Бусурман Одуракаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “ЫСМАЙЫЛДЫН ДАЛ ӨЗҮН ОЙНОПСУҢ ДЕП АЙТМАТОВ БАА БЕРГЕН”

Бул актёрду көпчүлүк “Куш өмүр” тасмасындагы Ысмайылдын ролунан улам жакшы тааныйт. Ал тасмага тартылып жатканда каарманым 26 жашта эле. 1985-жылдан бери театр, кино тармагында жигердүү эмгектенип келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актёр, режиссёр Бусурман Одуракаев менен баарлаштык.

“Чокморов, Рыскулов, Жумадылов сыяктуу залкарлар таасирлентти”

– Балалыгым Талас районунун Арашан айылында Союз учурундагы теңчиликте, сонун учурда өттү. Үй-бүлөдө он бир тууганбыз. Бириңди көрүп бириң өсөсүң да, улуу байкем китепти абдан көп окучу. Кийин медициналык институтту бүтүргөн, азыр деле көп окуйт. Аны көрүп мен да китепти көп окудум. Мектепте маданий иш-чараларга катышкан активдүү окуучулардын катарын толуктачумун. Спортко да абдан кызыкчумун, жеңил атлетика, бокс боюнча секцияларга катышып жүрдүм. Бирок ошондо эле менде актёр болом деген кыял жашачу. Сүймөнкул Чокморов, Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Олег Янковский, Михаил Боярский өңдүү актёрлордун ролдорунан катуу таасирленгем. Алар тууралуу абдан көп окудум. Анан 10-классты бүткөндөн кийин азыркы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырдым. Аны аяктагандан кийин Алматыдагы Театр-кино институтуна тапшырып, төрт жыл билим алдым. Алматыда абдан жакшы күндөр өттү. Документалдык кинорежиссёр боюнча Ленинградда 6 айлык курста да окудум. Окууну бүткөндөн кийин жолдомо менен Кыргыз драма театрында иштеп калдым.

“Театрдын өзөгү – актёрлор. Директор, режиссёрлор келет-кетет”

– Театр мен үчүн жан дүйнөнүн азыгы сыяктуу. Өзүңдүн ички дүйнөңдө болуп жаткан нерселердин баарын элге образ аркылуу жеткирүү, элди тарбиялоо, кетирип жаткан кемчиликтерин сахна аркылуу көргөзүү. Сахна сыйкырдуу нерсе, көрүүчү менен жандуу пикир алышасың. Сахнада жакшы образ болсо көрүүчү сени менен бирге кайгырып, бирге кубанат. Жан дүйнөңдөн ыйласаң, ал дагы ыйлайт, ичинен сүйлөнөт. Театр – бул храм деген илгерки сөз бар. Бул да өзүнүн философиясы менен айтылган. Сахнадагы окуяга көрүүчү сүңгүп кирип кетсе, мына ошол театр. Театрдын өзөгү – актёрлор. Ал эми директор, режиссёрлор келет-кетет.

Кинодобу, театрдабы, образ жаратуу – татаал процесс. Көчөдөн бирөөнү чакырып келип, кийинтип, сакал-мурут чаптап, тигил жакка бас, минтип сүйлө деп үйрөтсөң, айтканыңдай кылып бериши мүмкүн. Ал эми образ жаратуу – бул такыр башка нерсе. Керек болсо жинди болуп кете жаздайсың. Ал үчүн жакшы драматургия, жакшы режиссёр жана өзүңө ылайык образ керек.

“Тасма талаасында тушоом “Акбаранын көз жашында” кесилген”

– Тасма талаасында тушоом Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде Дооронбек Садырбаев тарткан “Акбаранын көз жашында” кесилген. Анда комсомол секретарынын ролун ойногом. Кийин “Куш өмүр” тасмасында башкы каарман Ысмайылдын образын жараттым. Тасма Таласта өзүм чоңойгон Беш-Таш коругунда тартылган. Чыгармачылыгымда Айтматов менен байланышкан бир бурч бар. 1994-жылы 12-декабрда Кыргыз драма театрынын алдында Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык театр ачып, аны жетектеп жүрдүм. Кийин жабууга туура келди, анткени мамлекет каражат бөлбөгөн соң дайыма демөөрчү издөө кыйын экен. Чыңгыз агай менен да көрүшүп, чет өлкөгө чыкканда сапарлаш болдум. Бир жолу Алматыдан мага “сен жашоодо Ысмайылдын өзүнө барып жолуктуңбу?” деди, “ооба, жолуктум” десем, “кандай киши экен?” деп сурады. “Тамашакөй киши экен” деп баарын айтып берсем, “сен Ысмайылдын дал өзүн ойноптурсуң” деген.

Азыр тасмага тартылууга көп сунуштар түшөт. Мен ролду, режиссёрун карап анан тартылам. Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы абдан жакшы чыкты, Кыргызстандагы биринчи мюзикл болду. Андан тышкары Мари Поношвилдин “Тенгри”, Дастан Жапар уулунун “Акыркы көч”, ал эми коммерциялык тасмалардан Сүйүн Откеевдин “Жетикс”, Сапар Сайназаровдун “Кайнене” аттуу тасмаларына тартылгам. Баарынын сценарийлеринде берейин деген жыйынтыктуу ою бар, режиссёрлук чеберчилиги жакшы.

“Тасмам алты өлкөдөн Гран-при алып келген”

– Документалдык режиссёр катары жеке киностудияда көп иштедим. Аймактарды кыдырып тасма тартчубуз. 1992-жылдары төрт мезгилди чагылдырган “Айыл ажары” деген документалдуу тасмам жарык көргөн. Кийин кыска метраждуу “Саз” көркөм фильмин тарттым. Анда 5-класс кезимде жайлоодо болгон окуя көркөмдөлүп чагылдырылган. Жерибиз сатылып жатат, адам дайыма сазга батып эле жүрө береби, өлкө качан карыздан кутулат деген чоң философиялык ой камтылган. Бул тасма алты өлкөдөн Гран-при алып келген, 2012-жылы Канн кинофестивалында сынактан тышкары көрсөтүлгөн. Азыркы тапта Элмира Ажыканованын “Кайдасың азыр, каралдым?” деген аңгемесинин негизинде “Няня” деген тасмам даяр болду, учурда англисче субтитры даярдалып жатат. Былтыр “Кыргызфильмде” Нуркан Турсунбаев жөнүндө документалдык тасма тарттым. Төрөлгөндөн тарта 80 жашка чыкканга чейинки учур камтылды. Анын ар бир ырынын тематикасына жараша Соң-Көл, Нарын, Миң-Куш, Ысык-Көл, айтор, көп жерди кыдырып чыктык. Кудай буюрса, аны дагы фестивалдарга жөнөтөбүз.

Ысмайылдын, Гамлеттин ролун ойногонум купулума толот”

– “Куш өмүрдө” Ысмайылдын образын, Талип Ибраимовдун “Кошокчу” тасмасында Болоттун ролун, ал эми театрда Уильям Шекспирдин Гамлетин ойногонум купулума толот. Гамлетте мен өзүнчө бир образ жараттым, абдан кыйналдым, бирок башка актёрлорду туураган жокмун. Шотландиянын Эдинбург шаарында бул ролду кыргыз тилинде ойнодум. Образ жеткиликтүү болсо котормонун деле кереги жок экен. Менин образым Шекспирдин энциклопедиясына “Кыргыз Гамлети” деп киргизилген. Алыкул Осмоновдун ролунда анын жан дүйнөсүн ачып бердим. Ал эми “Ажал менен кармаш” интеллектуалдык деңгээлдеги спектакль, анда Чокон Валихановдун образын жараткам.

60 жашка чыктым. Бул мааракени чакан чыгармачыл чөйрөдө белгилейин деп жатам. Ошондо тарткан тасмаларымды, аткарган чоң ролдорумду топтоп көрсөтөйүн деп турам. Эпизоддук ролдор өтө көп, айрымдарын өзүм унутуп калдым.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан