Актилек Молдокматова, мекендеш: «ИТАЛИЯЛЫКТАР САРАМЖАЛДУУ, АШКЕРЕ ЫСЫРАП КЫЛЫШПАЙТ»

“Мекендеш” рубрикабызда ар кайсы өлкөдө жашап, иштеп жүргөн мекендештерибизге сөз беребиз. Бул жолку кеп 9 жылдан бери Италияда жашаган каарманыбызда.

«Европанын дээрлик бардык шаарларын көрдүм»

– Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында төрөлүп, Бишкек шаарында чоңойгом. 9 жылдан бери Италиянын Неаполь шаарында жашайм. Италиянын көп эле шаарларына бардым, бирок Неаполь мен үчүн өзгөчө. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин бул жакта жашаган эжемдерге конокко келип, ошол бойдон калып калганмын. Жаңы келгенде эжем экөөбүз чогуу көчөгө чыктык. Эжем ар ким менен “буонжиорно” (buongiorno) деп учурашса, мен элдин баары бири-бири менен ушинтип учурашат турбайбы деп ойлоп, көчөгө чыкканда алдымдан чыккан кишинин баары менен ошентип учурашып жүрдүм. Көрсө, эжем тааныштары менен гана учурашкан экен, тааныштары көп да.

Жумуш табууда кыйналган жокмун. Башында кара жумуштарда иштедим, бара-бара тил үйрөнүп, көнүп алгандан кийин жеңил жумуштарга өттүм. Азыркы жумушум жеңил. Эртең менен 3 саат, түштө 3 саат иштейм, саатына акы төлөнөт. Европаны көрүү – бала кездеги кыялым болчу. Дээрлик бардык шаарын көрүп чыктым.

«Эркектерге караганда аялдарга жумуш оңой табылат»

– Айлык акылар мурункуга салыштырмалуу көбөйдү, азыр 700 евродон өйдө. Сом менен алганда, 60 миңден 150-200 миңге чейин тапкандар бар. Орточо айлык 800-900 евро. Бул жакта көбүнчө улуу жаштагы эжелерге жумуш оңой табылат, кемпир, абышка багышат. Акы төлөөдө Неаполь менен башка шаарлардын айырмасы бар, Миланда көбүрөөк, Неаполдо азыраак төлөйт. Жумуштар жеңил эле, мисалы, мен бул жакта синьора дейт эмеспи, ошондой 2-3 синьорага дары-дармек, азык-түлүк алып барып берем, айрымдары менен жөн эле сүйлөшүп отуруш керек болот. Сүйлөшүш керек дегеним, 90 жаштагы чоң апага эрмек болом.

Эгер тил билсең, документтериң жайында болсо жумуш табуу оңой. Мен билгенден, азыр кыргыз кыздары тигүү цехтеринде, сулуулук салондорунда иштеп жатышат. Эркектер базарда, дүкөндөрдө, барларда иштешет. Мен келген жылдары кыргыздар 10 миңдин тегереги дешчү, азыр андан эки эсе көп. Акыркы 2 жылда студенттер көбөйдү. Майрамдарда кыргыздар чогулуп, иш-чараларды уюштуруп турушат. Бул жакта мигранттар да ооруканага бекер көрүнө алышат, дары-дармек, көрүнүү баары бекер, ушундай мыйзам бар. “Сен бөтөнсүң” деп бөлүшпөйт.

Италиядагы кыргыздардын жашоосу жакшы. Көбү машинелүү, үйлүү. Жумуш табуу үчүн агенттиктер көп, бирок кыргыздар ага деле кайрылбайт. Анткени кыргыздар бири-бирине жардам берип эле жумуш таап алышат. Неаполдон башка шаарларда документти аябай талап кылышат.

Италияга атайын агенттиктер аркылуу келсе болот. Жумуш визасы менен келүү кыйын, ошондуктан көптөр турист катары келип эле калып калышат. Жарандыкты 10 жыл жашагандан кийин ала алышат, бирок убактылуу иштөөгө уруксат алса болот. Анын да ар кандай мөөнөтү бар, 6 айга, 1 жылга, 2 жылга да алса болот. Буюрса, жарандыкты аларыма аз калды. Бирок биротоло бул жакта калайын деген оюм жок, сөзсүз мекениме кайтам.

«Дайыма жылмайып жүрүшөт»

– Элинин жашоосу жакшы. Биздегидей “үй салайын, машине алайын, тиги мындай машине алыптыр, мен андан чоңун алайын, аныкынан чоң үй курайын” деп жан талашпайт. Үйлөрүнүн көбү эски үйлөр. Булар акчасын саякатка жумшашат, кийинишет, жер кыдырышат. Булардын жашоо образы ушундай. Кыргыздар “эл эмне дейт?” менен жашайт эмеспи, а булардын бири-бири менен иши деле жок, ар ким өзү менен өзү. Бул жакта “үйдө бир баласы калып ата-энесин багышы керек” деген түшүнүк жок. Ата-энелер балдарынан өзүнчө жашай беришет, карыганда өздөрү эле атайын кызматтарды пайдаланып же жардамчыларды жалдап, пенсиясынан акы төлөп жашай беришет.

Италия элинин кыргыздарга окшоштугу – булар да абдан меймандос, кичи пейил. Айырмачылыгы, аябай сабырдуу болушат, көчөдөн урушуп жаткан кишилерди көрбөйсүң. Дайыма жылмайып жүрүшөт, суроого жылмаюу менен жооп беришет. Булардан биз бири-бирибизди сыйлоону, дайыма жылмайып жүргөндү үйрөнсөк болот. Биздин өлкөдө дагы жылмайып жүргөндөр көп болсо дейм. Анан булар этти абдан аз жешет. Булардын түшүнүгү боюнча малдын эти адамды эрте картайтат, жумасына ашып кетсе эки жолу эт жеши мүмкүн. Көбүнчө балык, кайнатма, паста жешет. Эртең мененки тамакка сүт, кофе ичишет.

«Бирөөнүкүнө конокко барып тамактаныш үчүн алдын ала эскертиш керек»

– Үйлөрдүн баасы районго жараша. Аянты 60-70 чарчы метр үйлөрдү орточо 150-200 миң еврого сатып алса болот. Албетте, кылмыштуулук бар. Абдан коркунучтуу деп ушул Неаполду айтышат, криминал абдан күчтүү шаар деп саналат. Уурулук да көп, туристтерди көчөдөн эле тоноп кеткен учурлар кездешет. Машинелерди да уурдашат. Ошентсе да Неаполь Италиянын эң кооз жана эски шаарларынын бири. Пиццасы менен атактуу, туристтердин көбү пиццасын жеш үчүн келишет. Пицца ушул Неаполь шаарынан чыккан.

Ажырашуулар аябай аз, анткени кыз-жигит болуп узак убакыт жүрүшөт, 30-35 жаштарга барып үйлөнүшөт. 40-50 жашка чейин деле үйлөнбөй жүрө бергендер көп. Ажырашуу үчүн сот процессин 5 жыл күтүш керек болот. Булар деле мурун көп балалуу болушчу экен, азыр 1-2ден балалуу болушат.

Бул жакта туризм аябай өнүккөн, ошондуктан Кыргызстандан окууга келгендердин көбү туризм багытында окушат. Туристтер аябай көп, анткени Рим империясынан калган Колизей эстеликтерин, Везувий активдүү жанар тоосун, вулкан астында калган шаарларды, Помпеи эски шаарын жана башка тарыхый жайларды көрүш үчүн келишет.

Таң калганым – үй-бүлөдө бирөө каза болсо бизде мал сойдуруп, дасторкон жайып каза болгон кишинин жакындарын түйшүккө салат эмеспизби. Буларда андай жок, келип жөн эле көңүл айтып кетишет, тамак-самак эч нерсе беришпейт. Дагы бир өзгөчөлүгү – мисалы, мен жакын агамдын үйүнө айттырбай конокко барып калсам, алар тамак ичип жаткан болсо да мага тамак беришпейт. Мен алардын үйүнөн тамак ичиш үчүн алдын ала “мен силердин үйгө барам, тамак ичем” деп эскертип коюшум керек. Ошондо конокко деп ашыкча тамак жасашат. Ысырап кылышпайт.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан