пейил, адамгерчиликтүү, бардык адамдарга бирдей мамиле кылган жакшы адам. Ушул сапаттарын баалап анын өкүл атам болуусун кааладым.

– Келинчегиңиз, кызыңыз кандай жүрөт? Жеке жашооңузда кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Күлүп-жайнап сонун жүрүшөт. Мендей күйөөсү, мендей атасы болсо жыргап эле жүрүшү керек го (күлүп). Келинчегим экөөбүз Ош шаарында жаш балдардын кийими сатылган дүкөн ачканбыз. Мындан тышкары 1-декабрь апакемдин туулган күнүндө Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаа белек кылдым. Жашообузда ошол жаңылык.

– Чыгармачыл адамдын жубайы болуш оор дешет, келинчегиңиз бул тууралуу эмнелерди айтат?

– Келинчегим үчүн оор эмес, мен үчүн оор. Анткени келинчегим мени күлдүрөт, мен аны анча күлдүрө албайм. Ал буга чейин эле чыгармачыл адамга баш кошуп жатканын билген да. Келинчегим мага турмушка чыкканына аябай ыраазы. Азыр бактылуу жашап жатабыз.

– Сиз бул чөйрөгө кантип аралашып калдыңыз, тагыраагы, “Тамашоуго” кантип келип калгансыз?

– Бул чөйрөгө аябай кызыкчумун. Студент кезде факультеттер аралык КВНде 2-орунду алып, университеттин курама командасындагы байкелердин көзүнө көрүнүп калганбыз. Элдин алдына чыгуу чоң кыялым эле. Ошентип КВН аркылуу “Тамашоуго” кирип кеттим.

– Кичинеңизде тентек болгондой көрүнөсүз, туура баамдадымбы?

– Тентек эле эмес, аябай тентек болгом. Сахнага чыккандан кийин 189 пайыз жакшы жакка өзгөрдүм.

– Ата-энеңиздин да куудулдук жайы же кандайдыр бир чыгармачылыкка жакындыгы барбы?

– Апам география сабагынан мугалим, атам уста болгон. Тилекке каршы, атамдын көзү өтүп кеткен. Шайыр, тамашакөй, башкалар менен бат тил табышкан киши эле.

– “Тамашоуго” келбей калсаңыз ким болмоксуз?

– МАИ кызматкери болмокмун. Учурда тайпалаштарым МАИ кызматкери болуп иштеп жүрүшөт. Мен да алган дипломума ылайык иш кылмакмын.

– Команданын ичинде пикир келишпестиктер, таарынышкан учурлар болуп турса керек?

– Келишпестиктер болсо ошол замат чечкенге аракет кылабыз. Кудайга шүгүр, ушул учурга чейин таарынычтар боло элек. Анткени бири-бирибиздин мүнөзүбүздү жакшы билебиз. Ким кандай учурда таарынарын да билебиз, ошого жараша мамиле кылабыз. Конфликт болбой эле ынтымактуу, бир туугандай жашап келе жатабыз. Анткени капитаныбыз Калыбек Турдубаев бардык маселени туура жагына чечет. Жакшы жагыбыз – баарыбыздын капитанды укканыбыз.

– Көчөдөн токтотуп алып “күлдүрчү” дегендер барбы?

– Көчөдөн токтотуп алып “күлдүрчү” дей алышпайт мага. Анткени спортчу катары да таанылгам. Көчөдө жүргөндө олуттуу жүрөм, ушул күнгө чейин андай окуя боло элек.

– Көбүнчө кандай комментарийлер ачууңузду келтирет?

– Башында комментарийлерге жиним келип, чалып урушкан учурлар да болду. Азыр жиним келбейт. Жаман да жазбай калышты, үйлөнгөндөн кийин хейтерлер жоголуп кетти.

– Жаңырган жылга кандай максаттар менен кирдиңиз?

– Буюрса, ушул жылы Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир алсак деген жакшы максатыбыз бар. Мындан тышкары бул жылы мени кинодон, чоң концерттерден көрөсүздөр.

– Жакшы. Иштериңизге ийгилик! Бактыңыздар бөксөрбөсүн!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2023-01-21 20:10:00
Озун сапсим сезип алыптырго кочодон корсо деп озун эйнштейн сезген
0
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан