Айтурган Эрмекова, ырчы: “АЧЫЛЫП- ЧАЧЫЛЫП СЫРЫМДЫ АЙТПАЙМ”

Бийлегени, ырдаганы, тыңдыгы менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бура алган ырчы Айтурган Эрмековага ар кандай маанайдагы суроолорду узаттык. Адатынча, ырчы айым ачык-айрым жооп берди.

– Айтурган, салам! Эгер бийлей албасаңыз элге азыркыдай таанылмак белеңиз?

– Баарыңыздарга салам! Жеке ырчы катары чыкканыма 10 жыл болуп калды. Ырчы болуш оңой эмес, оор. Канчалаган көз жаш төгүлдү, элден жаман-жакшы сөздөрдү уктук, бут тосуулардан өттүк. Бийлегеним, харизмам менен элди өзүмө тартып алдым десем болот. Үнүмдү, ыр тандоодогу табитимди да жокко чыгарбаш керек.

– Өзүңүздү жылдыз сезесизби?

– Өзүмдү эч качан жылдыз сезген эмесмин. Жөнөкөй үй-бүлөнүн кызымын, жөнөкөйлүктү биринчи орунга коём.

– Шоу-бизнесте ким абдан мактанчаак?

– Баланча көп мактанат дей албайм. Кээде маек учурунда журналисттер сураган нерсени айтып берсек, эл бизди мактанып жатат деп кабыл алат экен. Андыктан акыркы учурда көп “мактанбай” калдым. Биз эл адамы болгондон кийин бардык суроолорго жооп беришибиз керек. Болгонун болгондой эле айтабыз.

– Сизди таланты менен суктандырган ырчы ким?

– Чет элдик ырчыларга суктанам. Аларда шоу-бизнес өнүккөн. Тарткан клиптери жогорку деңгээлде, музыкага болгон табити мыкты. Женнифер Лопеске, Бейонсеге, Өзбекстандын ырчысы Муниса Ризаевага суктанам. Биздин ырчылардан Гүлнур Сатылганова, Роза Аманова, Кундуз Таштаналиева, Сыймык Бейшекеев, Бек Борбиев суктандырат.

– Шоу-бизнестен эң жакын дос күтсө болобу?

– Шоу-бизнесте жакын курбу күтүүгө болбойт. Айымдарга белгилүү болуш керек, көрө албастык, кызганыч, бут тосуу, атаандаштык болуп кетип, достук бузулушу мүмкүн. Курбуларым бар, бирок ачылып-чачылып сырымды айтпайм.

– Сулуулук жашоону жеңилдетеби же оорлотобу?

– Сулуулук ички дүйнөдө. Ал эми сырткы сулуулукка баа бербейм, көңүл бура бербейм. Сулуулукка умтулуп, пластикалык операцияларды жасаткан адамдардын катарын толуктабайм. Менин да сулуулугум ички дүйнөмдө. Ал элге сезилет экен. “Жылдызыңыз, нуруңуз бар, жөнөкөйсүз” дешет. Мага ушул жетет.

– Тың көрүнөсүз...

– Айланамдагылар “тыңсың, күчтүүсүң, элпексиң” дешет. Мындай сөз угуу жагымдуу. Аны уккан сайын мындан да күчтүү болууга аракет кылам. Бирок аялбыз да, миң күчтүү болсок деле жаныбызда бизден да күчтүү мырзанын болушун каалайбыз. Андыктан үй-бүлөдө алсызмын.

Бетке айтам деп жапа чегип калган учурлар көп болобу?

– Дайым бетке айтып жаман көрүнөм. Артынан сүйлөгөндөн көрө бетине айткан жакшы да. Баарыңарга ушуну сунуштайт элем.

– Пендебиз да, кээде сиздин деле кимдир бирөөлөргө ичиңиз күйүп кеткен учур болобу?

– Ооба, адамбыз, кээде шайтан азгырат. Ич күйдүлүк башымдан көп өткөндөн улам болсо керек, азыр бирөөгө ич күйдүлүк кылбайм. Бирөөнүн жакшылыгын көрсөм, “бизге да жуксун, азаматтар” деп коём. Ич күйдүлүктү аябай жаман көрөм.

– Комментарийлерде “өзүңдүн ырларыңды качан ырдайсың?” деп сурагандар көп...

– Жалгыз мен эмес, ырчылардын баары эле башкалардын ырларын ырдашат. Биз аткаруучубуз, андыктан өзүбүз каалаган, жан дүйнөбүзгө жаккан ырды ырдайбыз. Кааласак чет элдикин, кааласак Гүлжигит Сатыбековдун же Бек Борбиевдин ырларын ырдайбыз. Мен-мен деген ырчылар деле улуу муундагы белгилүү ырчылардын ырларын жаңыртып ырдап жүрүшөт. Балким, алардыкы популярдуу болбой калгандыктан анча маани бербей калышат. Мен чет элдик ырчылардын ырларын ырдаганда хит болуп, тойлордо көп жаңырып жүрөт. Өзүм жаздырган ырларым да бар, аларды деле уксаңыздар болот.

– Күйөрмандарыңыздан келген эң чоң белек эмне болгон?

– Күйөрмандарымдын өздөрү белек мен үчүн. Алардан келген ар бир белекти баалайм. Баасын сурап жаткан болсоңуз, чет өлкөдө жашаган күйөрманым Айфон 14 белек кылды.

– Негизгиси акчабы же атак-даңкпы?

– Даңк деле, акча деле маанилүү эмес. Негизгиси ден соолук.

– Сүйүү акча менен бекемделет дегенге кошуласызбы?

– Кошулбайм. Бир туугандар арасында, сүйүүдө акча маселе болбошу зарыл, ал үчүн урушпаш керек. Сүйүүсү акча менен бекемделген үй-бүлөлөр болушу мүмкүн. Бирок бизде андай эмес.

– Сиздин оюңузча “подкаблучник” эркек кандай болот?

– Аял менен күйөө бири-бирин сыйлашы керек. Ошондо сүйүү болот. Жолдошу аялына жакшы мамиле кылса, жардамдашса, аны “подкаблучник” деп сындагандар өкүндүрөт. Аялга жакшы мамиле кылсаң, ал гүлдөй ачылып, эркекке андан он эсе жакшы мамиле кылат.

– Таарынчаак мырзалар жөнүндө пикириңиз кандай?

– Эркек кишиге таарынган такыр жарашпайт. Таарынбай эле жүрө беришсин.

– Өзүңүз тууралуу сырттан уккан кандай маалымат сизди таң калтырган?

– Аябай таң кала турган деле маалымат уга элекмин. Азыр эсиме түштү, мен тууралуу “жолдошунун башын айландырып тийип алган” деген сөздөр айтылыптыр. Ушул сөздү укканда таң калгам. Тескерисинче, Дамир менин башымды айландырып сүйдүрүп алган. Ушуга ыраазымын, бактылуумун. Жакшы эле башымды айландырган экен. Өтө жакшы инсанга туш келдим. Дамир деле мага ыраазы, Кудайга шүгүр, бактылуубуз. Артыңдан сөз кылышса, демек, сен алардан алдыда баратасың деген сөз бар эмеспи.

– Маегиңизге рахмат. Үйдө да, жумушуңузда да баары жакшы болсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Daty
2023-02-03 08:28:00
Молодец
0
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан