19 ЖАШТАГЫ КЕЛИН КАЗА БОЛДУ. Дарыгерлердин шалаакылыгыбы?

Жакында Ысык-Ата районунда 19 жаштагы келин – Нурайым Ишенбекованын төрөттөн каза болуп калгандыгы тууралуу кабар тараган. Редакциябызга аты аталган келиндин жолдошу Бексултан Төрөгелди уулу кайрылып, окуяга дарыгерлердин шалаакылыгы себепкер деп билдирди. Окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк.

Бексултан Төрөгелди уулу: «КЕЛИНЧЕГИМ ВРАЧТАРДЫН ШАЛААКЫЛЫГЫНАН КАЗА БОЛДУ ДЕП ЭСЕПТЕЙМ»

– Жубайым Нурайым экөөбүз 2021-жылы 26-декабрда баш кошконбуз. Үч айдан кийин келинчегим кош бойлуу болуп, кубанычыбызда чек жок эле. Баары жакшы болчу, ооруган жок, токсикозу деле жеңил өттү. Башында гемоглобини төмөн эле, төрөөргө жакын нормага келген.

2023-жылы 2-январдан 3үнө караган түнү “ичим ооруп жатат” деп мени ойготту. Шашылып, бир тууган жеңемди кошуп алып Канттын төрөт үйүнө саат 3төрдө бардык. Карантин экен “шериктеш төрөт” дегенге бизди киргизген жок. Эртең менен саат 9дарда жубайым чалып “кыздуу болдук” деп сүйүнчүлөдү. Баланын салмагы 3 килограмм 650 грамм экен. Табигый жол менен төрөдү. Анан “гемоглобиним түшүп кетиптир” дегенинен дары алып барып бергем. 6-январь күнү жубайымды үйгө чыгарып келдик. Абалы орто болчу, дааратканага баргандан кыйналып жаткан.

Анан 8-январь күнү кечинде дене табы көтөрүлө баштады. Парацетамол берип түшүрдүк. Эртеси кайра көтөрүлгөгүнөн айылдык оорукананын медайымын чакырып келсек, ал “дароо УЗИге түшкүлө да жообун айткыла” деди. Келинчегим УЗИге түштү, жакшы эле дешти. Канттагы ооруканадан гинеколог, хирург текшерип, рентгенге тартышты. “Баары жакшы” деп 2 свеча берди, анан “температура көтөрүлсө парацетамол берип кой, тамагы кызарып калыптыр” дешти. Ошентип тамагынан экен деп үйгө келдик. Шейшемби күнү дене табы абдан көтөрүлүп, кайра ооруканага бардык. Негизи 9-январь күнү – ооруканага алгачкы барганыбызда эле ичте калып калган тон же кан ириңдеп баштаган экен. 11-январь күнү Канттын ооруканасынан келинчегим эс-учун жоготуп жыгылып, реанимацияга алып келишти. “Бишкектен санавиация чакырдык” дешкен, кайра “санавиация келбей калды, “Тез жардам” унаасы келмек болду” деп айтышты. “Өзүбүз эле Тез жардам чакыралы анда” десек, “жок, биз Ивановканыкын чакырып койдук” дешти. Ошентип ал жакта кечке кармап, анан түштөн кийин “Тез жардам” келип, келинчегимди алып кетти. Келинчегим ошол маалда мени көзү менен издеп жаткан. Байкушум, көрсө, коштошуп жаткан экен да (ыйлап).

“Тез жардамдын” артынан Бишкектеги Мамакеев атындагы ооруканага барсам жеңем буркурап ыйлап жатыптыр. Келинчегим каза болуп калыптыр. Жубайым врачтардын шалаакылыгынан каза болду деп эсептейм. Кант шаардык ички иштер башкармалыгына келинчегимдин эжеси арыз жазды, экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Экспертизадан ичинен ириң чыкканы анык, так маалымат бир айдан кийин билинет экен.

Райхан Айдарбекова, каза болгон келиндин кайненеси: «ВРАЧ АЯБАЙ КЕЧ КЕЛДИҢЕР, БЕЙТАПТЫ АЯБАЙ КЫЙНАПСЫҢАР ДЕПТИР»

– 9-январь күнү Кантка барып көрүнгөндө врачтар “ичи катып калган” деп 2 свеча бериптир. Эртең менен “курсагым ачып жатат” деди. Шорпо ысытып берсем, 3-4 кашык эле ичти. Шорподон тажап калдыбы деп ботко жасап берсем, андан деле 4 кашык араң жеди. Көп өтпөй капкара бир нерсе кусуп жиберди. Дароо Канттагы ооруканага алып кетишти, мен неберемди карап үйдө калдым. Улам чалып кабар алып жаттым, “текшерип жатышат”, “тамчылатма дары алып жатат”, “Тез жардам” күтүп жатабыз” деген жоопторду айтып жатышты. Бир кезде Бишкекке баратабыз дешти. Келиним Мамакеев ооруканасына барганда эле каза болуп калыптыр, врач “аябай кеч келдиңер, бейтапты аябай кыйнапсыңар” дептир.

Балам менен келиним сүйүшүп баш кошушкан. Келиним жагымдуу, сүйкүмдүү жан эле, кызымдай эле көрдүм. Таякелерим, келиндерим, абысындарымдын баары “Нурайка” деп жакшы көрүшчү. Нурайым деп да айткан жокмун, Нурайка дечүмүн. Эми кимди Нурайка деп чакырам (ыйлап)? Эмне кылайын эми, 10 күндүк неберем энесиз калды.

Дарыгерлер жаш, биринчи төрөтү деп жакшылап текшерип анан чыгарышса болмок да. Келинимди жерге бергенден кийин Канттын 20 врачы келиптир. "Кана ошол текшерген гинеколог?" деп кыйкырсам “ал келген жок” дешти. Ичинде тон калып, ириңдеп кеткен деп шектенип жатабыз. Кудагыйым боздоп, атасы дагы деле өзүнө келе албай отурат. Эми неберемдин өмүрүн тилейбиз. Улуу келиним баланы эмчектен чыккыча багып берем деди.

«РЕАНИМАЦИЯГА КИРГЕНГЕ ЧЕЙИН ЖАНЫНДА ЖҮРДҮМ»

Ысык-Атанын Интернационал айылындагы Үй-бүлөлүк медициналык борбордун медайымы Бактыкан Тоялиева буларды билдирди:

– Нурайым кош бойлуулуктун 15-жумасында келип каттоого турган. Кош бойлуу мезгили жакшы өттү, убагында анализдерди тапшырып жатты, баары жакшы болчу. Болгону анемия болуп, төрөгүчө гемоглобинин көтөргөнбүз. 3-январда төрөдү, төрөтканадан чыккыча улам чалып, “өзүңдү, балаңды жакшы кара, жылуу жүр” деп сунуштамаларды бердим. Ортодо дем алыш күндөр болуп калды. 9-январда барып баласын текшердим, абалы жакшы экен, келиндин бир аз температурасы бар эле. “Ичиң ооруп жатабы?” десем “ылдый жагы бир аз ооруп жатат” деди. Мен “дароо УЗИге түшүп, гинекологго баргыла” дедим. Кийин чалсам “текшерилдим, баары жакшы дешти” деди. 10-январда да байланышканбыз, анда да жакшымын деген. Эртеси, 11-январда эртең менен үйүнө чакырышты. Барсам температурасы жок экен, бирок шалдырап, тердеп калыптыр, ичи да көөп туруптур. “Табарсыктын тушу ооруп жатат” дегенинен, врачка чалсам “дароо ооруканага алып баргыла” деди. Канттагы ооруканага барып хирургга тапшырып бердим. Реанимацияга киргенге чейин жанында жүрдүм. Хирург көрүп эле “не проходимость” деп айтты, УЗИге, рентгенге түшүрүп, түштө реанимацияга кирген.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы:

– 2023-жылдын 11-январында Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына 1992-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран аймактык оорукананын дарыгерлерине чара көрүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган. Дарыгерлердин кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгынын кесепетинен анын сиңдиси, 2003-жылы туулган И.Н. аттуу жарандын каза болгондугун айткан.

Бул факты боюнча 2023-жылдын 12-январында Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-пунктунда каралган кылмыштын белгилери (медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул окуя боюнча бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Учурда кылмыш иши боюнча ар тараптуу жана объективдүү иликтөө иштери жүрүп жатат, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен “бул окуя боюнча атайын комиссия иликтөө иштерин жүргүзөт” деп билдиришти.

Окуя адилеттүү иликтенет, эгер келиндин өлүмүнө дарыгерлердин шаалаакылыгы же кайдыгерлиги себеп болсо, күнөөлүү тараптар мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылат деп ишене туралы.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан