2022-жылы Эсептөө палатасы "Кумтөрдө" аудит жүргүзүп, жыйынтыгында ишканага күйүүчү майлар, азык-түлүк, тетиктер базар баасынан кымбат сатып алынгандыгы аныкталган. Бул факт боюнча "Кумтөрдүн" убактылуу жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк жана каржы директору Рыспек Токтогулов кызматтан бошотулган. Көп өтпөй Бөлтүрүк, Токтогулов, ишкананын дагы бир кызматкери кармалып, камакка алынган. Ал эми Канат Курмановго издөө жарыяланган эле.