Алтынбек Ажалиев, куудул: “ПАРОДИЯНЫ САЯСАТЧЫЛАР ДЕЛЕ ТУУРА ТҮШҮНӨТ”

Окуучу кезде “Жоролор” тобунун сатираларын кызыгып көрчүмүн. Көрсө, ал сатиралардын автору куудул, пародист Алтынбек Ажалиев экен. Учурда президент Садыр Жапаров баш болгон саясатчыларды туурап жүрөт. “Ашпозчулукка кызыгам, устачылык өнөрүм бар” деген куудулдун маегине көз чаптырыңыз, окурман.

“Куудулдук жолдо “Жоролордон” мен эле калдым”

– Азыр интернет баарын басып кетти, мурункудай гастролдор жок. Пандемияга чейин маал-маалы менен концерттерди коюп турчубуз. Пандемиядан кийин көп нерсе өзгөрдү. “Жоролор” тобу тарап кетти, Жылдызбек Абдраимов Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Эсенбек Кыдыршаев “Дордой” базарында соода менен алектенип кетти. Мирлан Баековду болсо мурун эле ырчылыкка учурганбыз. Бороонго көкүрөк тосуп куудулдук жолду аркалайын деген мен эле калдым окшойт. Адам, өнөр деле товар сыяктуу экен да. Өзүңдү жарнамалап өткөрүшүң керек. Биз мурунку агайлар салып кеткен жолго ыңгайлашып калыптырбыз. “Заманың бөрү болсо, бөрү бол” деген кеп бар эмеспи. Заманбап технологияны үйрөнүп, өзүмдү өстүрүп, замандын агымы менен агышым керек болуп жатат. Бирок азыр социалдык тармакта катталуучу топтош үчүн айбандын ишин кылгандар бар экен. Тикток, Инстаграмды деле тарбиялык нукта, жакшы жагына пайдаланса болот да.

“Ашпозчулукка абдан кызыгам”

– Кечээ эле Эсенбекке жолугуп, бир тайпалаш кызыбызды кошуп кайрадан жанданалы деп сүйлөштүк. Андан тышкары бир идеяны ишке ашырып көрөйүн деп жатам. Ашпозчулукка абдан кызыгам. Интернеттен бул жааттагы видеолорду көп көрөм. Чучук, быжы, жөргөм жасап, койдун башын бышыргандан ырахат алам. Ушундай улуттук тамактар жасалган кафе иштетейин деп жатам. Койдун башын бузуу деле кызыктуу да. Куудулдуктан тышкары тамадалык кесипти аркалап келем. Айылда малым бар, аларды карашып, чөп-чарын жыйнашып турам. Андан тышкары устачылык өнөрүм бар. Үйдүн пайдубалынан тарта чатырына чейин жакшы билем. Туугандарым мени ток пейил деп коюшат, эч качан жулунбайм, бирок ачка калбай, эл катары кадимкидей эле жашай берем.

“Актёр, актрисалар өзүн тууратып күлүп калышчу”

– Абдылда Иманкулов, Майрамбек Осмонов, Союзбек Сейитказиев, Болсунбек Стакеев, Таласбек Кашкариев, мен Токтогулдун Толук деген айылынан болобуз. Бул айылдан чыккан таланттар көп. Мектепти бүткөндөн кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдындагы окуу жайга тапшыргам. Заманыбыздын залкарлары менен аралашып чогуу иштеп, Дүйшөн Байдөбөтов, Акылбек Абдыкалыков, Назым Мендибаиров өңдүү белгилүү актёрлордон сабак алып, спектаклдерде массовкага көп эле катышып жүрдүм. Ошол кезде эле актёр, актрисаларды туурап жүрчүмүн. “Мени туурачы” деп тууратышып каткырып калышчу. Айрымдарын такыр туурай албайсың да, “сиздин үндү таба албай жатам” десем таарынышчу.

2-курста окуп жүргөндө “жылдыз” болом деп Жакут Сыдыковго кошулуп гастролдоп кетип калгам. Ал учурда “Бешилик”, “Орок-балка” деген топтор абдан популярдуу эле да. Ошентип бир жылдай окуум үзгүлтүккө учурап, кайра уланттым. Окууну бүткөндөн кийин Сыймык Бейшекеев менен иштешип калдым. Сыймык байке менен көп жерди кыдырып, көп нерсе үйрөндүк. Ошентип жүрүп “Жоролор” тобун түзгөнбүз. Биздин интернетибиз диск болчу да, бизди көпчүлүк DVD диск аркылуу тааныды. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетине тапшыргам. Бир курсум калган, бүтө албай жүрөм. Мен өзү ушинтип майын чыгарып шашпай окуйм (күлүп).

“Мени туурабай жүр дешкен эмес”

– Бирөөнүн үнүн окшоштуруп тууроо – табияттан берилген сейрек кездешүүчү талант. Туш келген эле киши туурай албайт, миң жолу аракет кылса да ары жагында тубаса талант болбосо мүмкүн эмес. Саясатчылар деле пародия жанрын туура кабыл алышат. Мен туурап жүргөндөрдүн эч бири “мени туурабай жүр” деген эмес.

“Жаныбек Алыкулов жакшы кеңеш берген”

– Жаныбек Алыкулов агабыз Аскар Акаевди туурап чыкканын бир жолу сыналгыдан көрүп калгам. Аны кайталап мен да Акаевди туурай берчүмүн. Жөндөмүм ушундан улам ойгонуп кетти окшойт. Бир жолу айылдагы бир концертте айыл өкмөт башчысын туурап чыккам. Ыраматылык Жаныбек агай (ред.: Алыкулов) “сен жакшы туурап жатасың, бирок чыгармаң чала болуп жатат, адегенде айтчу текстиңди жакшы даярдап ал” деп кеңеш берген эле. Экөөбүз иштешип жүрдүк, “сени сахнада жалгыз туруп алып 2 саат сүйлөй турган кылам” деп мени таптап жүргөндө көзү өтүп кетти.

“Жоролор” ойногон сатиралар мага таандык”

– Көпчүлүк куудулдар тамашаларды башкалардан көчүрүп алышат да. Өзүбүздүн салттуу сатираны алып жүрүүчү катары Күмөндөр Абыловдун сатираларын жактырам. Окуучу кезде эле ырларга пародия жазып жүрчүмүн. Ал пародиялар дароо айылга тарап кетчү. Мактанып жатат дебес, “Жоролор” тобу ойногон сатиралар бүт эле мага таандык. Идеяларды турмуштан алабыз да, азыркы тапта да “Мыскыл жана тамашага” сатира даярдап жатам.

“Кыз деген башкача болот экен, эмитен эле бактысын тилеп жатам”

– Театрдагы окуумду бүтүрүп, 2007-жылы үйлөнгөм. Келинчегим менен театрдан, бир тайпалашым аркылуу таанышып калганбыз. Ал кезде уюлдук телефон деген жок, анын сөзүн мага, меникин ага айтып барып, ортодо ошол тайпалашым жеңелик чоң кызматты аткарчу. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук, 2008-жылы уулдуу болуп атын Элаалы койгонбуз, 14 жашка чыгып калды. 2011-жылы экинчи уулум төрөлдү, аты Исхак. 2019-жылы кыздуу болуп, ысымын чоң энемдин атынан Насыйкат деп койдук. Учурда 4 жашка чыгайын деп калды. Кыз деген башкача болот экен. Кыздуу болгону жубайыма да мамилем өзгөрдү. Мурун чарт-чурт этип, бир нерсе сураса түз жооп бербей эле бир нерсе боло берчүмүн. Эмитен эле кызым келечекте жакшы жолдошко жолукса экен деп тилеп жатам. Келинчегим уз, иш билги, кийизден куурчактарды жасап сатчу. Азыр ал өнөрүн узчулукка кызыккан кыздарга үйрөтө баштады.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан