УНААНЫ МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ: Мажбурлообу же зарылдыкпы?

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы толук түрдө күчүнө кирди. Көпчүлүк аталган мыйзамды “элдин капчыгын кагып, жон терисин сыйруу” деп сындап жатканы байкалат. Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн башкы адиси Азат Сапарбек уулу айтылып жаткан сындарга макул эмес. “Элге түшүндүрүү иштери туура жүргүзүлбөй жатат, камсыздандыруу полиси айдоочуларга абдан керек нерсе”,- дейт ал. Макаланы ушул темага арнадык, көпчүлүктү кызыктырып турган суроолорго адистен жооптор бар.

– Негизги максаты эмне? Кантип иштейт?

– Максаты – айдоочуларды түрдүү тобокелчиликтерден, кырсыктардан сактоо. Эгер унааңыз менен жол кырсыгына кабылсаңыз, биринчи кезекте МАИ кызматкерин чакырасыз, алар келип кырсыктын чоо-жайын, ким күнөөлүү, ким жабырлануучу экенин тактайт. Андан кийин унааңызды камсыздандырган компанияга чаласыз. Ал жерден адистер келип документтерди иликтейт. Камсыздандыруу ишине байланышкан кырсыкпы, жокпу тактап, 10 күндө жыйынтык чыгарышат да, 30 күндүн ичинде келтирилген чыгымдын ордун толуктап беришет.

Эгер сиз унааңыз менен жол кырсыгына кабылып, кырсыкка күнөөлүү болсоңуз жабырлануучу тараптын чыгымын сиз камсыздоо полисин алган компания төлөп берет. Эгер ал күнөөлүү болсо анын камсыздандыруу компаниясы сиздин чыгымды төлөп берет. Мисалы, кырсыкка сиз күнөөлүү болсоңуз сиздин чыгымды тиги тараптын да, өзүңүздүн камсыздандыруу компанияңыз да төлөп бербейт. Мыйзам айдоочулардын башкалардын алдындагы жарандык укуктук жоопкерчилигин гана камсыздайт. Учурда эл арасында мыйзам боюнча түшүнбөстүктөр жаралып жатат, камсыздандыруу полисин кадимки салыктык жыйымдар менен алмаштырбаш керек. Салык – кайтарымсыз, ал эми камсыздандыруунун кайтарымы бар. Мисалы, тойго деле “кийин менин тоюмда кайтарат” деп кошумча кошосуз го, бул мыйзам деле ошонун бир түрү.

– Камсыздандыруу полисинин баасы канча турат?

– Унаанын түрүнө жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша. Базалык тариф жылына 1680 сомдон башталат. Бааны аныктоо үчүн унаа ээсинин жашы (25 жаштан кем эмес), айдоо тажрыйбасы (үч жылдан кем эмес) жана автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмү эске алынат. Мисалы, кыймылдаткычынын көлөмү 2000 сантиметр кубга чейинки жеңил унаалар 2000 сомго чейин, 2000-3000 сантиметр кубга чейинкилер 2400 сом, 12 тоннадан аз жүк ташуучу унаалар, автобус жана кичи автобустар 4400 сом, оор жүк ташуучу унаалар үчүн 5500-6000 сом төлөнөт. Троллейбустар 2200 сом, мототранспорт, прицеп, экскаватор, бульдозер ээлери 1250 сом төлөшөт.

– Каяктан алуу керек?

– Ушул тапта Кыргызстанда 15 камсыздандыруу уюму иштейт. Анын ичинен 10 компания милдеттүү камсыздандыруу полисин берүүгө укуктуу. 10 компаниянын бирөөсү гана мамлекеттик, калганы жеке менчикте. Мыйзам күчүнө киргенден тарта ушул компаниялардын аймактарда филиалдары ачылып жатат.

Кыргызстанда автокырсыктар абдан көп болот, эл массалык түрдө камсыздандырууга өтсө, камсыздандыруу компанияларынын чыгымы өзүн актайбы?

– Мыйзамдагы бардык механизмдер адистер тарабынан дыкат иштелип чыккан. Камсыздандыруу компаниялары атайын жумушчу топ түзүп, кантип ишке ашырса болот, канча компенсация төлөй алабыз деген сыяктуу бардык нюанстар эске алынган. Эгерде тийиштүү компенсацияны төлөөгө көзү жетпесе, анда алар лицензия алышмак эмес.

– Камсыздандыруу компаниясы төлөп бере турган компенсациянын суммасы кандай?

– Кырсык жабырлануучунун өлүмү менен коштолсо – 300 000 сом

I топтогу майыптык алса – 200 000 сом

II топтогу майыптык алса – 150 000 сом

III топтогу майыптык алса – 100 000 сом

"Майып бала" категориясына – 200 000 сом

Жеңил жаракат алып, ден соолугуна зыян келсе – 100 000 сом

Жабырлануучунун унаасына ири зыян келсе компания 450 миң сомго чейин төлөп берет. Чыгым 450 миң сомдон ашып кетсе, калганын күнөөкөр өз чөнтөгүнөн төлөөгө милдеттүү. Тагыраагы, компенсацияда да лимит бар.

– Камсыздандыруу полиси канча убакытка жарамдуу?

– Негизи 1 жылга берилет. 1 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө алгандар да бар. Булар мезгилдик айыл-чарба иштеринде жүргөн дыйкандар же чет өлкөдөн келген жарандар. Аз убакытка алууда камсыздандыруу полисинин баасы кымбатыраак болот.

– Буга чейин өз эрки менен камсыздандыруу полисин алып жүргөндөр бар. Эми алар милдеттүү камсыздандыруу полисин да алышы керекпи?

– Эркин камсыздандыруу полиси менен милдеттүү камсыздандыруунун бири-бирине тиешеси жок. Эркин камсыздандыруу полиси айдоочунун өз унаасын камсыздайт, ал эми милдеттүү камсыздандыруу полиси бир айдоочунун айынан зыян тарткан башка айдоочунун мүлкүн камсыздайт. Милдеттүү камсыздандыруу полисин сөзсүз алыш керек. Ал эми эркин камсыздандыруу полисин аласызбы-жокпу, каалооңузга жараша.

– Камсыздандыруу полиси айдоочуга катталабы же унаагабы?

– Айдоочуга катталат. Камсыздандыруу полисин 4 адамга чейин жаздырып алса болот. Мисалы, бир унааны 3-4 киши айдаган учурлар бар. Же тескерисинче, бир үйдө 3-4 унаа болсо анын баарына камсыздандыруу полисин алуу керек. Эгер унааны камсыздандыруу полиси жок бирөө айдап жүрүп кырсыктаса, компенсация төлөнбөйт. Унаа башка бирөөнүн атына катталып, бирок унааны андан сатып алган бирөө айдап жүрсө, анда айдоочу унаанын мурунку ээсин таап, өзүнүн атына камсыздандыруу полисин жаздырышы керек.

– Кыргызстандан алынган камсыздандыруу полиси чет өлкөдө жарайбы?

– Жарабайт. ЕАЭБдин алкагына кирген 5 мамлекеттин камсыздандыруу полиси бирдиктүү болсун деген системди даярдап жатабыз, бирок качан ишке ашары белгисиз. Бул өтө татаал иш. Анткени ар бир мамлекеттин өзүнүн талаптары бар. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздеги тарифтер абдан төмөн. Орусияга, Казакстанга каттаган айдоочулар муну жакшы билишет.

– Камсыздандыруу полисин алууга кандай документтер керек?

– Айдоочулук күбөлүк жана инсандын өздүгүн тастыктаган документ – паспорт. Башка документ талап кылынбайт.

– Камсыздандыруу полисин албай койгондорго кандай чара көрүлөт?

– Унааңызды 2023-жылдын 1-апрелине чейин милдеттүү түрдө каттаганга жетишпей калсаңыз, жеке тараптар 3000 сом айып пул төлөшөт. 1-апрелден тарта МАИ кызматкерлери айдоочудан камсыздандыруу полисин да сурап башташат.

– Унаанын каттоосу чет өлкөдө болсо камсыздандыруу полисинин баасы канча болот?

– Мындай учурда камсыздандыруу полисин унааңыздын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша эки эсе кымбат аласыз.

– Үлгүлүү айдоочуларга стимул же жеңилдиктер барбы?

– Бир жыл бою унааны кырсыкка кабылтпай айдасаңыз, кийинки жылы камсыздандыруу полиси арзаныраак берилет.

– Техникалык көзөмөлдөн өткөрүлө элек унааларга камсыздандыруу полисин алса болобу?

– Болот, бирок диагностикалык карта жок болсо полис кымбатыраак болот.

– Жол кырсыгынан кийин айдоочу кайрадан камсыздандыруу полисин алышы керекпи?

– Жоопкерчилик лимити деген бар. Эгер айдоочу бир жылда 3 жолу кырсыкка кабылып, өзүнө чегерилген компенсациялардын баарын түгөтүп бүтсө жаңы полис алганга туура келет.

– Кырсыктын күнөөкөрү камсыздандыруучу компания төлөп берген компенсация менен кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетиши мүмкүнбү?

– Жок, кутула албайт. Кырсыктын күнөөкөрүнө кылмыш иши козголгон учурда деле камсыздандыруучу компания жабырлануучуларга компенсация төлөп берет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан