АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Бирок сен адамдыгыңды сактап калдың, Айдай,- деди Илим. – Сени талантыңдан тышкары адамгерчилигиңден улам сыйлагандар көп. Адам катары сыйлагандар көп.

– Аркамдан кир суунун баарын төккөндөр да жок эмес,- деди Айдай жылмайып. – Кээде мен бул адамдарга эмне кылдым деп ойлоп кетем. Эч нерсе кылбасам деле ушунчалык оор жаза беришет. Оозго алгыс сөздөрдү айтышат. Менин байлыгымды, ойношторумду санашат. Мен чындап эркектен көңүлүм калса керек, сенден башка эч бир эркекти чын дилимден жакшы көрбөдүм.

Илим жылмайып койду.

– Эмне жылмаясың?

– Канча убактан бери мен сенден ушул сөздү күтүп жүргөм да.

– Сен акылдуу адамсың, канчалык сага сезимдерим таза экенин өзүң деле билип жүрсөң керек.

– Баары бир сенин оозуңдан уккан башкача сонун. Андан көрө экөөбүз жолуккан күндү айтып берсең...

– Мен башка бир адам менен жолукканы барган элем. Сенин концертиң болуп жатканын билгем, сыртыңдан таанычумун. Бир караганда эле мага бой көтөргөн адамдай сезилдиң. Атайлап интервьюга чакырдым.

– Автордук телеберүүм бар, ошого катышып берсеңиз кандай болот?

Сен чекеңди тырыштырып туруп жактырбай башыңды чулгуй бердиң.

– Менеджериме байланышкыла...

– Сиз жанымда турасыз го, эмнеге менеджер аркылуу сүйлөшөбүз? Азыр эле чечишип албайлыбы?

Жалт тиктеп алып бир нерсе дегиң келди да, кайра ушуга теңелемби дегенсип артка бурулдуң. Мен алдыңды торой бердим.

– Бет келише түштүк. Каректериң супсулуу экен. Өткүр да экен. Биринчи жолу аялдан жалтанганым ушул, чегине түштүм. Короздонгон бир журналист деп ойлодум алгач. Анан сен тууралуу интернеттен маалымат издесем, эл аралык сыйлыктарды жеңип жүргөн ар тараптуу журналист экенсиң. Ичимден сыйлап калдым. Интервьюга макул болдум.

– Ошол интервьюдан башталды баары...

– Сары көйнөк кийип келгенсиң. Чачыңдын жасалгасы, андагы сөздөрүң баары эсимде. Алгач аябай жакын дос болуп калдык. Кийин эмнегедир сени достон да жакын көрө баштадым. Жаныңда эле болгум келе берчү болду. Сезимдеримди сен да биле баштадың.

– А мен алгачкы күндөн баштап эле билгем. Аялдык туюм күчтүү болот деген чын эмеспи.

– Аның чын. Бирок продюсериң аябай каршы чыкты окшойт, ээ, сезимдериңе?

– Агай мени баарынан кызганчу. Кээде мага деген сезимдери бар болду бекен деп ойлоп кетчүмүн. Көрсө, мен болгону ал жасагысы келген оюндагы идеалы, образ гана экем. Болгондо да сүйгөн аялынын образы. Айдай Иман эсиңдеби? 90-жылдардагы жылдыз...

– Албетте, чырайы келишкен, мыкты ырчы эмес беле?

– Ошол кыз агайдын сүйгөнү болгон экен. Баңгинин курмандыгы болуп жапжаш кезинде жылдызы өчүптүр. Айрымдар тааныйт азыр деле... Бир жолу агай мени аябай эзди. “Ал жакка барба, муну менен сүйлөшпө, музыка менен гана алек бол” дей берди. Өзүм да кыйналып жүргөм, бир күнү ачык сурадым.

– Агай, мен сиз үчүн киммин?

– Шакиртимсиң. Эмне болду?

– Менчигиңиздей сезип кетем өзүмдү... Эмне мынчалык кыйнаганды жакшы көрөсүз? Туура, көп нерсе кылдыңыз мен үчүн, бирок ашыкча эле...

– Жашоомо мурдуңду тыкпа дечи,- деди ал мурчуюп.

– Жок, антип айтайын деген жокмун, бирок мен сизди жакшы түшүнө албай турам.

Акылдуу адам да, мен эмнени сурай албай жатканымды билди. Акырын далымдан таптап койду. Оор үшкүрдү да, телефонунан бир сүрөт көрсөттү.

– Бул ким, тааныйсыңбы?

– Ырчы болуш керек эле...

– Ооба, аябай таланттуу ырчы болчу. Кыргызда андай таланттын ээси аз. Айдай Иман! Мунун атын сага эмнеге бердим, билесиңби?

– Жок, бул адамдын атын бергениңизди да билбейт болчумун. Сиз Айдай болосуң дедиңиз, мен болдум.

– Айдай – мен ашык болгон алгачкы да, акыркы да аял. Жүрөгүмдү мындан башка эч бир аял ача албады.

– Жеңечи?

– Жеңеңби? Жеңең балдарымдын апасы, жан шеригим, досум, оң колум. Бирок чыныгы ашыктык деген башка. Менин ырларымда, обондорумда бир муң жатканын сезесиңби? Ошонун баары Айдайга арналган. Менин музам да ошол болчу. Экөөбүз чогуу окучубуз. Чыгармачылыкты чогуу баштадык. Бирок анын жылдызы бат жанып кетти, кээде ошондой болот. Тез элге алынып кетип, тең салмактуулукту жоготуп алды. Атактуулук, акча аны катуу азгырды. Туура эмес чөйрөгө аралашып алып, ошонун курмандыгы болду. Артынан чуркап жүрдүм, жалдырап, жалынып жүрдүм, болбоду. Сактай албадым. Жапжаш кезинде бул дүйнө менен кош айтышып кетип калды. Мен үчүн жашоо токтоп калгандай болду. Ызам менен чыгармачылыкты таштап кетким да келди. Бирок мен кеткенде бирөөнүн бир нерсеси коромок беле. Тескерисинче, мен аны ырларымда жашатайын деп чечтим. Болгон күчүм менен музыкага кириштим. Албетте, жаман болгон жок. Көп ийгиликтерге жетиштим. Эң кызыгы, мени бул ийгиликтерге Айдай жетеледи. Ал менин бүтпөгөн жарам. Ошону менен жашап өтүп кете турган болгонумда Жараткан мага сени жолуктурду. Сен да ошондой жалгыз болчусуң, караңгылыкта калгансың. Мен аны сактай албадым, бирок сени сактап калгым келди. Бар күчүм менен кириштим сени кайра жаратканга. Атыңды да Айдай деп атадым, болгону Иманова деп фамилияңды өзгөрттүм. Сени сактап калганым үчүн сыймыктандым. Сени Айдай кылдым! Азыр жинденип жатасың, эркин болгуң келип жатат. Бирок, бил, эркиндик – даамын татып алсаң кыйын нерсе. Эркиндикти алыш үчүн жоопкерчиликти да кошо алыш керек. Азыр жолуңдан түрдүү адамдар чыгат. Бал сөздүүлөр да, акчасы көптөр да, башкасы да. Кээде алар сени жөн гана ушалап туруп ыргытып жиберишет. Айдайды да ошентишти. Аны атайын жолдорунан алыш үчүн эле баңгиликти үйрөтүп, өлтүрүп тынышты. Эмнеге сенин ар бир адам менен сүйлөшкөнүңө чейин кийлигишем? Сенин талантыңа балта чаба тургандар, ошону каалап тургандар көп. Сени түз бара жаткан жолунан адашпасын деп тыйган учурларым көп болот.

Агай мага ушуларды айтты. Анын Айдайга болгон ашыктыгы чын эле башкача болчу. Бир маалда көздөрүнө тике карап сурадым.

– Айдайды да башкаларга салып бере алат белеңиз, агай? Мисалы, мени “сүйлөшүлгөн” деген адамдарыңызга жибергендей, аны да жиберет белеңиз?

Агай бир топко ойлонуп турду да, жылмайды. Оор улутунуп алды.

– Жаакка чапкандай сүйлөйсүң кээде, мага ошонуң жагат. Сен ачыксың, өжөрсүң, ушул сапатыңды баалайм. Ооба, Айдайды да ошондой адамдарга жибергенге аргасыз болдум. Мен аны ошончолук сүйсөм да, карьерасы үчүн мажбур болдум. Бирок Айдайды ошону менен өзүмдөн алыстатып алганымды кийин билдим. Ал мени кечирген жок. Балким, ошол жоругум аны башкаларга түртсө керек. Мен периште эмесмин, менин да кемчиликтерим бар. Мисалы, атак-даңкты жакшы көрөм. Эмнеси болсо да Айдай мени өмүрү кечирген жок. Менин эмне үчүн ал ишти кылганымды билген жок. Бирок сен акылдуу кызсың, мага анчалык таарынбайсың деп ойлойм.

– Айдайдын ордунда болсом мен да кечирмек эмесмин сизди? Эркектер, силер башкачасыңар. Билими барың, атактууң деле сындырып, кыйратып кете бересиңер.

– Туура айтасың, мен Айдайды ошентип жоготуп алгам. Сени коргош үчүн аракет кылып жатам, таарынба мага.

– Мен сизге таарынбайм, бирок мен жолумду билем. Күчтүүмүн, анча-мынчага алдыра койбойм.

Агай мени чын эле ар тараптан коргогусу келчү, балким, ошол сүйгөнүн коргой албай калгандан улам болсо керек. Каза болордо да көп жолу мени чакырып алып кийинки пландарыбыз тууралуу айтты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан