Улукбек Султанов башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды.
Чүйдө мектеп курууда 15 миллион сомду мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип 4 жаран кармалганы маалымдалды.
ИИМ: Бишкекте милиция кызматкери баңгизат колдонууга шектелип кармалды.
Билим берүү жана илим министрлиги “Мектептер агайларга муктаж” аттуу акция жарыялады.
Жаныбек Керималиев Кыргыз мал чарба жана жайыт изилдөө институтунун директору болуп дайындалды.
26-январда Бишкекке иш сапары менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев келери айтылды.
Орусияда Кыргыз жаранын тоноого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, алар да Кыргыз жарандары.
Бишкек-Ош трассасынын кооптуу жерлеринде кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иштери жүрүүдө.
Таластын Көк-Таш айылында үй жылытуу системинин меши жарылып, 33 жаштагы келин каза тапты.
Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу чиновниктердин чет өлкөдөн дарылануусуна тыюу салууну сунуштады.
2022-жылы өлкөдө 74 580 жаран пенсияга чыкканы айтылды.
“Коопсуз шаардын” камераларына көп түшкөн чет элдик автоунаалар текшерүүгө алынары кабарланды.
Ошто "Муслим" турак жай кооперативинин үстүнөн кылмыш иши козголду.
"Кыргызстанда "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун алгандардын саны азайды" деп маалымдалды.
Баткен облусунун аймагында 18-январда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
Курманбек Бакиев жубайынын каза болушуна байланыштуу көңүл айткан кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.
Бишкек шаары абасынын кирдиги боюнча кайрадан дүйнөдө алдыга чыкты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.