Бермет Айдарова, диджей: “ҮНҮҢДҮ ЖАКТЫРАМ ДЕП ГҮЛ ЖӨНӨТКӨНДӨР БАР”

Каарманымдын үнүнө ашык болгондор көп. Анын “Жашоо керемет” деген ураан менен алдыга карай сапарыбызды улайбыз” деген кубулжуган үнүн радиодон көп эле эшитсеңиз керек, окурман. Жаркылдаган диджей Бермет Айдарова менен тааныштырабыз.

Каарман тууралуу

Туулган жылы – 1996-жыл, 13-январь

Туулган жери – Бишкек шаары

Билими – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин жана Кытайдын Ланьчжоу шаарындагы Түндүк-Батыш педагогикалык университетин бүтүргөн

Хоббиси – Китеп окуу, пост жазуу

“Кыргыз мектепте окутканы үчүн ата-энеме ыраазымын”

– Атам жеке ишкер, апам үй кожойкеси. 3 бир тууганмын. Байкем, иним бар. Жалгыз кыз болгонго абдан эрке өстүм. Бирок эркелер эстүү, эссиз деп бөлүнөт го. Мен эстүүсүнө кирем. Мени бир колуңа шоколад, бир колуңа китеп деп чоңойтушкан. Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы №69 гимназияны бүтүргөм. Кыргыз мектепте окутканы үчүн ата-энеме ыраазымын. Эгер мени орус тилдүү мектепке берсе, балким, жашоом азыркыдай кызыктуу болбосо керек эле.

“Уктабай радио угуп, диджейлерге суктанып эле жүрчүмүн”

– Сүйлөгөнүм, мүнөзүм апамдыкына окшош. Апам Нарындан, атам Чүйдөн болот. Нарындыктар негизи сөөккө жеткире сүйлөйт эмеспи. Апам жаш кезинде диктор болгонду кыялданчу экен. Мен радиодо иштеп калганда “менин кыялымды сен ишке ашырып жатасың” деп абдан кубанган. Мен башынан эле радио тармагына кызыгам. Окуучу кезимде күндөп-түндөп радио угуп, эфирге телефон чалып, кандай адамдар радиодо иштейт деп диджейлерге суктанып эле жүрчүмүн. Лилия Абдыбаитова, Нурзада Жолдошова, Дария Санташева дегендердин аты тоодой эле угулчу. 11-класста окуп жүргөнүмдө “Тумар” радиосунда кастингге катышып калдым. Катышкандар 300дөн ашык болчубуз, эң кенжеси мен элем. Кастингден өтүп кетип, 3 ай окуп, тандалып отуруп аягында “Тумарда” мен иштеп калгам. Мектепке келгенде классташтарым “сени радиодон уктук” десе абдан толкунданчумун.

“Студияга киргенде бүт көйгөйүң унутулат”

– Котормочу болуп деле иштеп көрдүм да. Акчасы жакшы болгону менен, эч кандай ырахат алчу эмесмин, жумушка эптеп эле барып келмей болчу. Ал эми радиону жүрөк ушунчалык каалайт да, бекер иште десе деле иштейсиң. Маанайың барбы-жокпу, ага карабай чуркап барасың. Студияга киргенде бүт көйгөйүң унутулат, маанайың өзүнөн-өзү көтөрүлөт. Өзүмө-өзүм “сүйгөн жумушумда иштеп жатам деп ушунчалык сүйүнүп жатасың, сүйгөн адамыңа турмушка чыксаң кандай болор экенсиң?” деп суроо берип калам.

“Микрофондун сүрү абдан күчтүү”

– Ар бир эфирге чыгуу сүрдөө менен коштолот. Кечээ эле сүйлөп кеткен ошол эле микрофон, ошол эле студия, бирок эртеси сөзсүз сүрдөйсүң. Микрофондун сүрү абдан күчтүү. Өргүүгө кетип же бир апта эфирге чыкпай калып, кайра келсең биринчи жолу эфирге чыгып жаткандай эле толкунданасың. Жаздырылган эфир болсо бир жөн, туура эмес жерин оңдоп коюуга болот. Ал эми түз эфирде андай жок. Туура, так сүйлөшүм керек дейсиң. Радиодо “баланча ырчы түкүнчө ырды ырдайт” деп эле койбойсуң да, дайыма агым менен болуп, дүйнөдө, өлкөдө эмне болуп жатканынан кабардар болушуң керек.

“Кытайда окуган 4 жыл жашоону үйрөттү”

– “Тумарда” 1 жылдан ашык иштегенден кийин “Миң-Кыялда” иштеп калдым. Андан кийин Кытайга окууга кеттим. Ал жакта өткөн 4 жыл мен үчүн жашоонун мектеби болду. Эркелигим калып, өз алдымча болууга, өзүмө жоопкерчилик алууга үйрөндүм. 19 жашымда ошол жактан өзүм үчүн тамак жасай баштадым. Ага чейин апам эркелетип “ай, жок, жата бер, сен китебиңди оку, тамакты өзүм жасап коём” деп эч нерсе кылдырчу эмес да. Кытай мени өзгөрттү. Бишкекке келгенден кийин кытайлар менен иштешип жүрдүм. Бирок радионун тузу оор экен, жумушумду сагынып эле туруп алдым. Арсен (ред.: Курамаев) деген кесиптешим менен сүйлөшүп калсам “келип үнүңдү жаздырып көр” деди. Барып үн жаздырдым. Ошентип “Кыргызстан обондорунда” иштеп калдым. 4 жыл Кытайда окуп келгениме карабай, ат айланып казыгын табат болуп, кайра эле радиого келдим.

“Күчтү сүйлөбөй, тынчтыкта болуп топтойм”

– Кээде чарчайм. Негизи жашоодо көп сүйлөбөйм деле. Үйгө келгенде унчукпай өзүмдүн бөлмөмө кирип кетсем, үйдөгүлөр “сенин үнүңдү угуш үчүн жаныңдагы алпаруучу баланы үйгө чакырабыз го, антпесе үйдөн сенин үнүңдү укпай калдык” деп күлүп калышат. Мен күчтү сүйлөбөй, тынчтыкта болуп топтойм. Жок дегенде бир саат тынчтык керек.

“Радиодо туура сүйлөө ыкмаларын үйрөтүштү”

– Үнүм апамдыкына окшош. Албетте, 17 жашымда радиого келгенде “бул жерде мындай сүйлөш керек” деп ыкмаларды үйрөтүшкөн. Кээде менин үнүмдү укканда апам экен деп жеңелерим шапылдап калышат да, анан мени көрүшүп “эй, шүмшүк десе, сен белең” деп күлүп калышат.

Үнүңдү жактырам деп гүл жөнөткөн угармандар бар. “Чыгарма жаза баштадым”

– Радиого тааныш аркылуу ишке кире албайсың. Талантың болбосо, миң таанышың болсо да иштеп кете албайсың. Мен негизи жалкоомун. Келечек алдыда, балким, башка тармакта да өзүмдү сынап көрөттүрмүн. Учурда ар кандай арзууну башынан өткөргөн кыз жөнүндө чыгарма жаза баштадым. Азырынча ичимдеги дем, топтолгон оюм 50 баракка жетти.

“Турмушка шашып чыгууну туура көрбөйм”

“Жүрөгүңдүн ээси барбы?” деген суроону көп беришет. Турмушка шашып чыкканды туура көрбөйм. Күйөөгө тийсем жашоом өзгөрүлүп кетет дегендин өзү туура эмес. Анда деле ошолсуң, болгону жаныңда бирөө болот. Анын байпагын жууп, курсагын тойгузушуң керек. Сүйүп тийсең го жакшы, элжиреп тамак жасайсың. “Эл сөз кылып жатат” деп шашып тийип алсаңчы?.. Жүрөктүн ээсин издөө эмес, өзүмдөгү боштукту толтуруу процессиндемин. Бардык нерсенин убакыт-сааты келет.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан