ЭРЕЖЕСИЗ МУШТАШТЫ ДАҢАЗАЛОО КРИМИНАЛДЫН КҮЧӨШҮНӨ САЛЫМ КОШУП ЖАТАБЫ?

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп сыпатталып 1199 жаран ИИМдин каттоосунда турат. Маалыматты 16-январда Бишкектеги маалымат жыйынында ИИМ жетекчисинин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. "Өлкөдө криминал менен күрөшүүгө ИИМдин күчү жетет",- деп кошумчалады Абдиев.

13-январда Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү ортосунда чыр чыгып, 1 адам бычакталып каза тапты. Дагы бири катуу сабалып ооруканада жатат. Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, аман калганы буга чейин жасаган кылмышы үчүн жазага тартылышы мүмкүн экенин ИИМ ырастады. Аталган кылмышка шектелип Кадырбек Досонов баштаган 5 адам кармалып, камакка алынды. Досонов буга чейин бир нече жолу соттолуп, кайра бошотулуп жүргөн. 18-январда кылмышка шектүүлөрдүн бири милицияга өзү келгени кабарланды. Калган шектүүлөрдү издөө уланууда.

Абдиев спортчулар кылмыштуу топко аралашып жатканы өкүндүрөт дейт:

– Алар өлкөнүн туусун көтөрүп, мелдештерде жеңиштерди жаратса сүйүнөт элек. Тилекке каршы, кылмыштуу топтун иштерине аралашып, биз аларды кармап, камап жатабыз,- дейт министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Оштогу 13-январдагы мыкаачылыкка шектелип кармалгандардын бири – эрежесиз мушташтын чебери Эламан Коргонбай уулу.

16-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында парламент депутаты Жаныбек Абиров кылмыш дүйнөсүнө аралашкан спортчуларды “Спорт чебери” сыяктуу наамдарынан ажыратууну сунуштады. Депутат Айбек Маткеримов спортчуларды каржылап мелдештерге катыштырууга, аларды туура эмес иштерге пайдаланууга саясатчылардын да тиешеси бар экенин айтат.

Коомчулукта криминалдын жайылышына спорттун ММА түрүн даңазалоо таасирин тийгизип жатат деген пикирлер айтылууда. Эрежесиз мушташ, кан жыттанган беттештер жаш муундун психикасын бузат деген коңгуроо ар дайым кагылып келет.

– Кан, агрессия жыттанган эрежесиз мушташтын кыйындарын жаштар идеал тутуп жатышат. Мунун эмнеси үлгү? Спорттун олимпиадалык түрүн пропагандалаш керек. Ошондой эле илим-билимде ийгилик жараткан адамдарды колдоп даңазалашыбыз зарыл,- дейт депутат Жанар Акаев.

Депутаттын айтканы жөндүү, жаш муундун жүрүм-турумуна агрессияны туу тутуп, даңазалоонун таасири тиери анык. Медалдын экинчи тарабы – эрежесиз мушташтын чеберлери эл аралык деңгээлде өлкөнүн атын таанытып келишет.

Айта кетсек, Кыргызстанда эрежесиз мушташтын чет элдик жылдыздарын президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттин жетекчилери өзгөчө сый-урмат менен тосуп алып, коноктоп узатышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан