СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Волейбол боюнча өлкө чемпиондугу өтүп жатат

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 16-январь күнү волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын XV ачык чемпиондугу старт алды. Мелдешке эркектер жана кыз-келиндер арасында Улуттук жана Жогорку лиганын клубдук командалары катышууда.

Жалпы 23 команда, эркектер арасында Улуттук лигадан 8, Жогорку лигадан 8, кыз-келиндер арасында 7 команда күч сынашууда.

Чемпиондук 22-январга чейин уланат. Валентина Шевченконун кийинки атаандашы аныкталды

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко буга чейин кийинки беттештерде бразилиялык Аманда Нуньес, кытайлык Вейли Чжан менен беттешүүнү каалай турганын билдирген. Учурда анын атаандашы аныкталганы жарыяланды. Ал мексикалык Алекса Грассо менен беттешке чыгат.

Шевченко муну менен сегизинчи ирет чемпиондук титулун коргойт. Ал чемпиондук курга 2018-жылы Жоанна Енджейчикти жеңип ээ болгон. Ал эми акыркы беттешинде бразилиялык Тайла Сантосту жеңген.

Белгилей кетсек, мушкер кыз учурда Кыргыз жергесинде машыгуусун улантууда.

Немат Абдрашитов титулдук беттеш өткөрөт

Кыргыз мушкери Немат Абдрашитов Brave CF уюмунун алкагында чемпиондук титул үчүн күч сынашат. Беттеш 3-мартта Израилдин Тель-Авив шаарында
Brave CF 70 турниринде орун алат. Анын атаандашы уюмдун учурдагы чемпиону, орусиялык Роман Богатов болот. Абдрашитов бул уюмда өткөргөн 3 беттешин тең нокаут менен уткан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан