ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 23-январдан 29-январга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада өзүңүздү жакшы сезип, тааныштарыңызга кол сунуп, жардам берүү каалооңуз ойгонот. Үй кожойкелери тазалоо иштерин жүргүзүп, айлана-чөйрөсүн иреттөө менен жашоосунда кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күтүшөт. Өзгөрүүгө кадам таштаганыңыз – жарым жолго жеткениңиз, андыктан ушундай ыргак менен аракет кыла бериңиз. Бул күндөрү сүйүктүүңүз менен пикир келишпестик жаралбаш үчүн олуттуу маселеде талкуу козгобогонуңуз туура.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада романтикалык мамилелер жакшырып, буга чейин жактырып жүргөн адамыңызга “сүйөм” деп айтууга эркиңиз жетет. Араздашып, таарынышып жүргөн түгөйлөр жарашып, мурунку чырлардан пайдалуу сабак алып, келечекти көздөй бет алышат. Аптанын дагы бир позитивдүү багыты – чыгармачылыктын өсүшү байкалат. Өзүн-өзү тарбиялоо менен алектенүү, хоббиңизге убакыт бөлүү, сүйүктүү аткаруучуларыңыздын концерттерине баруу сунушталат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Апта башында жылдыздар үй жумуштарына жана тез арада чечүүчү көйгөйлөргө көбүрөөк убакыт бөлүүнү сунушташат. Эгер ата-энеңиз менен жашасаңыз, алар сиздин көңүл бурууңузга муктаж болушу мүмкүн. Ошондой эле үй-бүлөңүздүн бюджетин пландоого, киреше жана чыгашаларды эсептөөгө, ири сатып алууларды жасоого ылайыктуу учур. Аптада жумушуңуздан ырахат алып иштейсиз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жакшы маанайда жаңы иштерди баштайсыз, башында каржылык чыгымдардын ордун таппай кыйналасыз, бирок ар бир жумуштун башталышы оор экенин эске алыңыз. Тааныштар, кошуналар жана сүйүктүү адамыңыз менен болгон мамиледе ынтымактуу мезгил башталат. Алар менен жөн эле баарлашуу, пикир алмашуу, дасторкон четинде отуруу сизге кызыктуу болот. Бойдок бөйөндөрдө кыска убакытка сүйүү романы тутанышы мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Балдарды тарбиялоодо педагогикалык талантыңызды көрсөтө аласыз. Аптанын экинчи жарымында үй-бүлөдө кайсы бир маселеде түшүнбөстүк жаралып, талашып-тартышуулар орун алат. Жылдыздар сизге бизнес менен алектенип, көңүл ачууну убактылуу унутууну сунушташат. Айрыкча профессионалдык жана каржылык иштерде ийгиликке жетесиз. Окууга, кандайдыр бир билим берүү маселелерин чечүүгө ыңгайлуу убакыт эмес.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жеке жашоосунда олуттуу өзгөрүү болбой жаткан бийкечтердин жашоосунда өтө маанилүү мезгил болот. Сүйүктүүңүз менен урушуп же мамилеңиздер кризиске учураса, анда ушул аптада гармонияга келесиздер. Өзүңүздүн жүрүм-турумуңузду сын көз менен карап, каталардын үстүнөн иштеө зарыл. Ошондо гана романтикалык мамилеңиздин экинчи өмүрү башталат. Аптанын экинчи жарымы акча табуу жана аны сарптоодо кыйынчылыктар менен коштолушу мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Ой жүгүртүү жана руханий иш-аракеттер үчүн ылайыктуу учур. Чоочун адам жардам сураса баш тартпаңыз. Мындай жүрүм-турум психологиялык көйгөйлөрүңүздү чечүүгө өбөлгө түзөт. Аптанын экинчи жары мын үйдө өткөрүңүз. Адамдар менен мамиле түзүүдө оңой тил табышасыз, бирок мамилени сактап калуу да өзүнчө искусство экенине ынанасыз. Үй-тиричилик иштерине активдүү катышпасаңыз, анда жакындарыңыз сизге “сөгүш жарыялашы” мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чаяндар бул аптада активдүү жашоо образын жүргүзүшү керек. Адамдар менен байланышууга, достук мамилелерди түзүүгө жана сактоого болгон муктаждыгыңыз жогорулайт. Бул күндөрү тааныш, тууган, дос, кошуналардын жашоосунда эмне болуп жатканын биле аласыз. Окуу үчүн да жакшы учур. Мурда үйрөнө албаган материалды дагы бир жолу изилдеп көрүңүз, ошондо баарын түшүнүү болот, канчалык оңой экенине таң каласыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жылдыздар биринчи кезекте материалдык маселелерди чечип алууну сунушташат. Жумушта абал абдан жагымдуу болот, акча табуунун башка жолдорун да өздөштүрүп баштайсыз. Үй-бүлөдө ата-энеңиз менен болгон мамиле чыңалат. Жакындарыңыз сиздин кайсы бир жоругуңузду туура эмес деп бааласа, аны өзгөртүүгө аракет кылыңыз. Сизге кадимки сезилген нерсе айлана-чөйрөңүздөгүлөр үчүн тартипсиз, уятсыз көрүнүшү мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Өз алдынча билим алып, жогорку окуу жайда окуган текечерлер үчүн жемиштүү апта болот. Дүйнө таанымыңыз кеңейет, бир катар философиялык маселелерди түшүнүүңүз тереңдейт. Бул жакшы адаттарды калыптандыруу үчүн ыңгайлуу учур. Максаттарга жетүүдө тоскоолдук жаралат. Таасирдүү же абройлуу адам, балким, атаңыз же жетекчиңиз менен пикир келишпестик болушу мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жылдыздар сизге аптада тынч жашоо образын өткөрүүнү сунушташат. Шашылыш кабыл алынган чечим же тандоо ийгилик алып келбейт. Кандайдыр бир жообу жок суроолор сизди кыйнап жүрсө, анда ушул аптада баарынын жообун таб а аласыз. Жумушуңузда чындыктын түбүнө жетүүгө болгон каалооңуз жаңы ачылыштар менен коштолуп, ал ачылыш үчүн сыйланасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03

Күтүлбөгөн окуялар орун алат, ага байланыштуу пландарыңызды тез өзгөртүүгө туура келет. Бойдоктор “тандаган тазга жолугат” деген макалга мисал болгуңуз келбесе, тандооңузду эртерээк жасаңыз. Досторуңуз өзгөчө иш-чарага чакырса баш тартпаңыз, барганыңызга өкүнбөйсүз. Спорттук машыгууда же командалык оюндарда жаракат алып калуу коркунучу бар, андыктан машыгууда сак болуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан