АНЕВРИЗМА – МЭЭДЕ КАН ТАМЫРДЫН ЖООНОЮП, ЖАРЫЛЫП КЕТИШИ

“Акыркы 10 жылда аневризма оорусуна чалдыккандардын саны өсүп баратат. Айрыкча эл жыш жайгашкан Чүй жана Ош облустарында. Жакыр жашоо, гипертония дартына, стресске көп чалдыгуу жана башкалар бул оорунун жайылышын күчөтүүдө”,- дейт Бишкектеги №1 клиникалык оорукананын ангионеврология бөлүмүнүн жетекчиси Туратбек Кадыров. Аневризма мээнин кан тамырынын жооноюп, анан жарылып кетиши менен коркунучтуу. Альберт Эйнштейн, Андрей Миронов сыяктуу атактуулар ушул дарттын курмандыгы болушкан. Аневризмага балдар да чалдыгарын биле жүрүңүз.

Аневризма жарылса шашылыш чара көрүү керек

Аневризма – мээнин артериялык кан тамырынын бир капталынын керилип, жооноюп, толгон кандан улам ал жердин баштыкчадай болуп калышы. Андай баштыкча мээде бир же бир нече болушу ыктымал. Аневризма убакыт өткөн сайын чоңоюп, айланасындагы мээ клеткаларын кысып, алардын иштөөсүн буза баштайт. Эң коркунучтуусу – анын чоң же кичинекей экенине карабай каалаган учурда жарылып кетип, мээге кан куюлуп кете тургандыгында. Анткени кеңейген кан тамырдын керегелери жукарып кетет, күч келгенде жарылат. Жарылганда дароо медициналык жардам көрсөтүлбөсө, адам мерт болуп калуусу толук мүмкүн. Ошондуктан аневризма медицинада күтүүсүз жарылуучу бомбага окшош деп сүрөттөлөт.

Инсульттун 55-60 пайызын ушул оору түзөт. Негизи дарттын бар экени адам баш оорусунан улам компьютердик томографияга тартылганда билинет. Ага чейин оорунун белгилери так билинбей жүрө бериши ыктымал.

Мээдеги венанын аневризмага чалдыгышы чанда учурайт.

Эгер аневризма жарылганга чейин билинсе, анда врач оорунун андан ары өнүгүшүн токтотуучу дарылоону сунуштайт. Башкача айтканда, өлчөмү кичинекей, оору белгилери билине элек учурда бул дартты дары менен токтотууга болот.

Илдеттин 2 түрү кездешет

Аневризманын тубаса түрүнө төмөнкүлөр алып келет:

• Түйүлдүк кезде мээнин артериялык кан тамырынын патологияга кабылышы

• Тукум куучулук

Кийин пайда болгон түрүнө төмөнкүлөр себеп болушу мүмкүн:

• Баштын жаракаты

• Катуу стресстик абал

• Кан басымдын кескин көтөрүлүшү

• Оор жумуш жасоодон дененин, анын ичинде мээнин катуу чыңалышы

• Атеросклероз (кан тамырдын май түйдөкчөсү менен бүтөлүшү)

• Мээнин рак оорусу

• Мээнин инфекциялары (энцефалит, менингит жана башка)

• Гидроцефалия (мээде жүлүн суусунун ашыкча болушу)

• Жаш курак (50 жана андан жогорку курак)

Жогорку кан басым оорусу жок балдардын, орто курактагылардын инсультка кабылышы аневризмадан болот.

Формасына карап бөлүнүшү:

• Кан тамырдын 1 же 2 капталынан чыккан мүшөкчө формасындагы түрү

• Ийик сымал түрү

• Аралаш түрү

Өлчөмүнө карата бөлүнүшү:

• Кичинекей аневризма – 3-10 миллиметр

• Орточо – 11-15 миллиметр

• Ири – 16-25 миллиметр

• Гигант – 25 миллиметр жана андан чоң

Жарылганга чейинки белгилери:

• Баштын бат-баттан оорушу

• Адамдын эч себепсиз эс-учун кыска убакытка жоготушу

• Көрүүнүн начарлашы, бир нерсенин экөө болуп көрүнө башташы

• Дененин бир капталынын чымырашы, уктап калышы

• Булчуңдардын диртилдеп тартылышы (судороги)

• Көздүн чыбырчыктоосу

Жарылгандан кийинки белгилери:

• Баштын кескин түрдө өтө чыңалып, катуу оорушу. Ооруну басуучу дарылардын таасир этпеши

• Көңүлдүн айланышы, кусуу

• Аң-сезимдин бат начарлоосу, бузулушу

• Бир капталдагы кол-буттун шал абалга кептелиши

• Психиканын дүүлүгүүсү (адамдын өзүн кармай албай калышы, ызы-чууга түшүү)

• Денедеги булчуңдардын баарынын жалпы тартылып, диртилдеши

Диагностика

• Неврологиялык-клиникалык текшерүү

• Баштын компьютердик жана магниттик-резонанстык томографиясы

• Ангиография. Бул артериялык кан тамырга контрасттык атайын затты куюп, аневризманын абалын рентген аркылуу изилдөө.

• Жүлүндөн суу алып текшерүү (аневризма жарылганда жүлүн суусу булганып калат)

Дарылоо

Консервативдүү дарылоо:

Эгерде операция жыйынтык бербей турган абал болсо, анда консервативдүү дарылоо күтүлөт. Мындай учурда кан басымды калыпка келтирүүчү, оорутууну басаңдатуучу, кусууну токтотуучу, жарылган жерде пайда болгон уюган канды кетирүүчү, кан тамырды кеңейтүүчү дары-дармектер берилет. Кан тамырдын ичинде май түйдөкчөлөрү болсо, анда аларга каршы дарылар ичилет.

Диета кармалат. Майлуу, ачуу, куурулган, ышталган, маринаддалган, туздалган тамак-аштар жана фаст-фуддар болбойт! Тамак-ашты сууда, бууда, электр мешинде тузду аз кошуп бышыруу сунушталат. Кан тамырларды бекемдөө үчүн курамында кальций, калий, магний бар азыктарды: кургатылган инжир, деңиз балыры, сүт, быштак, брокколи, бадам, кургатылган өрүк, кара өрүк кагы, мейиз, карагат, ашкабак, кызылча, шпинат, гречка, картошка, анжир, банан жеш керек.

Хирургиялык дарылоо:

Хирургиялык дарылоону нейрохирургдар жүргүзүшөт.

Эндоваскулярдык ыкма:

Бул үчүн атайын шайман жоон сандагы кан тамыр аркылуу киргизилип, оорунун очогуна жеткирилет. Анан аневризмага чалдыккан кан тамырдын ичине стент (жасалма кан тамыр) коюлуп, баштыкча болуп калган жер атайын чайырдай зат менен бүтөлөт. Ошондо артериядагы кан тоскоолдуксуз түз өтүп калат. Бул ыкманы колдонууда кан өтө аз кетет, адам бат калыпка келет.

Кыпчытып коюу ыкмасы:

Бул көбүнчө өлчөмү кичирээк аневризма үчүн колдонулат. Мээ ачылып жасала турган операция. Титандан жасалган атайын кыпчыткыч менен жабыркаган кан тамыр кыпчытылат да, баштыкчага куюлуучу кандын жолу тосулуп калат.

Бейтап консервативдүү же хирургиялык жол менен дарыланып чыккандан кийин неврологдун каттоосунда болуп, ар 6 ай сайын текшерилиши зарыл. Компьютердик томографиядан өтүү жана дарылануу сунушталса, баш тартканга болбойт.

Айта кетчү нерсе, аневризма курсак көңдөйүндөгү аортада, жүрөктүн кан тамырында да кезигет.

Оорунун алдын алуу

Дарттын алдын алуу өтө кыйын. Бирок жогоруда айтылган оору белгилери билинсе дароо врачка текшерилүү зарыл. Алдын алуу үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

• Кан басымды убак-убагы менен ченеп туруу. Айрыкча гипертониктер.

• Оор жумушту чеги менен жасоо

• Стресстен качуу

• Убагында врачка текшерилип туруу

• Башка өнөкөт оорулардын улам кармабашына, кармаса толук дарыланууга аракет кылуу

• Майлуу, куурулган тамактарды аз колдонуу, колдон келсе андай тамактардан таптакыр баш тартуу

• Спортко жакын болуп, сергек жашоо образын кармануу

• Тамеки чекпөө, ичимдик ичпөө

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан