ӨЛКӨДӨН ДОЛЛАРДЫ НАКТАЛАЙ АЛЫП ЧЫГУУГА ЧЕКТӨӨ КОЮЛДУ

Кыргызстандан доллар валютасын накталай алып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 16-январда маалымдалды. Максат – каржы-экономикалык коопсуздукту камсыздоо, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргоо. Чечимге ылайык, Кыргыз жарандары 10 миң доллардан ашык, чет элдик жарандар 5 миң доллардан ашык каражатты накталай алып чыга алышпайт. Эгер Кыргыз жарандары 10 миң доллардан ашык сумманы алып чыгабыз десе, анда лимиттен ашкан сумманын 10 пайызы өлчөмүндө төлөм кармалат. Долларды накталай чыгарып кетүүгө бөгөт коюу үчүн зарыл иштерди жасоо боюнча Мамлекеттик чек ара кызматына жана Бажы кызматына тапшырмалар берилгени айтылат маалыматта.

Парламенттин 12-январдагы жыйынында депутат Эмил Токтошев өлкөдө доллар тартыштыгы атайын жасалып жатышы мүмкүн деген пикирин билдирген.

– Орусияда валюта менен иштегендер Кыргызстандан долларды миллиондоп алып чыгып кетүүдө деген маалымат бар. Бул жерде атайын схема бар, текшериш керек. Былтыр бир ишкер Орусия аэропортунан 4 миллион долларын тоноткон, эл 1000 доллар таппай жатканда, ал анча сумманы кайдан алды?- деп суроо салган депутат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан